Menu

Жалал-Абад облустук администрациясы: Аксыда митинг тынч өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-мартта Аксы районунун борбору Кербен шаарында тынчык митинги болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Тынчтык митингине 400гө жакын эл катышты. Митингдин катышуучуларынын алында Аксы районунун акими Медет Айдаралиев чыгып сүйлөп, Кыргыз Өкмөтү жана жергиликтүү бийлик тарабынан буга чейинки Кара-Жыгачта болгон тынчтык митинги жана анда эл тарабынан коюлган талаптардын аткарылышы боюнча кеңири маалымат берди.

Тынчтык митингин уюштургандардын бири, Кашка-Суу айылдык кеңештин депутаты Шекербек Камчыбек уулу жөлөк пулдарын алууну жеңилдетүү, электр энергиясына 700 кВаттан кийинки жогорулатылган бааларды азайтуу, турак-жай менен автоунааларга болгон камсыздандырууну убактылуу токтотууну, Өзбекстан Республикасы менен болгон чек ара маселесин демаркациялоо жана делминтациялоо маселелерин тездетүү талаптарын билдирди.

– Жерге болгон социалдык фонд төлөмү мурдагы баасында өзгөрүүсүз  калды. Ал эми балдарга төлөнчү жөлөк пулдар боюнча жаңы мыйзам иштелип жатат. Ал эми чек ара маселеси боюнча КРнын Өкмөттүк комиссиясы тарабынан демаркациялоо жана делминтациялоо иштери жүргүзүлүп жатат,- деди Аксы районунун акими Медет Айдаралиев.

Аксы районунун акими Медет Айдаралиев карапайым элди пайдаланып азгыргандарга алданбоого, элди биримдик менен ынтымакчылыкка үндөп кетти. Элди саясий оюндун куралына айландырбастан жаз жарышын уюшкандыкта баштоого чакырды.

Митинг тынч өттү жана тараптар өз ойлорун ачык айтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Аксы районунун борбору Кербен шаарында 25 112 калк жашайт. Ал эми жалпы Аксы районунда 134 миң калк жашайт.

аксы1

аксы3

аксы5

Жолдошбай Осмонов, журналист

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: