Menu

Садыр Жапаров, экс-депутат, «Мекенчил» партиясынын тең төрагасы: “Кандай күчтөр бирикпесин, өлкөнү саздан чыгарабыз деген тилектери болсо, чындап эле мамлекетти саздан чыгарганга күчтөрү жете турган болсо, эмне үчүн бут тосушубуз керек?”

Бөлүшүү:

“Биригип жаткан оппозициянын катарында мекенден алыс жүргөн Садыр Жапаров да кошулат экен деген имиш-кептерди угуп, Садыр мырза менен байланышып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
-Садыр мырза, оппозиция Ташиев, Келдибеков, Мадумаров менен күчтөнүп, Кыргызстанды саздан чыгарууга аракеттенип жатыптыр. Булар бийликке жетууну көздөп биригип жатабы же чындап эле элдин эртеңи үчүн биригип жатышабы?
-Кимдер, кандай күчтөр бирикпесин, өлкөнү саздан чыгарабыз деген тилектери болсо, чындап эле мамлекетти  саздан чыгарганга  күчтөрү  жете турган болсо, эмне үчүн бут тосушубуз керек? Ал эми эптеп эле бийликке жетүү үчүн биригип жатышабы деген сурооңузга так жооп бере албайм. Себеби, аны убакыт көрсөтөт. Ошондуктан, боло элек нерсени айтып,  көзү ачыктык кылбай туралы. Анткени, бүгүн биригип, эртең кайра ажырашып кетишкен саясатчыларды  20 жылдан бери көп эле жолу көрдүк.
-Имиштерге караганда сиз жана Мелис Мырзакматов да оппозициянын катарын толуктаарыңар тууралуу кептер айтылууда. Бул маалыматка ишенсек болобу?
– Мелис Мырзакматовду билбейм, мага эч кандай сунуш түшкөн жок. Эгер сунуш түшсө жетимиш өлчөп бир кесемин. Анткени, оппозициянын катарындагы адамдар да мааниге ээ. Ошондуктан, алгач катарында кимдер бар? Максаттары кандай? Мамлекетти кантип оңдоп кете алат? Ууруларды жок кылууга ниеттери барбы? Чындап эле коррупция менен күрөшө алышабы жана башка ушул сыяктуу мени кызыктырган суроолорго жооп издеп көрөм.  Анткени, мамлекеттин тагдыры чечилип жаткан учурда бүгүн бириге калып, эртең ажырашып кетүү туура  эмес. Ошон үчүн биригип жаткан адамдардын жеке кызыкчылыктарынан  мамлекеттин жалпы кызыкчылыгы жогору туруп, баа жеткис болушу  керек.
– Эгер  чындап эле эски санаалаштарыныз менен биригип калсаңыз силерди кызыкчылык бириктиреби же аргасыздык бириктиреби?
-Мен сизге дагы бир жолу кайталап коеюн. Мен тарапка кимдерден гана сунуш түшпөсүн, баардыгы жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болуш керек. Эгер кандайдыр бир топтун кызыкчылыгы гана боло турган болсо алардан баш тартып, келечектеги баардык саясый акцияларга, шайлоолорго жалгыз барганым оң болот. Кудай мандайга жазып жеңип чыксам. Андан кийин жалаң жаш, прогрессивдүү, заманбап жашоо шарттар менен ой жүгүрткөн, жалаң гана компьютер менен иш алып барган жаш кадрларды топтойм. Мындай жаштарыбыз ого эле көп. Болгону ак үйдө тааныш билиштери жок болгон үчүн туш тарапта жүрүшөт. Мен ошолорду  тандап,  мамлекетти башкаруу системасына алып келем деген тилектемин.
Асылкан кызы Перизат
Булак: “Майдан.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: