Menu

Тажик бийлиги элди суу жана азык-түлүк камдоого чакырууда

Бөлүшүү:

Тажикстанда  быйыл  кургакчылык жана суунун тартыштыгынан улам   түшүмдүүлүк аз болот деген божомол айтылууда. Андыктан   керектүү  суу жана тамак-аштын корун камдап алуу чакырыгы  президент Эмомали Рахмондун төрагалыгында өткөн өкмөттүн жыйынында айтылды.

Тажик президентинин сайтында маалымдалгандай, жыйында  Рахмон 2016-жылы жаз эрте келгенине байланыштуу  кургакчылык жана    суу тартыш болушу мүмкүндүгүн   эскертти.  Андыктан  азыртан эле айыл чарба жерлерин, бактарды жакшы сугарып,  суунун корун топтоого чакырык ташталды.

Ошондой эле  президент мамлекеттик  мааракелерге, элдик жөрөлгөлөрдү өткөрүүгө корогон чыгымдарды азайтып, жарандар азык-түлүктү керектүү өлчөмдө камдап алуусу керектигин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: