Menu

Азыркы ханыбыз Манас боло албады. Кыргыздын шоруна бүткөн бүгүнкү Абыке менен Көбөштөр

Бөлүшүү:

Шордуу эл окшойбуз кыргыздар. Эгемендүү эл болгондон бери жакшы ажого жарыбай койдук. Төрт президент өлкөнү башкарса да арабабыз алдыга карай жылбады. Арабаны тартчу өгүздөрүбүз өзүнүн, жакындарынын курсагы тойгонуна карт болуп, арабада олтурган шордуу кыргызды такыр ойлободу. Акаевди, Бакиевди деле башында президент кылып шайлап, бийлик башына алып келгенде мактаганбыз. Топчубек Тургуналиев авабыз ак калпагын кийгизген. Эми башкача жашоо болот деп арабаны араң кылдыратып жүргөн кыргыз элинде азгына болсо да үмүттүн шооласы жанган. Анан экөө тең Теңирден тескери кетишти. Алар өздөрү үй-бүлөөсүнүн айтканынан чыга албай, азыркы кейпин кийди деп айтуу туурадыр. Бирок, колуна кол, бутуна бут болуп, чырмоок чөптөй чырмап алып, “Сизден өткөн акылман башкаруучу жок” деп мактап жанында жүргөндөрдүн салымы Максим менен Айдардын кылыгынан ашса ашат, такыр кем калбайт. Ошол адамдар азыр деле ошол ишин улантып, бүтүндөй мамлекеттик кызыкчылыктан өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын жогору коюп, ажону айга-күнгө теңеп эт чайнап жүрүшөт. Жакын арада өз жазаларын алаары да күмөн. Кептин баары ушунда…

Манас каза болгондон кийин апасы Чыйырды менен аялы Каныкейди чүрпөсү Семетей менен кошо жеринен кууп чыгып, башка жакта тентитип, мал-мүлкүн талап алган айкөлдүн бир туугандары Абыке, Көбөштөр эмес беле. Алар кыргызды ойлогон эмес, бийликти гана эңсеген. Элди ойлогонго ал адамдардын аң-сезими жетмек да эмес. Тескерисинче, элдин эсебинен жыргап жашайбыз дешкен. Бүгүн да кыргыз эли ошол Абыке менен Көбөш башкарган заманга туш болуп, булардан бизди качан куткарат деп Семетейди күтүп олтурабыз.

Экс-президенттер албетте Манас эмес. Алар деле бир дүнүйөкор, өз элинин ырыскысын чачкандан кайра тартпаган, акча дегенде өлкөсүн саткан ажо экенин көрүп-билбедикпи. Атамбаев президент болгондо дагы дүнүйөкорлордон, саткындардан кутулдук, элди ойлогон ажо келди деп кубанган элдин көпчүлүгү. Ошол кубаныч азыр бир да жандын жүзүндө байкалбайт. Кайрадан эле Абыке менен Көбөштүн башкаруусунда жашап калгандай, мүңкүрөп, кыйчылдаган арабасын сүйрөп жүрөт. Бул бийлик деле ошол Абыке менен Көбөштүн урпактары тура, атүгүн. Булар каатчылыктан кыйналып турган кыргыз элин аяп койчу, жонунан кайыш тилгенин токтотчу түрү жок. Суук колдорун элдин капчыгына салгандан коркпой калышты. Ажо болгон Атамбаев элди аралап, чыныгы жашоо кандай экенин билгиси да, көргүсү да келбегендей. Кетээр күнүн санап, аман-эсен кетсем экен дегенсип эптеп өткөн күнүнө тобокел келтирип олтурат. Ушунун өзү Абыке менен Көбөштүн жүргүзгөн саясатынан ныпым айырмаланбайт.

“Манас” эпосунда Каныкей эмчектеги баласы менен  биздин ажобуз айткандай “Таластыктар эл болбойт” деп өз атасынын үйүнө качат. Азыр бизде “Өлкөбүз оңолбой калды, келечеги жок” деп мекендештерибиз Россияны көздөй жалгыздап эмес, оптом качып жатышат. Бул бүгүнкү Абыке менен Көбөштүн жүргүзгөн “эл үчүн” деген саясаты. Көртирилик кыйындап, өз жеримде ачка олтургандан көрө, бөтөн жерде көчө шыпырсам курсак тоёт деген эл электр энергияга, жылуулукка болгон бааларды көтөрүп, үйүң менен алдыңдагы машинаңды камсыздандырбасаң айып пул төлөйсүң, биометрикадан өтпөсөң шайлоого катышпайсың, балдарыңа туулганы тууралуу күбөлүк албайсың, ооруганда эч жерге көрүнө албайсың деп коркутуп-үркүтүүдөн кийин айласы жок иш издеп тентүүгө аргасыз болуп жатат да. Же алар керемет жашоодо жашап, кыларга иши жок зеригип дүйнө кыдыргысы келген туристтерби бүгүнгү Абыке менен Көбөштөр? Өткөн макаламда электр энергиясына болгон бүгүнкү баа акыркысы эмес, аны мындан да көтөрүүгө аракет кылышат деп айттым эле. Бир жума өтпөй жатып электр энергиянын баасы апрелден баштап дагы көтөрүлөт деген сөзүн бийлик өкүлдөрү айтышты. Бүгүнкүлөрдүн бул жүрүшү өз темпинен жазбаса, көтөрүлгөн баа дагы акыркысы эмес. Бул бийлик бааларды көтөрүү менен кыргыздан Нескаранын өчүн алгандай эле болуп жатат. Баалардын көтөрүлүшү жөнүндө бийликтин лөктөрүнүн бири “Мен келечек муундун, балдардын жарык жашоодо жашашын каалайм. Биз келечекти ойлоп атабыз. Бакиев “Северэлектрону” менчикке өткөзүп, андан кийин бааны көтөргөн. Андан түшкөн акча баласы Максимдин капчыгын кампайтчу. Азыр эч ким менчиктеп алган жок. Баалар өлкөнүн казынасына түшүп жатат” деп айтты. Капырай, кана өлкөнүн казынасына түшүп жаткан акча? Казынага элдин акчасы түшүп жатса, эмне үчүн кайра эле элдин өзүнө жумшалбайт? Жантөрө Сатыбалдиев айткандай, азыр казына “пустой” болуп турбайбы! Электр энергияны коңшу өлкөлөрдөн сатып алабыз деп бааларды көтөрүп жатышпайбы. Казынада акча болсо ошол акчага сатып алып, элге мурунку тариф менен берсе неге болбосун? Же сөзсүз элден акча чогултуш керекпи?

Мурун бийликтин Абыкеси-Жогорку Кеңеш, Көбөшү-соттор болуп, аталары Акаев менен Бакиевди балдары Айдар, Максимди чалчактатса, азыр Абыкеси-Жогорку Кеңеш, Көбөшү-Өкмөт менен соттор, атасы Атамбаевди ошондой эле чалчактатып келет. Акаев менен Бакиевдин кылмыштуу иштерин мыйзамдаштырып берген дал ушул Абыке-Жогорку Кеңеш болуп келген. Аны эч ким тана албайт. Президентибиз Алмазбек Атамбаев да муну чындык деп санайт болуш керек. Ошондуктан, ошол кездеги системаны кош колдоп, президенттин айтканынан чыга албай, кыргыздын келечегине каршы иш кылган депутаттар, парламенттин төрүндө олтурган төрагалар да элдин алдында жооп берүүгө тийиш. Ошол эле Үзөңгү-Кууш, ошол эле Каркыра, ошол эле Кумтөр кенинин келишимдери, ГЭСтерди күрөөгү коюу боюнча мыйзамдар, ЦАРИИнин түзүлүшү, деги койчу Акаев менен Бакиев кандай “былык” иштерди жасаса, Жогорку Кеңеш мыйзам менен бекитип берип жатпадыбы. Анан Абыке болбогондо ким, булар? Балким андан да ашкан суу тумшук адамдардыр! Эгерим, жакшы сөз айтууга арзыбайт. Бүгүн деле ошол абал. Андан ашты, такыр кем калган жок. Атамбаевге Конституцияда көрсөтүлбөгөн укуктардын баарын “Сиз алыңыз!” деп учаа тарткандай тартуу кылып олтурат. Бийлик бутактарын президентке сунулган учадан кийинки жилик сымал бөлүштүрүп алышты. Президент тараптан кандай сунуш келсе баарына макул, өз пикирин айтууга дарамети да жетпейт. Шайлоого  атасынан “добро” алып партиянын тизмесине кирип жатса, кантип каршы пикир айтканга жарамак эле кургурлар. Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндей эрке-талтаң мамлекеттик орган чанда кездешет болуш керек бул дүйнөдө. Өзүлөрүнө ылайыктап мыйзам жазышат, регламентин бекитишет, бюджетин кабыл алышат. Мамлекет үчүн кылган иши билинбегени менен, мамлекеттин эсебинен олчойгон каражат алышып жүрүшкөнүнө жол болсун. Айрым фракция лидерлери өздөрүн Кудаяр хан сезип алышкан. Айтканым айткандай, дегеним дегендей болот деп, өзүнө жакпаган депутаттарды четинен мандатынан ажыратып атат. Элге берген убадасы азыр онунчу орунда, мандатты эптеп пулдасам деген максат алдыга чыкты. Соода жагынан парламент “Дордой” базарынан кем калбады. Бүгүн ырынан чыры көп, өтө саясатташкан бул органды “кесип” ташташ керекпи деген ой келбей койбойт. Себеби, чырдын баары ушул жерден башталып, ушул жерден бүтүп жатат. Мамлекеттик органдардын туруктуу иштешине кедергисин тийгизгенин айтпа. Куудулдарды соттош керек дегенден башка проблема жокпу, Жогорку Кеңеште? Айтор, эл өкүлдөрү майдаланып, мыйзам чыгаруучулар эмес, соодагерлер болуп кетти. Негизи парламенттин мыйзамын коомчулук, интеллигенция жазыш керек. Мына ошондо “өзүн өзү билген” Жогорку Кеңешке чек коюуга болот. Бүгүнкү башаламандыкты токтотууга парламенттин күчү да, укугу да жетмек. Анткени, эл шайлаган депутаттардан көкүрөгү таза, саясий соодерликтен алыс болуп, улут үчүн күйгөн патриоттор көп болгондо, азыркыдай абалга барбайт эле. Тилекке каршы, андайлар саналуу гана болуп, көпчүлүгү Абыкенин урпактары болуп олтурат.

Кыргыздын соттору “үй кызматчысындай” эле бийликтин кызыкчылыгы үчүн иштеген көз карама орган болуп келбедиби. Анан кантип, Көбөш деп айтпайбыз? Кыргыз балдарынын кулагын кесип ойногон Азиз Батукаевди түрмөдөн бошотулсун деген чечимди кыргыз соту чыгарып берди да. Андай чечим атанын буйругу жок чыгышы да мүмкүн эмес болчу. Атага жакпай калган саясатчыны заматта соттоп жиберген да кыргыздын “гумандуу” соттору. Мындайларды Көбөш деп айтпаганда ким деп айтабыз анан? Өкмөт болсо карыз алып, казынасын толтура албай элдин шоруна айланган камарканаларды кайра ачууну пландап, соцфонд төлөмдөрүн көбөйтүп, салыктын жаңы түрлөрүн ойлоп таап олтурат. Азыр жарык дүйнөгө келген кыргыздын ымыркайы мойнунда карызы менен төрөлүүдө.  Бүгүн өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашып кетти. Бул Кыргызстан өнүкпөй эле жарды мамлекетке айланып баратканынын белгиси. Өткөн жылы эле тышкы карызыбыз 169 млн доллар болуптур. Жалпылап айтканда азыр тышкы карыз 3,6 миллиард доллардан ашса, ички карыз 15,5 миллиард сом. Эл аралык тажрыйбада тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн элүү пайызынан ашып кетсе, улуттук экономикадагы коркунучтуу чек катары каралат. Тышкы карызын төлөй албай калган өлкөлөр дефолт деп жарыяланып, аны менен соода-экономикалык алака кылуу тобокелчиликтүү деп табылат.Мындай өлкөгө инвестор келиши да күмөн.  Ички дүң продукциянын көлөмү киши башына эсептегенде 1214 долларды түзөт экен. Ал эми Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча ИДПсы киши башына 1036 доллардан төмөн мамлекеттер өтө жакыр мамлекеттердин катарына кирет. Анан биздикилердин өнүгүп жатабыз деп айтканына ким ишенсин? Өкмөт дагы деле карыз алабыз дегенден кайта элек. Ал карызды Сариев, Атамбаев же азыркы депутаттар өздөрү төлөбөйт, кыргыздын мойнуна иленген карыз болуп кала берет.

Шекербек Калыков деген журналист бар. Мен ал кишини “шеф” деп коём. Анткени, журналистиканын өйдө-төмөнүн ошол киши үйрөткөн. Менин шефим жакында эле “Шапа акенин жоруктары” деген китебин чыгарды. Шапа аке айылда жашаган эле карапайым кыргыздын образын ачыптыр. Ошол Шапа аке кыргызга боору оруп “Эми, Манас туулбай калды окшойт” деп күйүптүр. Таңгөрү, бүгүнкү ажобузда Манастын эркиндей эрк, баатырлык болгондо гана. Азыр өлкөдөгү абал такыр башкача болмок да. Манас барда кыргызга көзүн кызарткандар пысып жүрүшчү эле го. Атамбаевди көргөндө дагы кыргыздын капчыгына, өлкө казынасына суук колдорун салышып, келечегине балта чапкысы келгендер куйруктарын чатына кысып, бир жерин пысып калышканда ажобуз бүгүнкүнүн Манасы болбойт беле.  Тилекке каршы азыркы ханыбыз Манас боло албады. Шапа аке кейигендей жакынкы убакта эми Манас чыкпай калды окшойт.

 Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: