Menu

Айымдарды кубандырган «Акылдуу белдемчилер»

Бөлүшүү:

Эл кризиске малынып көпчүлүк  кыйналып, эптеп күнүмдүк оокатын таап жеп жатса  «өнөрлүү өлбөйт» дегендей иштин көзүн тапкан айрым адамдар жалаң ийгилик артынан ийгиликтерди жаратып, өз өнөрлөрү, эмгектери менен биздин жарандарды гана эмес чет өлкөлүктөрдү да кубандырып турган кез. Дизайнер Махабат САМАНЧИЕВА  жакынкы эле аралыкта «Ruslanova Aiym» мода үйү менен айымдарга арналып тигилген өз коллекциялары менен бир топ чет өлкөлөрдө болуп, суктандырып кайтты. Биз бүгүн жакшы каражат булагын таап, айымдарга  ыңгайлуулук тартуулаган «Акылдуу белдемчилер» коллекциясы тууралуу сөз кылмакчыбыз.

 — Илгери апаларыбыз белдемчи менен белдерин бекем бууп, тоодогу ызгаар суукту сезбей келишиптир. Биздин заманга ылайыкташтырып белдемчилер коллекциясын эң сонун чыгарыпсыздар…
Чыптама1— Белдемчи кыргыздын эң байыркы жана даанышман эл экендигин далилдеген кийимдеринин бири. Анын топчусунун жоктугу, топчу пайда боло элек доордо эле энелерибиздин кийип жүргөндүгүнөн кабар берет. Кыргыз эли көчмөн калк болгондуктан, атка минүүгө ыңгайлуу, бели калыңдалып тигилип, бөйрөктү сууктан сактайт. Бел дайыма кысылып тургандыктан, кыргыздын кыз-келиндери кымча бел келишкен. Белдемчилер жөн гана кооз болбостон, акылдуу да келет. Эмне үчүн акылдуу? Анткени айымдардын белин түз, жылуу кармап, тышкы терс таасирден коргоп турат.

-Белдемчиге айымдардын кызыгуусу кандай болуп жатат?

— Бизден белдемчи алган айымдар абдан ыраазы болуп жатышат. Азыркы заманбапка ылайыкташтырылып күнүмдүк турмуш тиричилигинде кийсе болот.

Мугалимдер, дарыгерлер, өкмөт кызматкерлери, студенттер, жаш өспүрүм кыздар айтор айымдардын баардык катмары кызыгып өзгөчө жаз айында кийип чыгууга куштар болушууда.  5-март күнү Ала-Тоо аянтында “Ак калпак” күнүнө арналган этно-фешн көрсөтүүсүнө да алып чыгып көпчүлүккө тартууладык.

— “Акылдуу белдемчилердин” баасы кандай? Кандай каражат таап жатасыз?
Чыптама2-Белдемчинин баасы 3000-4000 сом. Абдан сапаттуу, бир нече жыл кийе турган баалуу кездемелер менен тигип жатабыз. Дизайнерлик кесибим менен дүйнө жүзүн кыдырып келем. Жакшы каражат таап, элдин алды болуп жашап жатабыз. Кээде чыгармачылык изденүү адамдын жашоосун бүтүндөй өзгөртүп, жалаң жакшы адамдар менен аралаштырып, жашооңду көрккө бөлөйт.

«Өпкө тосоор чыптама» коллекциясы

Биз бүгүн сөз кыла турган уз айым Бурул ТАШИЕВА да өнөрү менен ишкерликти айкалыштырып жакшы каражат булагын таап келет. Анын «Энелер өргөөсү» мода үйүндөгү жалаң таза кездемелерден тигилген көйнөк, чыптамалары көргөндүн көз жоосун алат.

-Сиз айрыкча чыптама тигүүгө кызыгып атайын коллекция да жаратып жиберипсиз?

— Илгери биз кичине кезибизде Алайдын суук тоолорунда жашап жүргөнүбүздө «Ай, өпкөңө суук тиет го, ботом, өпкө тосооруңду кийсең боло» деп энем урушчу эле. Ошондон улам ушул күнгө чейин чыптаманы үстүмөн түшүрбөй кийем.  Кичинекей наристеден карыган адамдарга чейин чыптама ыңгайлуу, эң керектүү кийимдердин бири. Илгери апалар баймын десең бархат кий деп айтып калышчу.  Чыптамалар накта бархаттан тигилет, ичи пахта кездемеси менен ичтелет, ошол себептен суукта өтө жылуу, ысыкта тердетпей жагымдуу температурада денени алып жүрөт.

 -«Энелер өргөөсү» мода үйүнөн бир айда канча каражат табасыз?

— Бир күндө болжол менен 3-5 көйнөк чыптамалар сатылат. Баалары 3 миң сомдон 30 миңге чейин, ар бир баадагы кийимдин өз алуучусу бар. Бирок ушул ишкерлигим менен канча бир кыз-келиндерге жумуш берип, жакшы эмгек акыларын төлөп, туугандарымдын баарын Кытайдын эмес, таза жүндөн тигилген улуттук кийимдери менен камсыздап, үй тиричилигимде акчадан кор болбой жашап жатабыз. Ар бир айымдын ар башкача өнөрү бар. Болгону изденүү жана эмгектенүү сен каалаган баардык ийгиликке жеткирет.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: