Menu

Чаткалда эки адам спирт ичимдиктеринен ууланып каза болду, буга байланыштуу айыл-тургундары 40 миң сомдук алкоголдук ичимдиктерди жок кылышты

Бөлүшүү:

Чаткалда эки адам спирт ичимдиктеринен ууланып каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар Чаткалдагы тургундарга шилтеме берүү менен билдирет.

Бул маалыматты айыл башчысы Айгыр-Жал Кайнар Рысбай уулу тастыктады. Анын айтымында, кырсыктын фактылары 25-декабрда катталган.

«Каза болгон эки тургун 44 жашта болчу. Ошол күнү алар чогуу спирт ичимдиктерин ичишкен. Андан кийин 4-5 сааттын ичинде каза болушкан. Туугандары аларды спирт ичимдиктерине ууланган деп жатышат, бирок азырынча кандай спирт ичимдиктерин ичишкени белгисиз. Жакындары соттук-медициналык экспертизадан баш тартып, милицияга кайрылышкан жок», – деди айыл башчы.

Ал кошумчалагандай, мындай кырдаал айыл тургундарын алкоголдук ичимдиктерди жок кылуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө түрттү. Буга байланыштуу Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Кызыл-Токой айылында 40 миң сомдук алкоголдук ичимдиктер жок кылынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: