Menu

Жалал-Абадда “Ак калпак” күнүндө ар улуттун өкүлдөрү ак калпак кийишти

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз Петролеум Компани (КПК) ишканасы «Ак калпак» күнүн салтанаттуу түрдө белгиленди. Баса белгилеп кетүүчү жагдай бүгүн кызматкерлер улутуна карабай кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпагын кийишип жумушка келишип, бири бирин бул майрам менен куттукташты.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө башка улуттун өкүлдөрүнө ак калпакты кийгизишти.

“Биздин мекеме ондон ашуун улуттун өкүлдөрү эмгектенишет. Көп улуттуу, ынтымактуу өндүрүш ишканасы катары улуттар аралык ынтымакты чыңдоого карата кызматкерлерибиздин кошкон салымы чоң. Калпак – бул кыргыздардын кийген кийимдеринин арасынан эң ыйыгы, кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү.Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. Ата-бабабыз кастарлап кийип келишкен. Кыргыз эли калпакты жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу, ыйык белгиси катары кастарлап, көрк катары маанилүү шаң – салтанатка кийип жүргөндүгү жалпы дүйнө элине белгилүү.” – дейт КПКнын президенти Динмухаммед Касымбеков.

Ошондой эле бул иш-чара улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, улуттук каада-салтыбызды, маданиятыбызды өркүндөтүү максатын көздөп, быйылкы маданият жана тарых жылынын алкагында уюштурулуп жаткандыгын кошумчалады.

Тынчтыкбек Мамаев, Жалал-Абад облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: