Туриндин “Ювентус” клубунун жана Португалиянын курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Globe Soccer Awards сыйлыгында “Кылымдын мыкты футболчусу” номинациясына ээ болду.
Маалыматка ылайык, Роналдуга сыйлык 27-декабрда БАЭнин Дубай шаарында өткөн салтанат учурунда тапшырышкан.
Белгилүү болгондой, бул наамга “Ливерпулдун” чабуулчусу Мохаммед Салах, бразилиялык футболчу Роналдиньо жана “Барселонанын” капитаны Лионель Месси ат салышкан.
Ошондой эле, Globe Soccer Awards версиясы боюнча Манчестер Сити клубунун учурдагы машыктыруучусу Хосеп Гвардиола кылымдын мыкты машыктыруучусу деп табылды. Ал эми 2020-жылдын футболчусу Мюнхендин “Бавария” командасынын жана Польшанын курама командасынын чабуулчусу Роберт Левандовски болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ