Menu

Зарыл Рысалиев, экс-министр: «Парламент «СИЗО — 2″ болуп калды, мен мандатка жетейин, «ичеги-карындарын чубайм»!»

Бөлүшүү:

Генерал менен эч кандай жасалмасы жок эле ачык-айкын суроолор менен баарлаштык. Кө-өп сырларды жана сөздөрдү «чигинен жаткызды». Эмесе, күбө бололу да!

-Зарыл мырза, инсульт кармап, катуу ооруга чалдыккан турбайсызбы? Азыр ахвалыңыз кандай?

-Экөөбүз бир сааттан бери сүйлөшүп отурабыз. Менден бир оорунун «учкуну» байкалып атабы? Катуу ооруп, тилден калчудай адамдын образын мен берип атамбы? Сага илинип атабы?..

-Жо-ок. Саламаттыгыңыз Кудайга шүгүр экен! Бирок, аз эле жерден көөмп жибере жаздагандай сөздөр болду го…

-»Эч кимди киргизбейт экен, аялы карап атыптыр, киши тааныбай калыптыр» дешти. Менин азыркы ахвалымды коомчулукка жеткизип койчу?

-Диагнозуңузду кандай коюшту?

-Кан басымым көтөрүлүп кеткен. Ден-соолукту туруктуу кармаш кыйын да…

-Сизди топ жарган опер катары угуп жүргөнбүз. Милициянын күбөлүгүн таштын үстүнө коюп, бандиттер менен эркекче мушташканыңыз аңыз кеп катары айтылат. Акыры министр дагы болдуңуз. Анан саясатка аралашып, мандатка жетпей калгандан кийин психологиялык жактан сокку алдыңызбы?

-Сага ошентип бирөө айттыбы? Мен эмне болуп күйүп кетиптирмин?

-Ооруңузга саясаттын таасири тийген жокпу? Мандатка жетпей сүйрөлдүңүз го?..

-Мен кызмат үчүн өлүп кала турган адам эмесмин. Мен депутат болсом да, болбосом дагы эл үчүн кызматымды кылып жүрө берем. «Республика — Ата Журттан» эң көп добуш алган талапкерлердин алдыңкы катарында мен болом…

-5 миңден ашык добуш алдыңызбы?

-Жок. 6 миңден ашты… Азыр 2 миңге жетпеген добуш алган депутаттар отурат. Баардык партияларда ушундай. Алар отура берсин! Бирок, мен бери жакта ошол бети жокторду карап, шылдыңдап турам да. Аларга көпчүлүк добуш берген жок да? А биздин округдун басымдуу бөлүгү мага добуш беришти. Кудайга шүгүр…

-Бирок, ошол добушуңузду Бабанов баалабай атканы чынбы?

-Эми Бабановду жаман көргөн адамдар көп. Мага дагы каршылаштар арбын. Азыркы учурда «Республика — Ата Журтту» көрөйүн деген кишилер аз, шыбай беришет. Бирөө дагы Бабанов экөөбүздү каршы кое албайт, себеби, бизде ага-инилик мамиле сакталып калган.

-Сиз жетиштүү добуш алсаңыз деле мандатка жетпей атпайсызбы? Учурда депутат болууга убактыңыз келдиби?

-Мага мандатты бүгүн берсе алам, бир жылдан кийин болсо да кайылмын. Артымда шакмарым жок, сабырдуулук менен күтүп турам. Эмнеге кресло талашам?

-»Республика — Ата Журтта» шайлоо астында «Кудай урсун, баламдын жакшылыгын көрбөй калайын!» деп сиз дагы ант бергенсизби?

-Бергем! Эми партиянын шарты ошондой болсо, эл берип атса бересиң да!

-Добуш албай калсаңызбы?

-Ооба. Добуш албай калсам антка туруп, басып кетмекмин!

-Себеби эмнеде? Кудайды, анан баланы ала жыгылыш керекпи?

-Мен биринчи жолу партияга кирип атам. Эгер добуш албай калганымда мен сөзүмө турмакмын. Азыр менин алдымдагы айрым айбандар балдарын жана Кудайды сатып туруп, мандатка тырмышып жүрүшпөйбү?!

-Сиз берген антты Бабанов менен Ташиев берди беле?

-Экөөнүн ант бергенин көргөн эмесмин. А өзүм ошол жолго баргам. А көрсө, Бабанов менен Ташиев билиптир да, добуш албай калган адамдар бала-чакасынын да убалынан коркпой, баардык баалуулуктарды тебелей турганын! Эми ошолор Жогорку Кеңештин трибунасынан кайра ант беришти. Эмне дейли?

-Парламенттеги ант менен баланын үстүнөн айтылган антка кандай баа бересиз?

-Жогорку Кеңештеги берген ант балаңдын же кызыңдын астындагы антка тең келбейт да! Бул ант эмес да эй! Үй-бүлөңдүн, бала-чакаңдын көздөрү жайнап турса, ошону кантип саясатка алмаштырасың?! Баладан ыйык эмне бар бул дүйнөдө?! Айтчы? Мандат, значок деген көрпенделик көрүнүштөр баладан айлансын! Натыйжада, добуш албай туруп, үй-бүлөсүн антка аралаштырып, добуш албагандар мандат кучактап отурушат го!

-Сиз аларды атай аласызбы?

-Алар соттошуп эле келатпайбы… Андайлар көчөдө басып жүргөнгө татыксыз, бирок, Жогорку Кеңеште ошолор отурбайбы? Бийлик аларды отургузуп койгондон кийин кайсы мыйзамдуулукту айтасың?

-Эми ошондойлордун фамилияларын эстей албайсызбы?

-Керек болсо, мен андайларды билгим дагы келбейт! Жанагы Саматов, Абжалиев дегендер да… Алар костюмдарынын топчуларын чечип салып, эркек өңдүүдөй болушуп, көчөдөн басышса керек. Мындай пенделер баланча киши чакыргандарын, той бергендерин мактанышып, ооз көптүрө сүйлөшөт экен…

-Убагында буларга кылмыш иштери козголуп, сүйрөлүштү беле?

-Эми Аслан, мен бул жагын сага караганда жакшы билем. Мындайлар «красный» же «черный» жагынан сүйлөшө алышабы? Мен аларды жакшы билем!

-Ошондой кылмышка шектүүлөр сиздин алдыңызды тороп, депутат болушканы кандай? 

-Учурда Жогорку Кеңештин мазмуну ошондой болуп калды. Мен бүгүнкү күндө билем, үстүнөн иш козголгон депутаттар толтура. Санап берсем деле болот. Азыркы парламент «СИЗО-2″ болуп калгандай… Бул жак өзүнчө кайгылуу аралча болууда. Кыргыз бийлигинин жогорку касиетин кылмышкерлер булгады го?..

-Жогорку Кеңешти кылмыштуулукка шектүү катары карап атпайсызбы?

-Ал жерди кылмышкерлер басып кетти го…

-Сиз мурда ички иштер министри болгонсуз. Анан эми учурда мурдагы ОПГ мүчөлөрү, наркотик менен кармалгандар, оор кылмыш жасагандар, адам өлтүргөндөр бүгүнкү Жогорку Кеңеште барбы?

-Бар!

-Убагында министр болуп турганда көзүңүз жеткен. Документтерин билесиз… Азыр оор кылмышка шектүүлөрдөн канча адам бар?

-Мен манжаларым менен санай элекмин. Бирок, бир топ кылмышкерлер бар. Оор кылмыш жасагандар 10 кишиден көп. Бүгүн парламентте отурушат…

-Саясый элита тазаланбаса, коркунучтуу кылмышкерлерге аралашкан депутаттар кайсы моралдык жоопкерчилиги менен отурушат? Биз кантип тазаланабыз? Салым кошо аласызбы?

-Мен аман-эсен Жогорку Кеңешке жетип, мандат алайынчы! Анан көрөлү, образдуу айтканда, «ичеги-карындарын чубайм»! Элдин астында антымды берип, анан баштайын. Карапайым элибизге чындыкты айтып, керек болсо, жанымды садага чабайын!

-Демек, оор кылмышка шектүүлөрдүн бетин ачасыз?

-Мен азыр деле айтайын. Бирок, «Сууну да сиңген жерге куй» дейт. Мына азыр айтсам дагы жыйынтык чыгабы? Өзүң ойлочу, Аслан, мен мандатка жетейин, анан ошол жерден моюн толгогондорду ныгырып, кысып, мыйзам алдында жүздөрүн ачам да! Эл астында талапкер болгондо күйүп-жанып, актык үчүн кызмат кылууга баш урганбыз. Эми кантип унчукпай калам? Мен ныгырам! «Шумкарга бастырсаң да жумурткасын — каргадан карга чыгат» деген акылман кеп бар. Тиги жакта не бир каргалар отурат да, алардын моюнун мыйзам алдында жулуш керек да! Сен гезитиңе миллион жолу жаз, керек болсо, өлүп кал, мен дагы өлүп калайын, а алардын жашоосу гүлдөп атпайбы?! Болгондо да кылмыштуу жолдо! Мына ошондой акмактарга экөөбүз чогуу каршы чыгалы эй! Айтмакчы, мен мандат алгандан кийин, жогорку трибунадан үнүм угулат, ошондо биргеликте мыйзамсыз жүздөрдү эзебиз!

-Бүгүнкү ИИМдин ишмердигин кандай баалайсыз?

-Мен ушул милиция тармагында агардым-көгөрдүм. Ал тарапка кантип тескери сөз айтам? Моралдык жоопкерчилигим туура келеби? Ооба, катардагы опер кызматкеринен министрлик даражага чейин өстүм. Биздин коом мени көтөрдү. Мезгилдин талабы ошондой болду. Туурабы? Мен азыр бош жүрсөм дагы милиция кызматкерлерине жардам беришим керек. «Бир буканын мүйүзү сынса, мага окшогон миң буканын мүйүзү зыркырайт» дегендей, эгерде милиция жөнүндө жаман сөз уксам, менин да кабыргам кайышат. Милицияда иштеген жигит-кыздарга ийгилик, кең-келечек каалайм! Ден-соолукта болушсун! Милициянын жакшы жагынан гана көрөлүчү, алар элге кызмат кыла беришсин!

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: