Menu

Саруу айылынын тургундарынын элге Кайрылуусу: Бүгүнкү бийликтин мыкаачылыгы!

Бөлүшүү:

Урматтуу калың журт!
Урматтуу жүрөгү кыргызмын деп соккон инсан!
Саруу айылындагы жана Каракол шаарында болгон окуялар боюнча биздин балдарыбыздын камака алынганына 3-жыл убакыт өттү. Ошондон бери көптөгөн тергөө жана сот иштери болуп, башында коюлган айыптар аныкталбады. Керек болсо сотко күбө катары чакырылган Э.Каптагаев, күтүлбөгөн жерден «Саруулуктар күнөөлү эмес, накта кылмышкерлерди кармагыла» деп прокурорго карап айтканы, бул иштин жасалма экенине чоң далил болду.
Биздин балдарыбыз Акаев жана Бакиевдердин убагында түзүлгөн, «Кумтөр» долбоорундагы экология, коррупция жана адам укуктарын бузуу маселелерин көтөрүп, Кыргыз элибиздин таламын талашышкан. Бирок бул, бүгүнкү сатылма бийликтин жана эл аралык афиристердин кызыкчылыгына түздөн-түз каршы келгендигине байланыштуу, атайын ыкмаларды жана күчтөрдү колдонуп, чыгаан жигиттерибизди камака алуу амалдарын ишке ашырышкан.
Телевизордон жана интернеттен көрсөтүлгөн акча өндүрүү видеону, Алматыдан өткөрүлгөн экспертизадан монтаж жолу менен жасалган деген анализин жалпы элибиз уга элек. Ал эми 2-жылдан ашык биздин уулубуз Сарыбаев Айбектин же соттолбой, же үй камагына чыгарылбай ГКНБнын СИЗОсунда отурганы кадимки эле мыкаачылык десек жаңылбайбыз.
Эгерде ушунчалык принципиалдуу бийлик болсо, эмнеге кан ичээр Батукаевди мыйзамсыз бошотулганына көз жумуп, расмий адамдай узатышты? Эмне себептен эки адамдын өмүрүн кыйган мурунку шаар башчынын баласы түрмөгө отурган жок, ал эми өзү СДПКдан депутат болуп парламентте отурат? Бирок эң негизгиси, эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин «Кумтөр» маселеси Кыргыз элинин пайдасына чечиле элек?
Урматтуу туугандар!
14-мартта Кыргызстандын жер-жерлеринде боло турган элдик жыйындарды жана 24-мартта Ош шаарындагы курултайды колдоп, ушул кайрылууну жөнөттүк! Кабыл алынуучу резолюцияларга Саруу жана Каракол окуялары боюнча абакта жаткан балдарыбызды бошотуу боюнча талапты кошууңарга ишенебиз!
«Кумтөр» маселеси чечилмейинче башка кен байлыктар ачылбасын!
Урматтоо менен Саруу айлынын тургундары.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: