Menu

Камчыбек уулу Шекербек, УОК мүчөсү: “Эмне себептен бүгүнкү күндө бийлик берген убадасын аткарбай жатат!”

Бөлүшүү:

Акыркы эки жыл аралыгында Өлкөбүздүн экономикасында көӊүл жылытарлык жылыштар болбой  тескерисинче  бийлик  башчылары  финансылык каатчылыка шылтап, мамлекетибиз күн санап жакырланып бара жатканын моюндарына албай келе жатканы мени тынчсыздандырууда. Буга далил катары мамлекет тарабынан элге каршы тескери кабылалынган айрым бир мыйзамдар жана токтомдорго сиздердин көӊүлүӊүздөрдү бургум келет!
Бүгүнкү күндө эмгек жана социалдык коргоо министринин жергиликтүү бөлүмдөрү жаш балдарга  берилүүчү жөлөкпулду ар кандай  шылтоолор менен кыскартып, наристелердин  ырыскысын  тартып  алууда.  Мисал  үчүн  ата-энеси пенсия алгандар,  үйүндө авто унаасы барлар, эшигинде  эки  уй  жана  төрт  койу бар үй-бүлөлөрдүн  кирешесин  көрсөтүп, силер  жетиштүү  жашайт  экенсиӊер  деп, мамлекет  берүүчү  жөлөк  пулду  чегербей  жатат.  Өмүр бою иштеп, үч миӊ сом пенсия алган  пенсионердин  акчасы  өз кара жананын  бакканга жетеби  же  жумушсуз уулу менен келини  жана  үйүндө  жашап  жаткан  үч  төрт  небересине  жетеби?
2014-жылдын 27-ноябрда күчүнөкирген №670-токтому менен социалдык фондко болгон жер  үлүшүнүн  төлөмү  бир  жылга 468 сомго  чыгып, булл акчаны дагы элдер төлөй албай жатат.  Социалдык  фондко  болгон төлөм  пенсияга  чыгууга стаж болот деп, элдин башын айландырууда!  Анысы аз келгенсип, ооруканада  даарыланып  жаткан  аттуулдарды дагы соц. Фонддун карызын  төлө, андан  кийин  дарылайбыз  деп, оорукчан адамдарды убайымга  салып, кыйнап жатканын  кантип  түшүнөбүз?
Аксы району борбордон  алыс  жайгашып, коӊшулаш  Өзбек  Республикасынын үч району менен  жектешип, чек арасы  кооптуу  райондордун  бири. Азыркы  күнгө  чейин чек арабыз  толук  такталып  бүтпөдү. Чек аранын  чырлуу абалынын  кесепетинен  биздин аттуулдардын  жүздөгөн уй-жылкылары  коӊшулаш  Өзбекстанга  уурдалып  кетип, миллондогон  чыгымдарга  учурап  жатат.
2016-жылдан 1-февралынан баштап, Өкмөт токуган  токтомго ылайык кыймылсыз мүлктөрдү жана авто унаа  каражаттарын  милдеттүү  камсыздандыруу  жараяны  башталды. Өкмөттүн булл кадамы  карапайым  калк  арасында  тескери кабылданып жатат.  Себеби,  калктын 90% пайызы  жумушсуз болгон, Кыргыз мамлекети үчүн мындай төлөмдөрдү карапайым  элден чогултуп  алуу  кыжырды  гана  келтирбестен,  Өлкө жетекчилерине  болгон  нааразычылыкты  күчөтөт. Анткени кайсы бир жарандын үй мүлкү жабыркап, авто унаасы  кырсыка  учураса  бүгүнкү  күнгө  чейин  эч  кандай  ызы  чуусу  жок эле аттуулдар  өздөрү  калыбына  келтирип  алып  жатпайбы?
2010-жылдагы кандуу  окуяга  чейин К. Бакиев  бийлиги   электр  энергияга  болгон бааны 1, 50 тыйынга  көтөргөндө  азыркы  бийлик  башында   тургандар  ызы-чуу  салып, элдин  сөзүн  сүйлөшкөн. Тилеке  каршы  өздөрү  бийлике  келип, электр  энегриясынын  баасын, 2, 54 тыйынга  чейин  жогорулатып, элдин  чыдамын  кетирди.
Урматтуу  Алмазбек  Шаршенович сиз,  2010-жылы  Ала-Тооаянтында; «Светке болгон  бааны  жогорулатуу  бул  күнөө  биз, бааны  көтөрбөйбүз» деп  айткан  элеӊиз!! Эмне себептен  бүгүнкү  күндө  сиз  күнөө  жасап, элди  кыйнаган  чечимдерди  кабыл алып жатканыӊызды  түшүнбөй турабыз!!!!
Кыргыз эли азыркы  бийликтин  элге карата жүргүзгөн саясаты жарандардын кыжырдануусун  күчөтө  баштады. Тагыраак  айтканда  буга  чейин  Өлкөбүздүн ар кайсы  булуӊ-бурчтарынан бийлике болгон ишеним жоголуп,  нааразычылыктар  болууда. Мекендештерибиздин  талаптарын толугу менен колдойбуз.
Аксы эли 2016-жылдын 10-февралында бийлике  койгон  талаптар  сөз  боюнча  гана калып, иш жүрбөй жатат.  Ошол себептен бийлик өкүлдөрү биздин талаптардын аткарылып  жаткандыгы  тууралуу  токтомдорду  толугу  менен  алып  келип, элге көрсөтүүсүн  суранабыз.  Эгерде  биздин сунушубуз создукталып, аткарылбаса анда эл арасында дагы нааразычылыктар күчөшүнө алып келе тургандыгын эскертебиз.
Камчыбек уулу Шекербек, УОК мүчөсү

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: