Menu

Бүгүнкү жаштардын баалуулуктары жана эртеӊки өлкөнүн келечеги

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы бүгүнкү жаштардын абалы, жашоого болгон көз карашы  коомубузда улам талкууланып, асыл баалуулуктардын кандай нукка өзгөрүп баратканы, элдин эртеӊки тагдыры кимдердин колуна өтөрү келечекке кайдигер карабаган адамды тереӊ ойго салат. Ошондуктан “Диалог Евразия” коомдук фонду  “Бүгүнкү жаштардын баалуулуктары – эртеңки өлкөнүн абалы” деген темада тегерек стол уюштуруп, коомдун күрөө тамыр маселесин талкуулады. Талкууга мурдагы Билим берүү жана илим министри, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурова,  И. Арабаев атындагы КМУнун проректору, психология илимдеринин кандидаты Тууганбай Коңурбаев, мурдагы Жаштар, эмгек жана миграция министри, К. Карасаев атындагы БГУнун Социология кафедрасынын доцентинин м.а , социология илимдеринин кандидаты Алиясбек Алымкулов,  КР Жогорку Кеңешинин депутаты Лунара Мамытова, КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Эгембердиев, Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери Гүлайым Жумабаева, Дамира Жумабаева, Х. Карасаев атындагы БГУнун Социология кафедрасынын башчысы, Кыргызстан социологиялык ассоциациясынын (SAK) вице-президенти социология илимдеринин кандидаты Бакыт Малтабаров, “Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фондунун төрагасы Актилек Зарипбеков, теле алпаруучу Нурзат Токтосуновалар катышты. Талкууну «Кут билим» гезитинин башкы редактору, “Диалог Евразия” коомдук фондунун Улуттук кеӊешинин мүчөсү Кубат Чекиров алып барды.  

К. Чекиров: Саламатсыздарбы урматтуу катышуучулар, жаштарыбыздын бир бөлүгү батышташып, экинчи бөлүгү арапташып, үчүнчү бөлүгү советтик түшүнүк боюнча калса, кээ бирлери өзүнүн казанында кайнап эчтекени көрбөй калган деп айтып жүрөбүз. Жалпы теорияда кайсы өлкөнүн жаштары болбосун, эки асыл багыттын булагында сугарылып чоңоюш керек. Бир жагынан жалпы адамзаттын даңктап, экинчи жагынан улуттук асыл нарктарды сактап, мына ушул нарктар менен чоңойгон жаштарга келечекте ишенсе болот. Бүгүн заман өзгөрдү. Заманга жараша жаштардын баалуулуктары да өзгөрүп жатат. Эгерде жаштардын баалуулуктары өзгөрүп жатса, демек ошого ылайык мамиле жасап, ошондой тарбия чараларын көрүш керек. Бирок бул маселеде жалпы педагогика, жалпы коомдук мамиле замандын талабынан артта калып, кечигип бараткандай сезилет.

И. Болжурова: Бул темада биздин аксап жатканыбыздын себеби, биринчиден, улуттук идеологиянын жоктугу болуп жатат. Жаштарды демократия жараянында “Эмне кылсаңар ошо кылгыла” деп жөн койдук. Экинчиден, бул – социалдык дифференциация. Өтө байлардын, орто жашагандардын жана өтө начар абалда жашагандардын тобу пайда болду. Кыргызстанда бүгүн статистика боюнча 36 % начарчылыкта жашайт. Алардын көпчүлүгү көп балалуулар. Ал эми өтө байлар бир-эки эле балалуу болушат. Үчүнчүдөн, жаштар тигиндей-мындай деп жатабыз, бирок инструменталдык социалдык изилдөөлөрдү аз жүргүзүп жатабыз. Жаштар өзүлөрү жооп берсин! 2000-жылы БГУда “Жаштардын баалуулуктары деген” темада чоң изилдөө жүргүзүлгөн. Ошондо 1970-жылдагы советтик жаштар менен 2000-жылкы жаштардын баалуулуктары каралган. Жалпы 500 киши колго алынып, алардын ичинде базарда, айылда иштеп жүргөндөр да, шаарда окуп жүргөндөр да бар. 1970-жылы Советтер Союзунун бардык жагынан 1400 бала алынып, ошолордун ичинен 80% ата мекенди сүйүү деп чыккан. 2000-жылы болсо ата мекенди сүйүү деген көрсөткүч 28% га түшкөн. Ал эми 2012-жылы Билим берүү жана илим министрлиги ошондой сурамжылоо жүргүзгөндө 8,3 % гана мамлекетти сүйөм деп айткан. 2010-жылы Россияда жаштардын баалуулуктары боюнча эң чоң социологиялык иликтөө жүргүзүлгөн. Мында эӊ чоӊ баалулук бул – материалдык баалуулуктар. Социологияда да бар, материалдык баалуулуктар, инструменталдык баалуулук деп аталат. Ал эми биз айтып жаткан адамды, мамлкетти сүйүү бул терминалдык баалуулук деп аталат. Жогорку, рухий баалуулук. Ушул азыр өтө таӊ калыштуу азайып баратат да. Төртүнчүдөн, баалуулук бул ден-соолук жана үй-бүлө деп айтышат жаштар. Бешинчиден, бул коопсуздук, экстримизмге, диабедаттык жүрүшкө, эреже бузууга, рекетчиликке каршы күрөшүү. Азыр социологдордун айтуусунда ушундай. 3000 жылдык тарыхыбыз болгон менен, биз өтө жаш мамлекетпиз. Себеби, 35 жашка чейинкилер калктын 63% түзөт.

А. Алымкулов: Тактоо иретинде, 2009-жылы кабыл алынып калган ушул чечимде орто жаш 28 жашка чейинки курактагыларды алсак, Кыргызстанда 32 %га чейин жаштар түзөт. Эгерде 35ке чейин камтый турган болсок, анда 50%дан ашат. Бирок 3/2 айыл жергесинде жашайт. Анткени Кыргызстандын 67% элет жеринде жашайт. Ошол жакта көп балалуулар көп. Шаар жеринде эч ким көп балалуу болгусу келбей калган. Ошол жактагы көп төрөлгөн көп балалууларды айта турган болсок, 67 % элет жерин камтыйт.

К. Чекиров: Алиясбек мырза жанагы сөздү улантсаӊыз. Мекенди сүйүү биздин балдарда төмөн болуп баратат. Бул көрсөткүч, транцформация каяктан келип жатат. Жаштар менен сүйлөшүп олтуруп жанагы биздин идеологиянын жоктугу алып келдиби? Же замандын өзү ушуга алып келдиби?

А. Алымкулов: Мурда “50 жылда эл жаңы, 100 жылда жер жаңы” деп айтылчу экен.  Бул азыр актуалдуу болбой калды. Базар экономикасына сүңгүп кирүү менен замандын өзгөрүшү өтө тез өнүктү. Азыр жаштар улуулардын тажрыйбасын алып калууга кайдыгер карап калышты. Тарыхка кайрыла турган болсок, Искак Раззаковдун өзгөчөлүгү ушунда болгон. Искак Раззаковду айтардан мурда бир аз тарыхка сүнгүп кирсек, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматовдор болгону 30 жаштын тегерегинде болгон. Ошол мамлекеттин, элдин тагдырын чечүүчү мезгилде иштеген инсандар өтө жаш болгон. Тажрыйбасы аз болгондугуна карабастан, алардын мамлекеттин келечегин көрөгөчтүк менен көрө билгендиги мамлекеттин багытын талдай билгендиги, элди каякка багыттаганда гана ошондо мамлекеттин келечеги болоорун билгендиги таӊ калтырат. Ал эми, И. Раззаковдун өзгөчөлүгү ошол улуу муундардан алган таасири менен тарбиянын багыты бул мамлекетти кантип сактап калуу болгон. Элдин багытын, салттуу баалуулуктарга кайрадан кайтып келиштин кандай жолдору бар деген суроого жооп издеген. Ал мындай жооп берген экен. Эң биринчи кадамы кыргыздардын санын көбөйтүү болгон. Ал кишинин зор эмгеги ушунда жатат. Анткени мектеп окуучуларына акча тапкан, бөлгөн, бекер тамак ойлоп тапкан. Аны менен эле чектелип калбастан кыргыздын жаштарын илимдүү билимдүү болсун деп ошол убактагы Советтер Союзунун учурундагы эң күчтүү ЖОЖна биздин балдарды аябай көп жөнөткөн. Демек бул кандай адамдар болгон? Булар көрөгөч, кеменгер болгон, анткени мамлекеттин келечеги үчүн 20-30-жылдан кийинки абалды эске алган. Республиканы баш аягы 16 жыл башкарган, кылган кызматы ат көтөргүс. Көп жакшы жактарды айтса болот.

Азыркы мезгилде биз өтө оор мезгилге кириптер болдук. Жаштардын иши өтө татаал. Азыркы жаштар эмнени каалайт? Тилекке каршы биз эмнени жоготуп алдык? Идеологиябыз жок. Эмнеге биз батышты ээрчийбиз?! Эмнеге чыгышты туурайбыз?! Биздеги эӊ чоң көйгөйлүү маселе ушул. Экинчиси бул – дин. Дин, ишеним керек. Бирок ал өзү орду менен, “Күчкө сал!” деп, эч жерде жазылган эмес. Бул – Жаратканга болгон сүйүүң менен байланыштуу маселе. Дин азыркы учурда радикалдашып кетти. Биз туура эмес багытка буруп алдык. Себептери эмнеде? Биринчиден, идеологиянын жоктугу. Бош калган вакуумду башка секталар ээлеп алды. Жаштар эмне үчүн аларга берилип кетип жатат? Алар пластилиндей жумшак болот. Кайсыл жакка бурасаң кете берет. Биринчи коркунуч – жумушсуздук. Мисал келтирип кетейин. Биз агрардык мамлекетбиз деп келебиз. Сиздер билесиздерби? Агроном, зоотехник ошондой эле ушул багытта иштеген адамдардын жашы 50гө чыгып калды. Болгону кыргыз мамлекетинин жаштарынын 4% гана агрардык окуу жайларга тапшырып жатат. Бул эмне деген шумдук. Эгерде агрардык мамлкет болсо, жаштар кимден тажрыйба алат да, кимден үйрөнөт. Бул өзүнчө чоӊ көйгөйлүү маселе. Андан тышкары идеологиядан кийин биздикилер адистикти туура эмес тандашат. Биз ошол кесипти тандап алып мамлекетитин багытын бериш керекпиз. Мамлекет жакынкы 10-20 жылда кайсы багытта өнүгөт? Алар кайсылар? Энергетика, тоо кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай, кызмат көрсөтүү, жалпы 5 багытта өнүгөт. Германия согуштан кийин кантип көтөрүлдү? Маршалл планы менен көтөрүлдү. Ар бир немец калкы бир кесипке анан жогорку билимге ээ болуш керек! Ден Сяопинди алып көрөлү. Ал: “Урматтуу менин мекендештерим Маркс менен Энгельс Германияда төрөлүп жашап өткөн, алар немецтер. Ленин, Сталин булар орустар, биз орус эмеспиз. Биз кытайбыз, Кытай мамлекетинин келечегин түзүш үчүн бир гана жолу бар: тарыхына таянуу жана кесипке ээ болуу. Мен муну ар бир кытай жаранынан талап кылам” деп айткан.

И. Болжурова: “Билим берүү системасы туура эмес жолго коюлган” деп канча жылдан бери айтып келе жатабыз. Ал эми экономика боюнча өлкөнүн өнүгүшү үчүн орто катмар болуш керек. Аларды даярдай турган колледждер керек. Бизде профессионалдык училищалар, техникумдар 30-40 миңге жакын. Статистика боюнча ар бир миң кишиге 50-70 киши тейлөөчү кызматкер болуш керек. Бизде 400 000 кесиптик-техникалык училищаларда, 50 000 техникумдарда, ал эми ЖОЖдордо көп болсо 30-40 миң студент окуш керек. Ушундай система болгондо коом дагы өнүгөт, стабилдүү система болот.

К. Чекиров: Ишенгүл Садыковна бул билим берүү жагуу аябай чиеленген маселе, буга кирип алсак чыга албай калабыз.

А. Алымкулов: 70-80-жылдары бир үй-бүлөдө 10 бала болсо, ошонун тыңырагын карап 1-2сүн гана окутчу экен. Ал тандалып окутулган бала бир кесипке ээ болуп, техникумду бүтүп анан айылда иштечү экен. Акыркы жылдары кесипке багыт берүү каралбай калды. Ар бир аймактын өзүнүн өзгөчөлүгүн кароо зарыл. Таласта эң негизги айыл чарба маданияты төө бурчак, Баткенде өрүк. Бүгүнкү күндө СНГнын алкагында кесиптик окуу жайдын Кыргызстанда 117 сакталып калды. Азыр биз каалайбызбы, каалабайбызбы эл үч-төрт катмарга бөлүнүп калды. Биз ушуга көз жумгандай болуп жатабыз. Анан өлкөдө радикалдык күчтөр күндөн күнгө күчөп, тамырын жайып бара жатат.

К. Чекиров: Турганбай мырза, жаштар ата-энелеринин сөзүн укпаса, мугалимдердин сөзү сөз болбосо, мамлекеттик идеологиянын эффектиси жокко эсе. Ошонун айынан биздин жаштар жанагындай жолго азгырылып жатат да. Жаштардын психологиясы ушундай борпоӊ болуп калганбы?

Т. Коңурбаев: Эми бул баалуулук жөнүндөгү маселе – өтө жооптуу маселе. Бир адам үчүн баалуу болгон нерсе, экинчи адам үчүн баалуу болбошу мүмкүн. Ошон үчүн баалуулуктун дүйнөдөгү өзгөрүшүнө карап чыгыш керек деп ойлойм. Биринчи 1917-жылы союз түзүлгөндө баалуулуктар алмашкан. Анан 1945-жылдары согуштун жыйынтыгынан баалуулуктар жоголду. Ата-Мекенди сүйүү сезимдеринин чыгышы 70-80-жылкынын бары ушундан келип чыкты. Үчүнчү 1990-жылы СССР тарагандан кийин баалуулуктар дагы өзгөрдү. Баалуулуктардын өзгөрүшүндө, глобалдашуу, жаштарды тарбиялоо маселесинде биз бир нерседен кур калдык. Бир мамлекетте өзгөрүүлөр болуп жатканда мамлекет өзүнүн тарыхына, маданиятына кайрылыш керек эле. Ушул маселеден 25 жыл артта калдык деп ойлойм. Ошол 90-жылкы балдар азыр 25ге чыгып, өзү үй-бүлөлүү болуп калышты, алар баалуулук эмне экенин билбей калгандар. 95-жылдары менин диссертациям да ушул болчу. Белгилүү этнопсихолог Маргаритта Мит деген окумуштуу 1979-жылы минтип айткан болчу: “Эгерде мамлекетте социологиялык тез өзгөрүү болсо, анда ал өлкө өзүнүн каада-салтына, тарыхына таяныш керек. Андай болбогондо улуттун жок болуп кетүү коркунучу бар” деген теориясы бар. Ушунун айланасында көп изилдөөлөр жүрдү. Мисалы Японияда, башка жакта баалуулуктарды изилдешти. Ушул шартта алып караганда, башында сөз кылган баалуулук деген эмне? Баалуулук адамдын өзү жана мамлекети үчүн баалуу нерсе болуш керек. 90-жылдан кийин СНГнын территориясындагы жаштарга тарбиялоонун өзөгү берилбей калды. Бизди тарбиялаганда коммунистик духта, коммунист бол деп тарбиялачу да. Бул маселе азыр таптакыр жок болду. Балдар айланып барып криминалга аралашты, динге кетип калды. Ошентип тарбиялоо процессинде биз балдардын бактысын жоготуп алдык. Тарбиялоо процесси жүргөн жок. Ар бири өзүнүн ишенимине жараша эле тарбиялап келди. Анан албетте кантиш керек эле деген маселе жатат да. Башында Кубат өзүң жакшы айтып кеттиң, улуттун эки нерсесин карманып калыш керек. Окумуштуулар иштеп чыккан улуттук универсалдуулук деген түшүнүк бар. Ар бир улут өзүнүн улуттук өзгөчөлүгүн, тарыхын, ким экенин каяктан экенин билиш керек. А бирок балдарга жалаӊ эле улуттук эле нерселерди бере берсек анда националисттер жетилип чыгат. 25 жыл кыргыз тилин бил, кыргыз бол дей берип, азыр мектептерде орус тилдүү математикадан бере турган адисибиз жок. Ошол эле учурда кыргыз тилин кыйратып үйрөнгөн жокпуз. Ал эми жалаӊ эле универсалдуу баалуулуктарды эле ойлой берсек, анда жаштарыбыз космополит болуп калбайбы. Ошон үчүн “Жаштар эмне кылабыз?” деген суроолор жүрбөйбү. Баалуулуктарды сакташ үчүн универсалдык, улуттук баалуулуктарды бир деӊгээлде бала-бакчадан баштап бериш керек. Азыр ЖОЖго, мектепке күнөө коюп келебиз. Биринчи кезекте адамды тарбиялашыбыз керек. Маркум Сабыр Иптаров айтып жүрчү убагында “Кыргыз бол” деген ураан жок экен да. Эч бир улут орус бол же башка улут бол деп тарбиялабайт экен. Ар бир улут “Адам бол” деп тарбиялайт экен. Ошон үчүн биз кадр маселесинде адамдык сапатты тарбиялап адистикти кошуп кетсек. Эми баалуулуктар “Адам”, “Адис” деген эки түшүнүктү берет. Акыркы мезгилде Кыргызстанда болуп жаткан окуялар, революция бардыгын анализдеп көрдүм да. Карап көрсөм бизде жакшы мугалимдер, адистер сабак берет экен бирок адам эмес. Жакшы адамдар сабак берет адис эмес, предметин билбейт. Биз азыр ЖОЖдо ушул эки маселеге көӊүл бурушубуз керек. Эгер адамдыкты тарбиялап берип койсок, 4 жылда адамды адис кыла алат. Адистиги боюнча Акаевге эч ким шек келтире албайт. Акаев укмуш адис андай адис Кыргызстанда  жок. Бакиев деле жакшы адис, ал деле Россиядан бүтүп келди. 15 жылда Акаев кыла албаган экономиканы оңдоду. Ал деле өзүбүздүн бала жамандабаш керек. Кыргыздын эки баласы тең адамгерчиликтен аксашты. Үй-бүлөсүн, балдарын тарбиялай алган жок. Ошол жагынан аксашты. Адам тарбиялоодо ушул баалуулуктарды эске алуу керек…

К. Чекиров: Мен таң калган нерсе биздин улуттук менталитетибизде “Биринчи байлык денсоолук дейбиз, бирок эң жоопкерчилиги жок калкпыз. Баягы өлө турган болгондо анан барабыз да ооруканага. Ошол эле учурда “Билим байлык, билим кенч дейбиз. Бойго жетип калган кызына адегенде “Окуп билим ал!” дегенден көрө “Эртерээк теңиӊди таап ал, ошол сенин бакытың!” деп айтышат да. Башкача айтканда, айтканыбыз менен жашаганыбыз такыр башка. Кечээ биздин кесиптеш эле, бүгүн парламентте Жогорку Кеңештин депутаты, сөздү Лунарага узатайын.

Л. Мамытова: Азыр жаштар тууралуу кеп кылганда сиздер үчүнчү жак катары сүйлөп жатпайсыздарбы. Мен эми өзүм жаштардын өкүлү катары айтсам. Бир аз кызыктуу болот экен сиздерди уккан. Өзүмө алып атам ошонун баарын. Эми мунун баары салыштырмалуу түрдө экен. Мыйзам түрүндө эмес, табияттан алып караганда ар ким өзүн жаш эсептейт. Тууганбай агайдын айтканы боюнча ойлонуп олтурам. Адаммынбы же мыкты адисминби депчи. Мунун бардыгы тең үй-бүлөдөн башталат деп ойлойм. Эң биринчи идеология жок деп айтып кеттик. Мен окуп жатканда идеология Манас атанын жети осуяты болчу. Мектепте жети осуятты жаттап биринчи осуяты кандай эле, экинчиси кандай эле тынбай эле тарбиялык сааттарда ар бир осуятты класс жетекчи менен талдайт элек. Муну тунгуч президентибиз А. Акаев идеологияга киргизгенге аракет кылды да. Бирок элге жукпай кетти. Чындыгында идеология ылдый тараптан эмес, пирамида менен алганда жогору жактан болуш керек экен. Ылдый жакта түшүнгөнүбүз менен өйдө жакта эч кандай аракеттер болбосо, жөндөн жөн калып кете берет экен. Дегенибиз менен ооба руханий, анан материалдык баалуулук булар да байлыктар. Учурда социологиялык изилдөөсүз эле барыбызга көрүнүп эле турат. Материалдык баалуулуктар биринчи орунда. Алардын ролу дагы өтө чоң жаштардын Ишенгүл эже айткандай, социалдык дифференциясы, ажырымы бар. Билим алууда артта калып кеткен жаштар бар. Анан оозуп кеткен жаштар да бар. Орто ченде да жүргөн жаштар бар. Азыркы күндө озуп кеткен жаштардын алдыңкы үй-бүлөлөрдүн алдыга койгон максаттары мени аябай таң калтырат дагы кубантырат дагы. Себеби, ичпеген, чекпеген, динге фанатизм менен карабаган, куран окуганды билген, намазын окуган, кайрымдуулук иштерди кылган, аны да көргөзбөй кылган жаштар да бар. Ал эми жаш үй-бүлө же жаш ата-эне мамлекеттик орто мектепке бергенден көрө жеке менчик мектепке бергенге умтулушат. Азыркы жаш ата-энелер жаш үй-бүлөлөр балдарынын билимине инвестиция жасап жатышат. Мамлекет кылып бериш керек, мамлекет идеология коюп бериш керек деп көнүп калганбыз . Эӊ оболу үй-бүлөлүк да идеология болуш керек. Үй-бүлөнүн идеологиясы, мектептин өзүнүн идеологиясы, мамлекеттин өзүнүн идеологиясы болуш керек.

К. Чекиров: Үй-бүлөдөгү, мектептеги тарбия адамдын жашоосунда сөзсүз маанилүү ролду ойнойт. Мына бул жерде Кыргыз билим берүү академиясынан келген адистер отурушат. Педагогторго да сөз берели. Эмнеге Манас атанын осуяттары жаштарга жукпай жатат, ага караганда радикализим идеялары көбүрөөк жугуп жатат?

Г. Жумабаева: Дүйнө жүзүндө бардык мектептерге дин таануу сабагы киргизилген. Бирок бардык өлкөлөрдө дин таануу деп аталбайт экен. Ар бир өлкөдө ар башка аталышта. Бир жерде дин таануу, бир жерде дин негиздери, маданиятын таануу, тарыхын таануу ж. б. Бүткүл дүйнө ошол жакка өтүп, өткөн кылымдын башында эл атеизмге оогон болсо, бул кылымдын башында кайра эл динге оогон мезгил болгон экен. Улуу педагог Коменьскийдин сөзү бар, адамды кантип өнүктүрсө болот: Биринчи, өнүктүрүү багыты болуп бул – акыл тарбиясын беришибиз керек. Экинчи, адептик рухий тарбияга көңүл бурушубуз керек. Анан үчүнчү багыты жүрөк тарбиясы деп аталат. Ошол жүрөк тарбиясы деген маселе бул диний билим болуп саналат жана кудайды, ата-энени, ата мекенди, табигатты, эл-жерди сүйүү ж. б. камтыйт. Бул сүйүү маселеси чоң маселе экен. Биз акылга приоритеттерди берип, бирок жүрөк тарбиясынан өксүдүк. Мына биздин чоң өксүгүбүз ушул жерде. Бул ошол эле кезде баалуулукка да байланыштуу. Баалуулугубуз чындыгында биринчи кылымда кандай болсо, онунчу кылымда да ошондой, жүзүнчү кылымда ошондой болуп келиш керек. Баалулук адам үчүн өзгөрбөш керек. Ошондо адам – адам бойдон калат. Ал эми биздин баалуулугубуз өзгөрө берсе бул чоӊ проблема.

К. Чекиров: Жаш педагог, Нур мектебинин жетекчиси Нурзатка сөз берели, өзүнүн жеке чыгармачылыгынан сырткары да мындай жаштарды окутуп тарбиялап келет.

Н. Токтосунова: Чын эле көп жерлерди кыдырып, элди аралап жүрөбүз. Ар бирибиз мен эмне кылдым деп көбүрөөк ойлонуш керек болуп жатат. Мисалы кичинекей кишилер кичине нерсени жасайт дегендей, кичине болсо дагы мугалимдерге, жогорку окуу жайына жардам болсун деп курс уюштуруп жүрөбүз. Бизде азыр көп маселелер билимсиздиктен келип чыгап жатат. Дин деп аябай какшап жатабыз. Дин абдан жакшы нерсе, бирок ошол динди дагы билим, китеп окуу, таануу аркылуу түшүнбөй жатабыз да. Дин десе эле демек жанагы көлөч, жоолук деп эле ойлоп жатабыз. Аны түшүнүп, анализ кылыш үчүн окушубуз керек. Биз ар дайым акчага, ийгиликке, байлыкка бат жетсек деп ойлойбуз. Чын эле баары чет өлкөгө кеткиси келет, чын эле биз азыр келечекти көрө албай калдык. Анан мындан ары деле ошол иштерибизди кыла беребиз. Эми ар кимибиз колубуздан келген ишти жасап, жашатуу үчүн жашашыбыз керек.

К. Чекиров: Мен кечээ бир жыйырмадан өтүп калган 2-3 жаш кыз менен сүйлөшүп олтуруп дагы бир жолу ичим күйдү да. “Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев деген чоң залкарыбыз бар силер билесиӊерби?” десем, таптакыр билишпейт экен. Мына улуттун, азыркы жаштардын тагдыры.

Б. Эгембердиев: Бир нерсени айта кетейин, мына бул жерде өкмөттүн 2016-жылкы планындагы жаштар саясаты деген жерде дал ушул 2016-жылга тарбия маселеси кирет. Жаштардын тарбиясы тууралуу айтуу бир жылдары уят, одоно сөз болгон. Анткени баягы батыштын маданиятынын таасири күчтүү болуп турган кезде, көбүнчө эркиндик деген нерсеге басым жасалып, тарбия деген нерсе эскилик сыяктуу кабыл алынган мезгилге тушукканбыз. Анан азыр түшүнүп, ушул багытта мамлекеттик деңгээлде бир аз болсо да көңүл бурула баштады десек болот. Ошондой эле 2016-2020 жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыкты. Азыр Билим берүү жана илим министрлигине берилди. Ошол жерде дагы төрт негизги приоритеттүү багыттын биринчиси бул – жаңы муунду тарбиялоо, калыптандыруу. Азыркы ата-энелер 1992-93-жылкы балдар, социологияда “Социальная яма” деген түшүнүк бар. Союз таркаган учурда үй-бүлөдөгү тарбиянын деңгээли түшүп кеткен дагы, ошол  учурдагы балдар-кыздар бүгүн ата-эне. Ошонун айынан ажырашуу маселелери, үй-бүлөдөн тарбиянын жетишсиздиги келип чыгып жатат. Ошон үчүн ар бир аймакта жаштар борборлору ачылып, иштеп, жаш үй-бүлөнү колдоо жана өнүктүрүү иш-аракеттери жүрүш керек. Алар атайын үй-бүлө темасында курстар уюштурулууга тийиш. Китептер жазылышы керек. Бала бакчада дагы бүгүн тарбия системасы жок. Жаш наристелердин азыркы дүйнө таанымы жөнөкөй эле жанагы кыздары жарым-жылаңач Черепашка Ниндзя, Барби, Диснейдин каармандары болгон раскраска менен калыптанып жатат.

Кыргыздын келечектеги жараны мобундай-мобундай сапаттарга, баалуулуктарга ээ болушу керек деген образды түзүп туруп анан берүү механизми жок болгондуктан, азыркы күндө ар ким ар кандай чаржайыт болуп жатат.

Б. Малтабаров: Азыркы күнгө чейин жаштарды изилдөө деген мамлекет тарабынан буйрутма жок. Жогоруда туура айтылды, азыркы күндө 85-87-жылдардан кийин 90-жылдарда союз урап, идеология тирешип, батыш менен чыгыш болуп анан вестернизациясы үстөмдүк кылган. Ошол жаштар азыр ата-эне болуп жатат. Бизде байланыш жок. Мурунку министр жакшы иштерди жасаса, кийинки министрлик ал жакшы нерселерди кабыл албайт. Биз айылдардагы мектептерди изилдесек, кээ бир мектептерде керек эмес китептер бар. Керектүү китептер аз чыккан. Ошолорду сурамжылабайбыз. Анан эми үй-бүлөдөн башташ керек баалуулуктарды. Эми ушул жаштарды тарбиялоо боюнча баарыбыз биригип туруп ушул жумушчу түзүп, ушул жерден баштап матрицасын түзүп туруп, позитивдүү, кийин оппоненттер жактырбаса дагы иштей турган кылышыбыз керек да. Себеби үй-бүлөдөн башташ керек.

А. Зарипбеков: Биз “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду 15 жылдан бери иштеп келатабыз. Ошол 15 жылдык убакыт тилкесинде жаштарга баалуулуктарды жеткирели деп жан үрөдүк. Идиреги бар, илим-билимге умтулган республика боюнча ар кайсы ЖОЖдо окуган 1500дөн ашуун студентке ай сайын стипендия төлөп берип келатабыз. Ар жума сайын алардын руханий дүйнөсүн байыта турган, илимге шыктанткан, мекенге болгон сүйүүсүн арттыра турган семинарларды уюштуруп турабыз. Элибизге эмгеги сиӊген улуу муундун өкүлдөрүн жолугушууга чакырып, жаштар менен баарлашып турабыз. Маселенин баары барып билимге такалат эмеспи. 10 жылдан бери Республикалык деӊгээлде педагог окумуштуулардын, мугалим-тарбиячылардын башын бириктирип конференцияларды уюштуруп турабыз. Бул жаатта мамлекеттик болсун, бейөкмөт болсун бардык мекемелер менен кызматташып, биргеликте иш-чараларды өткөрүп келебиз. Биз бул маселеге башынан бери бөркүбүздөй ишенип келдик, коомдук жашообузда, өлкөбүздө, мамлекетибизде баалуулуктар болмоюнча, сиздер айткандай, эрозияга дуушар болобуз, кайдыгерлик капасына камалабыз, үмүтсүздүк менен жок болуп кетишибиз мүмкүн. Бул үчүн адамзат бул дүйнөгө жаралган күндөн бери эч өзгөрбөгөн адамдык асыл баалулуктарды көздөн өткөрүп, алардын эӊ оболу жеке өзүбүздүн жан дүйнөбүздө орун алып, албаганына карайлы. Сүйүү, ишеним, адамгерчилик, жоопкерчилик, боорукердик, кечиримдүүлүк, айкөлдүк, сабырдуулук, мээнеткечтик, кайрымдуулук ж.б. асыл баалуулуктар бизди адам, коом, улут катары сактап калат. Бул сапаттар коомдун кандай катмарындагы жаран болбосун баарына бирдей тиешелүү сапаттар. Бизде мындай баалуулуктар өнүкпөгөн болсо, анда жаштарга үлгү боло албайбыз, айтылган сөздүн да эч кандай таасири болбойт. Тууганбай агайдын айтканы мен үчүн да таасирдүү болду, улуттук-универсалдык баалуулуктар, жалпы адамзатка тиешелүү баалуулуктардан да кем калбашыбыз керек. Бул негизги маселелерден.

Д. Жумалиева: Менин да кошуп коёюн дегеним, бүгүнкү тема өзү эле абдан жакшы тема болуп атат. Ушул теманын тегерегинде биз бир идеологияны иштеп чыксак, концепция түзсөк, кыскача да. Анан ошону аткарганга аракет жасасак. Себеби ар бирибиздин өзүбүздүн бутубуз бар. Мына жаштар отурат, жаш депутатыбыз, ошону аткарышыбыз керек, болду, үчүнчү маселе анан каражат деген болсо эч нерсе болбойт. Ошол сунушту киргизейин дегенмин да..

Т. Коӊурбаев: Жыйынтыктоочу бир эле ой. Азыр биз айтып жатпайбызбы идеология жок деп. Идеология болуш үчүн элдин бардыгы мамлекеттик деңгээлде указ даярдап, приказ чыгарып, “за новые традиции” деп чыкты 1999-жылдары. Эл болбой жатпайбы. Биз өйдө жактан издеп жатабыз да идеологияны. Идеология жөнөкөй нерсе болушу керек экен. Мисалы мен мындай идеологияны сунуштайт элем да. Бардыгыбыздын уюлдук телефонубуз бар. Уюлдук телефонго комузду же Манасты салып коюшубуз керек. Болду, кыргыздар үчүн. Соткага ар бир кыргызың же орусун Манасты же комузду уга берсе он жылдан кийин комуз уккусу келип калат.

Н. Токтосунова: Жаштарга эмнени берсең ошону алат. Телевидениеден, радиодон тарбиялык мааниси бар жакшы нерселерди көрсөтүш керек. Себеби чын эле жеңил желпи таанышып алалы, анан антели-мынтели дегендердин бардыгы жаштарды ошого алып барып атат.

К. Чекиров: Жалпы адамзатка тиешелүү жакшы маселелер козголуп, кызыктуу өттү. Жыйынтыктай турган мезгил да келип калды. Ушул жерде кайдыгер болбой, келбей калбай, башынан аягына чейин активдүү катышып бергениңиздер үчүн рахмат!

 “Диалог Евразия” коомдук фонду

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: