Menu

“1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшү: учурдагы көз караштар жана анын тарыхый мааниси” талкуу өттү

Бөлүшүү:

КР УИАда “1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшү: учурдагы көз караштар жана анын тарыхый мааниси”  аталыштагы илимий талкуу өттү.

Илимий талкууга Президенттик аппараттын өкүлү Заирбек Эргешов, Россиянын элчилигинин, КР мамлекеттик архивинин өкүлү, КР УИАнын окумуштуулары, жождордун илимпоз-окутуучулары, “Мурас” фондунун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер катышты.

Иш-чараны КР УИАнын президенти, академик А.Эркебаев кириш сөз менен ачты, ал эми модератору академик, КР УИАнын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев болду.

“Кыргыз эле басып өткөн 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн эки жагы бар, бир жагы – кыргыз элинин баатырдыгы. Кыргыздар өзүнүн эркиндиги, баркы үчүн көтөрүлгөн. Экинчиси, трагедиялык жагы – кесепети кандай болду. Биз эки жагын тең карап, дүйнөлүк контекстти эске алышыбыз керек. Башка элдердеги соңку тарых кандай өнүккөн, кандай саясат жүргүзгөн, кандай реакция болду. Мына ушул нерселерди таразалашыбыз зарыл. Тарыхка тарыхый мамиле кылуу парз, илимий аргументтерге таянып, токтоолук менен мамиле жасашыбыз зарыл. Биз август айына чейин академиялык, концептуалдуу пикирибизди билдиришибиз керек. Тарыхый, саясий, укуктук баа берүүбүз кандай болот – ошону чечүүбүз парз. Академия 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө баа берүүдө аянтча болуусу керек” – деди КР УИАнын президенти, академик А.Эркебаев.

Талкууда Санкт-Петербургдан көптөгөн документтер, маалыматтар келгендиги, ал документтер окумуштуулар тарабынан изилденип жаткандыгы,  1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн чыгуусуна мурда көңүлгө алынбаган сырткы себептер да кайрадан иликтене баштаганы, изилдөө методикасынын башкача амалдары да пайдалана баштаганы, жаңы маалыматтар мурдагы көз караштарга да таасир берээри айтылды.

Окумуштуулар жыл ичи бою документтерге таянган илимий билдирүүлөр жасалаарын, жүз жыл мурда болгон окуянын учурдагы эл аралык мамилеге терс таасирин тийгизбеши керектигин баса белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: