Menu

Орусиянын шаарларында оппозициячы Алексей Навальныйды колдогон пикеттер өтүүдө

Бөлүшүү:

Владивосток шаарындагы пикет. 26-декабрь, 2020-жыл

27-декабрда Санкт-Петербургда оппозициячы Алексей Навальныйды колдогон жалгыз кишилер катышкан бир нече пикеттер өттү. Ага чейин Навальный өзүн ууландырууга Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) өкүлдөрүнүн тиешеси бар экендиги тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

«Эхо Москвы» радиосу пикеттер калаанын борбордук бөлүктөрүндө өткөнүн билдирди. Катышуучулар колдоруна президент Владимир Путинди сындаган плакаттарды жана көк түстөгү ич кийим (иликтөөдө уу Навальныйдын ич кийимине себилгени айтылган) кармап чыгышкан.

Маалыматтарга караганда, акция катышуучуларынын эч кимиси кармалган жок. Бирок полиция кызматкерлери алардын жеке маалыматтарын жазып алып, коронавируска байланыштуу киргизилген «жогорку даярдыктагы режимди» бузуу үчүн жоопкерчилик каралганын эскертишти.

Активисттер ишемби күнү да Петербургдагы ФСБ имаратынын алдында акция өткөрүшкөн. Алар имараттын кире беришиндеги тепкичке ала келген кийим-кечелерди таштап кетишкен. Акция тууралуу билдирүүдө кийимдер ФСБга «жуудуруу үчүн» алып келингени айтылган. Навальныйдын иликтөөсүндө атайын кызматтын өкүлү делген Константин Кудрявцев «Новичок» затынын издерин кетирүү үчүн оппозициячынын ич кийимин жууганын айткан.

Буга чейин Навальныйды колдогон пикеттер Владивостокто, Уфада жана башка бир нече шаарда өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: