Menu

Азимбек Бекназаров, экс-генпрокурор: “Аман эле болчу, Текебаев! Сен көбүнчө оппозиция терисин жамынып 25 жылдан бери саясатта жүргөнүң менен, тымызын ар качан бийлик менен жүрөсүң”

Бөлүшүү:

Өмүрбек  Чиркешович, сен айткандай “Майдаланбай, дүңүнөн ой жүгүрткөн баатыр” катары мен жөнүндө ММКага чыккан интервью-маалыматтарга, анын ичинде буюртма ушактарга да жооп бербей, сага окшоп журналисттер менен соттошуп көрбөгөн жаным бу сапар сен Келдибековдун сотуна келип, “калчылдап-титиреп” берген көрсөтмөңдөн кийин бир эле убакта ондогон ММКга  “граждандык позицияң” менен “адамгерчилик позицияңдын” ортосунда  күрөшүп жатып “прагматикалык саясатчы” катары  “Азимбек Бекназаровдун койгон тузагына түшүп бербеген, аңкоо саясатчы болбой”,  берген интервью-макалаңдан кийин, мен да  сага окшоп анча-мынча “граждандык парзымдан” кутулайын деп жооп жазууга  аргасыз болдум.

Макала-интервьюңдун башынан аягына чейин өзүңдү “прагматик саясатчы” катары көрсөтүп, эгерде Келдибеков соттолуп кетсе “мен сотко барбайм десем болбой Бекназаров чакыртпадыбы”, ошол үчүн  мен чындыкты аргасыз айткам, ал эми акталып кетсе, “сотто мен Келдибеков  чоң коркунуч болбой калды, бул иш актуалдуу эмес, жоопко тартпаса деле болот деп  айткам, Келдибеков ошол үчүн акталды”- деген кош максатты көздөп,  баягы эле өтө этияттык кылып,  “оппозиция терисин жамынган, бийликчил” эки Текебаев бойдон дагы деле жүргөнүңдү далилдепсиң. Дагы бир максатың Бекназаров менен Келдибековдун ортосуна от коюу.

Сотко сени мен Келдибековду соттотуп же актатып алуу үчүн эмес,  Башкы прокуратурага Келдибековдун үстүнөн кылмыш иш козгоо боюнча “Ата-мекен” фракциясынын чечимин чыгарып, кол коюлбаган, печаты жок, эч ким күбөлөндүрбөгөн ксерокопия документтерди тиркеп жөнөткөн катыңды “кантип эле республикага эмгек сиңирген юрист Текебаев ушуну жиберсин” деп күмөн санагандан кийин, аны тактоо үчүн чакырткам.

Сотто болсо, менин берген суроолорума: “биз жибере беребиз да, аны кылмыш козгогондордон сура”-деп бардык мыйзамсыз  нерселерди адатыңча Салянова айымга аңтара салып кутулуп жаттың…  Мына сенин “адамгерчилик позицияң”!

Сотто Келдибековдун Парламентте айткан стенограммада сакталып калган сөзүн окуп,  “мына биз  3-4 кошумча штатка добуш бергенбиз, а Келдибеков  “спецпредставитель” деген токтомго алмаштырып салыптыр”- деп анын өзүңө ыңгайлуу жерин окуп бердиң, же төрагалык кылуучу судьянын кыргыз тилин билбегенинен пайдаландың. Биздин сага: бул окуганың депутат Келдибековдун Парламентте   сүйлөгөн сөзүбү? – деген сурообузга “Ооба”- дедиң.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 72-беренеси боюнча депутат Келдибеков Парламентте айткан ой-пикири үчүн жооп береби? – десек “Жок” –дедиң. Анда эмне үчүн Келдибеков жоопко тартылып жатат?- десек, “аны прокурорлордон сура“-дегендей, аны да бечара Саляновага түртө  салгандай болдуң. Ушубу сенин  “граждандык позицияң?

Өмүрбек Чиркешович, биз сотто 50дөн ашык депутатты сурадык, анын ичинде 10 чактысы “Ата-Мекенчилер”, алар  “биз  “спецпредставитель”  каралган токтом долбооруна  добуш бергенбиз дешти, жалгыз сен “андай токтом жок болчу” деп  жатасың?- деген суроого: “Алардын уяттары жок  да, айта берет да деп, ал депутаттарды шылдыңдагандай жооп берип, анан Өмүрбек Абдрахманов деген экс-депутаттын “түбүнө жетериңди”,  анын устүнөн жаңы арыз жиберип жатканыңды “калчылдап” жатып айттың. Ошондо сенин жан-дүйнөңдүн позициясы кандай абалда экени байкалып турду. Абдрахмановдун үстүнөн арыз жазып жатканыңдын Келдибековдун ишине эмне тиешеси бар эле? Жан-дүйнөсү соо адам аны айтпайт эле. Муну кандай позицияң деп түшүнөбүз?

Акырында,  89 депутат добуш берип токтом алынса, Өкмөт аны каржыласа, бюджет мыйзамына Президент кол койсо, бул маселе каралып жатканда Өкмөт менен Президенттин өкүлдөрү каршы болбосо, эмне үчүн бул токтом мыйзамсыз болот?-деген суроого: “Биз баарыбыз заблуждались”- дедиң,  мен баарыңардын “заблуждениеңер үчүн жалгыз Келдибеков жооп бериш керекпи?- десем, унчукпадың. Муну “Заслуженный юрист” Текебаевдин кандай позициясы деп түшүнсө болот?

Дагы бир суроого, “Келдибеков “атайын өкүлчүлүктү” партиялашы үчүн өзү эле ачып салыптыр, аны биз кийин билдик”- деп жооп бердиң.

Иштин ичиндеги “Ата-Мекен” фракциясынын бардык документтеринде “спецпредставительство” жөнүндө айтылып эле жүрбөйбү, ал жерде Келдибеков “өзү токтомду жасап  салыптыр”- деген бир да сөз жок, аны сотто 1-жолу өзүң айттың, мурда “подмена” деген сөз айтылбаган, бул Текебаевдин эмне деген позициясы?

Интервьюңда  “мени сотко  Бекназаров эле алып келди, болбосо келбейт элем, сотто мындай чындыкты айтпайт элем”- деп кайра-кайра  өзүңдүн жеке “чындыгынды” айтыпсың. Бүгүнкү күндө сенин прокуратурага жиберген  “фальшивый” документтериң менен  кылмыш иш токулганы, Келдибековго айып угузулганы, сенин көрсөтмөң менен  кылмыш иш козгоо токтому коендой окшош экени менен далилденүүдө, бирок сенин айткандарыңды  колдогон, тастыктаган бир дагы башка далил жок, жок дегенде сени колдогон “уяттуу” 2-3 ата-мекенчи депутатты, “буйругуңду” аткарган Салянованы ээрчитип келип көрсөтмө бердиртип койсоң жүзүң жарык болмок, бирок ага  “прагматик” чамаң жетпейт ко?!

Акыркы жылдары эл аралап жүргөн бир макал бар: “Азимбектей адвокатын болсо, прокурордун кереги жок”- депсин.  Эл арасындагы  “Текебаев марадерлордун  ана башчысы”,  “10 чакты ата-мекенчи, Текебаев бизди алдап кетти деп “мошенник” катары сотко бергени жатат экен”,  “БНКны рейдерлик кылып басып алды”,  “Бакиевдин үйлөрүн өрттөп, айрым офистерин тартып алган”- деген эл арасындагы сөздөрдү кокусунан укпадыңбы?

Спикерлик орун талашууда Келдибековго утулуп калганың үчүн атайын буюртма кылмыш токутуп, ал ишиң Салянованын Башкы прокурорлуктан, Нарынбаевдин Президенттин Аппарат жетекчилигинен кеткенден кийин  “катуу көзөмөлгө” алынбай, сотто сенин фальшивый көрсөтмөң, каттарыңдан башка далил жоктугунан, соттор эмне кыларын билбей турганда  өз мезгилинде  “кош максаттуу” интервью менен өтө  “прагматиктик” кылып басым жасоого аракеттенипсиң.

Өмүрбек Чиркешович, мен сендей акаевдик заслуженный юрист болбосом да, советтик доордо эки юридикалык окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүргөн юрист катары Жогорку Кеңештин Москвада ачылган “атайын өкүлчүлүгү” үчүн кимдир бирөөнү соттойлу десек, анда  өзүңдү баш кылып добуш берген 89 депутатты, ошол күнү Парламентте Өкмөттүн өкүлү болуп олтурган Д.Нарынбаевди, Президенттин өкүлү болгон А.Салянованы, Бюджет жөнүндө мыйзамга  кол койгон бардык Өкмөт мүчөлөрүн, Президент Р.Отунбаеваны – баардыгын жоопко тартуу керек деп айтаар элем.

Анткени бюджеттин акчасы ушулардын айынан “талаага” чачылды. Ушундай болсо адилеттүү, мыйзамдуу, калыс чечим болот,  ага Келдибеков да макул. Мен аны көндүрөм, сен айткандай “прокурор” болуп.

Антпесе,  баарыңар үчүн бир Келдибеков жооп бергени кудайга да жакпайт, урматтуу “заслуженный юристим!”

Убагында сага окшогон эле адам бийлик адамдарынын жалган арыз-билдирүүлөрү менен буюртма жалган кылмыш иштер токулуп, жоопко тартылышкан И.Исаковдун, И.Кадырбековдун, Э.Булекбаевдин, У.Рыскуловдун, С.Аргынбаевдин, Балыкчыдагы 19 адамдын, К.Ташиевдин, Т.Мамытовдун, С.Жапаровдун ж.б. адвокаты да болгом.”Матрешка-гейтте” сени да жактагам. Келдибековдун сотуна келип көрсөтмө бергендеги абалыңды көрүп, ал жерде турган адамдарга “Текебаев досумдун бүгүнкү акывалын көрүп, Акмат сени эмес, Текебаевди коргогум келип кетти, деп айттым. Бул сөз жөн жерден айтылган жок, Өмүрбек Чиркешович! Мен сенден айырмаланып Келдибеков мага эч качан саясий оппонентим болгон эмес. Саясий өңүттөн, жасалма  буйрук иштер токулуп,  ким болбосун ак жерден саясаттан четтетүү үчүн жоопко тартылса, эгерде ал мага юридикалык жардам бер деп кайрылса, ал “Акаевдики”, “Бакиевдики” же Атамбаев, Текебаевдики экенине карабай, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук үчүн колумдан келишинче чын жүрөктөн жардам берем.

Адилеттүүлүк, мыйзамдуулук учүн күрөшүү менин тубаса позициям. Мен саясий оппоненттерим менен бетме-бет, тике, мыйзам талаасында ачык, көзмө-көз туруп күрөшөм. Сага окшоп бирөөнү артынан, же бирөөнүн колу менен душманыма эч качан  бычак сайбайм. Саясатта Келдибековго караганда сен мага жакынсың, үзөнгүлөш болгонсуң. Нечендеген саясий күрөштөрдө катар жүргөнбүз. Бирок көбүнчө оппозиция терисин жамынып 25 жылдан бери саясатта  жүргөнүң менен, тымызын ар качан бийлик менен жүрөсүң. Бул сенин саясатчы катары акылдуулугуң, куулугуң. “Экөөбүз бири-бирибизди  абдан жакшы билебиз”- деп туура айткансың.

Ошон үчүн сени жакшы билген киши катары сага менин кааларым, аман эле болчу, Текебаев!

Азимбек Бекназаров, экс-генпрокурор

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: