Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Атамбаевдин “семейное правление” жок дегени күлкүңдү келтирет»

Бөлүшүү:

Коомдук ишмер, кайсыл бийлик болбосун катачылыгын бетке айткан Эдил Байсалов менен мамлекетибизде орун алып жаткан саясый кырдаал тууралуу ой бөлүштүк.

-Эдил мырза, коопсуздук кызматынын алдындагы коррупция менен күрөшкөн тармакка президент жан сакчысын жетекчи кылып дайындаганы ал тармактын кадырын түшүргөн жокпу?

-Түшүрө турчу деле кадыр жок ал жерде. Кыргызча коррупциянын энеси Майрам Дуйшеновнанын сүйүктүү укасын “коррупция менен ийгиликтүү күрөшөт” деп Атамбаевдин АКСке мурунку дайындоосу менен эле элге шылдың болгон. Эми тигинисин дайындап  жатып: “он не будет воровать” дейт. Анда мурункусунун “воровать” эткени чын болсо, баардык бизнесмен-чиновниктерге салык салып, НКВДдан беш бетер элдерди коркутуп, медакадемиянын аппарат жетекчисинин өлүмү эле ачыка чыгып атат, калгандары канча экенин кудай өзү билет! Деги ошону анда жоопкерчилике тартпайбы Атамбаев, айтканы чын болсо! “Семейное правление” жок дегени күлкүңдү келтирет. Акаев аялын экинчи президент кылып дайындаганынан Атамбаев өкүл баласы-шоопурун ошол даража жеткиргенинен эмнеси айырма? Акаевтикинен беш бетер начар болуп жатпайбы башкаруу? Акаев күнүгө өзү иштечү, жүздөгөн документтерди үтүр-чекитине чейин окуп, оңдоп, бардык министрлерди жетектеп, активдүү ички-тышкы саясатты жүргүзчү. Азыр болсо андай президент жок! Бирок кудум, баягы “отдел кадр” толугу менен иштеп атат. Дайынсыз кайсы жерден чыккан, айдоочунун өзүнүн деңгээлине жарашыктуу кадрлар кандай башкарып атканын мына азыркы мамлекеттин абалын байкап коюңуздар. Башында мына эртен-бүрсүгүнү гүлдөтөм Кыргызстанды, кичине убакыт бергиле деген Атамбаевтин мөөнөтү деле бүтүп калды. Бир дагы жаңы завод ачылган жок. Акыркы иштеп жаткан заводдор жабылды. Мал, авто жана кийим-кече базарларыбызда сооданы озубуз көрүп атабыз. Баардыгы токтоду! Бул бир эле фактор. Жалпы эл билбегендер толтура. Тышкы саясатыбызда бизде бир дагы дос калган жок. Баардыгын кагып-силкип, канчасын сөгүп атып, мына бир дагы мамлекет азыр биз жөнүндө жылуу сөз айтканын укпайсыз. Атамбаевдин жети жылдык ийри, улуттук кызыкчылыкка каршы келген саясатын биз он жети жылда оңдой алсак, оңдодук, бирок зыян өтө көп келтирилди бүт тараптан. Кайсы тармакты алып көрбөңүз, баардыгы “там конь не валялся” кербези. Анан демократия дегеничи. Мен дагы бир жолу кайталайм: Атамбаевдин өзүнүн шопурун, кол балдарын дайындаганынан Акаевдин Майрамынан же Бактиевдин Жанышынан эч кандай айырмасы жок. Эмне үчүн 7-апрелде балдар жанын кыйды эле? Атамбаев мамлекеттик резиденцияда турсун деппи? Же үйбүлөлөрүбүзгө батир тийсин дагы бир чын тийбестер биздин атыбыздан депутат болсун деп аянтка чыгышты беле? Ачуу чындыкты уккусу келбесе, мына мен ачык айта алам: урматтуу Алмаз Шаршенович, “үйбүлөлүк режимдер”, биз экөөбүздөй оппоненттеринен тышкары, башка жалпы элге азыркы бийлик менен салыштырмалуу он эсе берекелүү болгону факт!

– Президенттин оппозицияны сындаганы жөндүү эле болдубу?

– Мен угуп уялдым. Кудум баягы Алмазбек Шаршенович өзү бизге айтып берген Шварцтын дракону болуп өзү чыгып атпайбы. Көрсө, “кыйкырып чыккан оппозиция – эл бузарлар” экен. Өзү канча жолу чыкты эле? Өзү канча жолу президент элди тонотпой калды деп, Акаев менен Бакиевди катуу сынга алып, элди топтогонун биз кантип унуталык, драконго ал айланса дагы. Башка сөз эле таап, жумшагыраак деле айтса түшөнөт элек да. Уялбагандан сен уял эле болду. Анан, баса, Акаев менен Бакиев оппозицияны канча сынга алышса дагы, аларды атайын чакырып “тегерек столдорду” өткөзүшчү. Жашыруун жолугушууларды эмес, ачык телевидение аркылуу. Атамбаев болсо “мына мен демократия жолун түптөп  бердим” деген куру сөзүнөн башка сөзү жок. А жакшыраак байкап көрсөңүз, азыр Максим Бакиевден башкасы бийликтин ар бир бутагында баардыгы ошонун секретариатында отурган жигиттери. Малеванная Атамбаевге сонун кадрларды таптап кетиптир да. Балдар аянтта жырткычтарга каршы тикеден туруп, шейит кетишти, жаңы кожоюн болсо ошол жырткычтарды болуп көрбөгөндөй кызматтарга кондурду. Анан буларга кайдан анан Мадумаров менен Ташиевдер “эл бузар” болбосун? Акаевдин сүйүктүү пресс секретары Сегизбаев элди кандай гана сөздөр менен соккон эмес 2005-жылы? Ал 7-апрелге чейин же ошол улуу күнү каякта болду экен? Эми ошону улуттук коопсуздукту тейлетип койгон Атамбаевге сөз айтуунун деле кажети жок. Мына бир жылдан кийин кимиси Атамбаевге болушуп чыгаарын көрөбүз. Бирөөсү да чыкпайт, ишенип коюңуздар! “Бакиев-Акаев же Атамбаевби?” дегенде, азыркы президенттин жанында эски шопуру гана жана бир канча оор бирок пайдасыз чемодан калат.

– Жер жердеги тынч митингдер неден кабар берет? Эмнени эске салат? Бектур Асановдун Атамбаев кетсин деген талабы аша чапкан жокпу?

-Мен таңгалганым митингдер дагы аз болгону. Жер жердердеги эл мурунтан эле ачка. Азыр баш каалабызда абал өтө начар. Жүз миңдеген үйбүлө сыздап отурат. Азыркы жаштардын көбүнчөсү билим деңгээли, тарбиясы мурункудай эмес.

Атамбаевтин бийлиги азыркы күнү мамлекеттин эртеңки кызыкчылыгын ойлобостон, колдо болгон кымындай калган байлыкты ошол элдин ызаасын алдап, сооротуп турганга жумшап атышат.

Мына килейген бай Россия менен Казакстандын валюталарын арзандатып, экономиканы сактап калышты, бүгүн кичине кыйналабыз, бирок эртең өнүгүү кенен жолуна чынабыз деп көрөрман жетекчилик кылып жатышат.

Биздики болсо “лишь бы день продержаться, да ночь простоять” деген идеология. Бир дагы реформа жүргүзүлгөн жок. Карандай популизм! Атамбаевдин ойлогону азыр “элге жаман көрүнүп албайын” деп эле отурат. Келечекти ойлогон жетекчи элге ачык кайрылып, кыйын учурда биримдикке чакырып, жалпы мамлекеттик саясатты туура түшүндүрөт эле, азыркы бийлик болсо миллиард долларга жакын валюталык запасты текке кетирди, сомдун курсун кармайм деп. Болуптур, Атамбаевго эртең кетет, биз эртең эмне кылабыз? Жергиликтүү өндүрүүчүлөр болсо талкаланды. Эртеби-кечпи баары бир курсту рубль менен тенгенин деңгээлине алып барышыбыз керек болот. Бирок ошондо мугалим, врач жана пенсионерлерге кайсы каражатты жумшайбыз? Муну ойлогон киши жок! Эртең эмне болсо ошо, Атамбаевдин заманы тың эле болсун деген саясат. Мен бир сөздү айтып коюшум керек: мен 100% каршымын кайсыл бир төңкөрүш уюштуруп, Атамбаевди мөөнөтүнөн мурда кетирүүгө. Бул биздин мамлекетибизге өтө чоң сокку болот. Үчүнчү соккудан турбай калышыбыз ажеп эмес. Ошондуктан, кандайдыр бир күчтөр мындай аракетти пландап жатышса, угуп алгыла, мага окшогон патриоттор Бишкекте жетиштүү. Биз Атамбаевди эмес, кыргыздын мамлекетин коргоп чыгабыз! Убактысы аз калды, шайлоого чыгып, эмки бийликти эл шайлашы керек!

Митингге катышкандардын санын азайтып айтуу бийликтин кадимки аракетиби же чындап эле эл митингден тажап калдыбы?

– “Митингтерге эл аз чыкты” деп айтуу эми ушунчалык азыркы бийликтин көк мээлигин көрсөтөт. Бирок, мен айткандай эле, так азыркы Атамбаевдин тегерегиндегилер убагында Акаевди дагы, Бакиевди дагы сооротуп атып, аңга түртүшкөн. Биздин эл митингке чыкпайт. Бирок чыккан күнү  кеч болуп калат. “Митингге эч ким чыккан жок” деген сөздү биз 23-март күнү даны, 6-апрелде дагы укканбыз. Аягы эмне болуп бүткөнү биздин жакшы эсибизде, мурунку “эл бузарлар” азыркы “дракондор” унутуп калышса дагы.

– Кулматовдун орус Өнүктүрүү фондун жетектеп калганы күтүүсүз болдубу же мурун эле макулдашылган беле?

– Кулматов жөнүндө кызык эле болду. Бул киши таарынганынан “мен үйбүлөлүк себептер” боюнча кеттим деп айтканын баардыгыбыз укканбыз. Эми көрсө “үйбүлөлүк” себеп деле жок экен! Же Атамбаевди “семейный режим” дегениби, түшүнбөй калдык! КРФР фонддун начар иштегенин Нурсулуу Ахметовага шылтап атышат. Бирок ал киши өтө чабал экени мурун эле так көрүнүп турбадыбы? Бизди ЕАЭСке “май көл, сүт көл” деген лозунгдар менен ким киргизди? Так ушул Ахметова эмес беле? Кыргыз эли ишенген “мына биздин кызыкчылыгыбызды” жакташат деген Атамбаевдин чиновниктерин баардыгын Москва эчактан эле сатып алган: бирөөсү азыр Москвада союз министри болуп жүрөт, бирөөсү ошол аэропорттону ишканалан бир канча миллион долларга директелер кеңешине мүчө болду орустарга, ошонун эсебине жана Путиндин жылмаюсу үчүн мамлекеттин суверенитетин өткөрүп берди. А бул айым Ахметова болсо фондко жетекчи болуп дайындалды. Орустар баардык акчаны өзүнүн банктарына жайгаштырышты дагы, бир күн өмүрүндө банкада иштебеген буга, угушубузча, 20 миң доллар айлык чектеп коюшуптур. Жашоо -керемет! Биздин жалпы элдин көз карандысыздыгын ушул болбогон бир канча жүз миллион долларга өткөрүп ийген Атамбаев менен Сариев, азыр акчаны доолап ала албай жаткан чагы. Оюнда ошол акчаны алып, 12% менен сомго (бул бекерден бекер дегени) айлантып, чардайбыз дагы, тың чыкмалардын оозун жаба турабыз дешкен. Болбой калды! Эми орус паспорту бар, мүнөзү орус Кулматовту ортого салган кербези. Кулматовдун шаарда иштегенин көрдүк. Москвадагы кабинеттегилер менен тил тапса табаттыр, бирок экономиканы тез арада жандатчу программаны ача албайт. Ал үчүн табияты элдик киши болушу керек, жоопкерчиликти моюнга ала турчу. Азыркылар болсо коркушат бири биринен, жана биринчи кезекте Атамбаевден. Ал өзүнүн аппарат жетекчисин болбогон жерден каматып атса, калгандары эмне болуп калыптыр. Атамбаевге ишенич жок эч кимде. Мына анын премьер министринин ролун аткарган актер сөрөйлөр Сатыбалдиев менен Оторбаевдер жүрүшпөйбү наалып. Анан Кулматов кыйратмак беле?

Оппозициянын дымагынан чоочулаган президент өз бийлигин бекемдеп, өз кадрларын тездик менен кызматка коё баштадыбы?

-Мен жана айткандай, эч кандай айырма жок “үйбүлөлүк” режимден. Мына бүгүн дагы дайындалган АКС жетечисин Атамбаев кабыл алып: “күрөштү күчөт” деп айтканын кабарлашты. А тиги келген киши Атамбаевге эки папке менен келип, кимге кандай материал бар экенин, кандай тапшырма же санкция бересиз деп отурат. Мындай көрүнүштө кайдан демократия болсун? Бул кызмат керек болсо президенттин өзүн көзөмөлгө алып, таза иштетиши керек эле да, туурабы? Анан Жаныш Бакиев Кыргызстанга эмес, жеке Курманбек Бакиевге кызмат кылгандай эле болуп турбайбы. А жанагы “кимди камап, кимге көз жумуп” кою боюнча Атамбаев өзү түз эле айтпадыбы. Былтыр Нарымбаевдин иши боюнча: “мен бул ишти козготпой, Даниярды каматпай деле койсом болмок” деп. А ким бизде президент? Ал тергөөчү, прокурор же сотпу? Андай функциялар жок президентте. Мына ушундан эле байкасаңар болот бул режимдин мурункулардан айырмасы барбы де жокпу? Кадр дайындоолорго деле мен көп көңүл бурбайт элем. Бир кандай ойлонулган саясат жок. Башаламан! Сабатсыз фермерди башкалаага мэр кылып дайындады. Ноокерлерин жалаң генералдык кызматтарга отургузду. Айдоочусун мамлекеттеги 2-кишиге айлантты. Айтып атамго, жашоо керемет! Бирок булар башка, эл башка, мамлекет болсо дайынсыз! Жалгыз тилегим – эмне кылса дагы, мекенибиздин бүтүндүгүн талкалабастан, көз карандысыздыгыбызды аягына чейин жок кылбастан, тынч кетсе экен. Аз калды эми. Чыдайлы!

Чынайым Кутманалиева

Булак: “майдан.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: