Menu

Фотобаян – Министр Арзыбек Кожошев баштаган Өкмөттүк делегация Жалал-Абадда ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен кеңейтилген жыйын өткөрдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-февралда КРнын экономика министри Арзыбек Кожошев баштаган Өкмөттүк делегациянын өкүлдөрү  Жалал-Абадда орто жана чакан ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген жыйын өткөрдү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Жыйындын ишине областтын аймагында ар түрдүү багыттар менен тармактарда иштеп жатышкан ишкерлер жана фермерлер катышты.

– Орто жана чакан ишкердүүлүк бардык өлкөлөрдө экономиканы өнүктүрүүнүн башкы локомотиви болуп келген. Кыргызстандын жалпы ички дүң продукциясынын 40 пайызын орто жана чакан бизнес тармагы берет. Быйыл республиканын айыл чарбасындагы ишкерлер менен фермерлерди,  кайра иштетүү менен мал чарбасын өнүктүрүүгө  5 млрд. сом каржылоону алдыбызга максат кылып жатабыз. Мындан сырткары республикабыздын бардык аймактарында 1000 күнөсканаларды курууну көздөп жатабыз. Киреше салыгы менен НДС салыгынан  быйылкы жылдын июль айынан баштап ишкерлер аны төлөөдөн бошотулат. Ипотекалык компания тарабынан 4 млрд. сомго чейин турак-жайларды сатып алууга  жеңилдетилген кредиттер берилет. Ушундай жакшы ой максаттар жана саамалыктардын  бардыгы республикабыздын турмушунда  саясий стабилдүүлүк менен туруктуулук болгондо гана  ишке ашат,- деди КРнын экономика министри Арзыбек Кожошев.

Ишкерлер менен болгон жыйында  Айыл Банк ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Айнура Тезекбаева, Айыл Банктын насыя башкармалыгынын башчысы Амангелди Имарбеков айыл чарба тармагында иштеп жатышкан ишкерлер менен фермерлерге берилүүчү жеңилдетилген кредиттер туурасында  кенен маалымат беришти. Бул багыттагы биринчи транштагы 600 млн. сомдук кредиттерди берүү негизинен аягына чыгуунун алдында тургандыгы белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө ишкерлер тарабынан көптөгөн суроолор берилип, алардын баарына канааттандырарлык жооптор алынды.

КРнын экономика министри Арзыбек Кожошев Жалал-Абад областынын бир катар ишкерлерине КРнын экономика министрлигинин Ардак Грамоталар менен Алкыш кат сыйлыктарын тапшырды.  Мындай ардактуу сыйлыктарга ишкерлер Абдыкапар Кайыпов, Убайдулла Чимбердиев баштаган 5 ишкер инсандар татыктуу болушту. Сыйлыктарды ээлерине КРнын экономика министри Арзыбек Кожошев өзү тапшырды.

ЖА ишкерлер3

ЖА ишкерлер5

ЖА ишкерлер6

ЖА ишкерлер4

ЖА ишкерлер8

ЖА ишкерлер9

 Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: