Menu

Арызбек Кожошев, КРнын экономика министри: “Мегакомду” убагында сатпасак кийин жогоруда мен айтып кеткен “пейджер” “кател” компаниялардын кебетесин кийип калышы мүмкүн”

Бөлүшүү:

-Арзыбек Орозбекович,  мегакомдун сатылышы  чуулгандуу окуя болуп кетпейби?

-“Мегакомдун” 100% акциясы мамлекеттин эсебине өткөн. Бирок  анын  айланасында  дагы бир эки маселе бар. Биринчиден сот иштери бүтө элек. Эл аралык  сотко чыгып калышы мүмкүн. Эгер эл аралык сотко чыгып калса  73 миллион доллар төлөп беришибиз керек болуп калат. Телекомуникация, өзгөчө мобилдик байланыш  тармагы абдан атаандаштыкты талап кылган жай. Мобилдик оператордукту учурда “Мегаком”, “билайн”, “ошка”  тейлеп жатат.  Учурда булардын арасында конкуренция  бар.

-Мамлекет  үчүн  “Мегаком” кирешелүү мекеме экени белгилүү. Мамлекетибизге  миллиондогон киреше берген  ишкананы сатыкка чыгаруунун  түпкү мааниси эмнеде?

-Туура, мамлекет  өзүнүн  акча түшүп жаткан тармагын саттуу алдында  турат. Ошондуктан көбү каршы болуп жатат. биздин эсебибиз боюнча  дагы үч төрт жылдан кийин өзүнүн  салмагын жоготот.  Учурда  мобилдик байланыштардан дагы  башка нерселер  чыгып кетти. Мисалы “Вайбер”, “вотсап”,  “скайп” деген нерселер чыгып кетти. Элдер азыр толугу менен ошол  арзан  кызматтарды  пайдаланып  жатышканы маалым. Мобилдик  компаниялардын билдиргенине караганда  жакынкы арада  алар 50% кирешесин жоготуп алышат.

-Мисал келтире кетсеңиз?

-Эсиңиздерде болуш керек,  “пейджер” деген байланыш  чыккан.  Азыр ал жок болуп кетти. “Кател”  дагы өзүнүн  рынок шартында жашап кала алышкан жок. Эгер биз мегакомду кармап тура берсек ушундай шарттарга келип калышы мүмкүн. Ошондуктан  өкмөт муну саталы деп чечти.  Бүгүнкү күндө биз  мегакомдун баасын 306 миллион доллар турат  деп эсептеп чыктык. Же  сомго алмаштырганда 19 миллиард сом болуп калат.  Мындан кем сатылбайт Бул “мегакомдун” баштапкы баасы.  Мындан даагы баалар көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Эгер  “Мегакомду” убагында  сатпасак кийин жогоруда мен айтып кеткен “пейджер” “кател” компаниялардын кебетесин кийип калышы мүмкүн. Ушуну эл түшүнүшү зарыл.  Кемчиликтер бар, азыр аны мойнубузга алабыз.

-Турцияга болгон  сапарыңызга токтоло кетсеңиз?

-Ал жакта кыргыз түрк ишкерлеринин бизнес форуму болду. Кыргызстандан да барышты. Мен буга чейин  мындай ишкерлердин чогулганын көрө элек болчумун. Орто жана кичи, чоң бизнестегилер да барышты. Евразия биримдигине киргенибизге байланыштуу биздин базарыбыз алты миллиондон 180 миллионго чейин көтөрүлдү. Кыргызстанда  300гө жакын биргелешкен кыргыз түрк ишканалары бар.  Барган ишкерлер эң негизгиси өнөр жай, кайра өндүрүүчү тармагы,  эмерек чыгаруучулар   келишим түзүштү. Мен экономика министри катары   түрктөрдүн өнүктүрүү министри жана бажы жана өнүктүрүү министри менен жолуктум. Биздин  мурдатан калыптанып келген достугубузду дагы улантабыз  жана ишкердикти кеңейтебиз деген чечимге келдик.  Кыргызстанда   ишкердик үчүн  эң жеңил шарттар  бар экенин айттым. Буйруса май, июнь айларында алар Кыргызстанга келишет, ошондо дагы сүйлөшөбүз.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: