Menu

“Эл үнү” оппозициялык кыймылынын билдирүүсү: Курултайдын 1-этабы 22-мартта Аксыда, 2-этабы 24-мартта Ошто өтөт

Бөлүшүү:

2016-жылдын 18-мартындагы Өзбекстандын аскерлери Аксы району менен Ала-Бука районунун ортосундагы Сары-Булак айлында, Лейлек районунда талаш деп эсептелген аймактардагы Кыргызстандын жолун тосуп алышты. Бул эл аралык жана Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттер аралык келишимдеринин талаптарына туура келбейт.
Тилекке каршы, бул эгемендиктин 25 жылында Өзбекстан тарабынан жасалган биринчи жолку окуя эмес. Аксы жана Ала-Бука аймактарында бир нече жолу өзбектер жол тосуп алганда, кыргыз бийликтери ал жолду таштап салып, жогору жактан жол салып, чыр чыгарышкан эмес. Акыркы беш жылда кыргыз бийлиги чек ара боюнча Өзбекстан менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алган жок.
Чек ара абалы жылдан-жылга курчуп, талаш-тартыштардын айынан жарандарыбыз бөөдө өлүмгө дуушар болууда. Патриот жаш жигиттерибиз мамлекеттин бүтүндүгүнө тынчсызданып, Ак үйдүн алдына пикетке чыгышты. Аксылыктар бийлик чек араны коргобосо, өзүбүз коргойбуз деп шымаланып турушат. Алар чек араны мурда да коргоп келишкен. Эми эл өз алдынча чек арага чыкса ар кандай кокустуктар болуп кетиши мүмкүн.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Президенти, Коргоо кеңеши чек араны калыбына келтирүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү тез арада баштоосу зарыл. Мындан тышкары чек арада жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу керек.
Биз – “Эл үнү” саясий-коомдук кыймылынын түштүк регионалдык бөлүмүнүн жана Аксы районунун айрым тургундарынын өтүнүчү менен Аксы районундагы чек ара маселеси боюнча түзүлгөн кырдаалды эске алып, 24-мартта Ош шаарында өтүүчү Элдик Курултайдын 1-этабын Аксынын элине колдоо көрсөтүп 22-мартта саат 12де Кербен шаарында өткөрүүнү чечтик. Минтип жерибиз кесип алынып турганда, элим-жерим деген патриотторду биз менен бирге үн кошууга чакырабыз.
Биз, бардык Кыргызстандын жарандары сыяктуу эле, Кыргызстандын бүтүндүгүн колдоп, Өзбекстандын аскерлеринин бир тараптуу жол тосуусун айыптап, тынчсыздангандыгыбызды билдиребиз.

“Эл үнү” саясий-коомдук кыймылы
20-март 2016-жыл

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: