Menu

Фотобаян – Жалал-Абадда Нооруз майрамы белгиленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында Нооруз майрамы — Чыгыш мусулман элдеринин Жаңы жыл майрамы чоң салтанат менен белгиленди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Эртең мененки саат 10-до Жалал-Абад шаарындагы борбордук Эркиндик аянты шаардын тургундары, согуштун жана эмгектин кадырман ардагерлери, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери, шаардык жана областтык мекеме-уюмдардын эмгек жамааттары менен район-шаарлардан келишкен конокторго жыкжыйма толду.
Нооруз майрамынын катышуучуларына Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов атайын куттуктоо сөзү менен кайрылды. Андан кийин куттуктоо үчүн сөз өкүл Жумагүл Эгембердиевага берилди.
ЖА Нооруз3
-Дүйнө жүзүндөгү бардык мусулман өлкөлөрүндө тээ алмустактан бери эле Нооруз эң ыйык майрам катары белгиленип келет. Илгертен бери эле Нооруз бул – күн менен түн теңелген, Чыгыш элдери кылымдардан бери кастарлап келе жаткан Жаңы жылдын келүүсү катары элибиз тарабынан шаңдуу майрамдалып келе жатат. Нооруздан элибиз илгери үмүт менен жакшылык менен токчулукту, элдин биримдиги менен тынчтыгын жана ынтымакчылыгын самашкан.
ЖА Нооруз
Жаңырган жылда эл-журттун амандыгын, мал-жандын түгөлдүгүн тилешип, эгин менен кудай берген ырыскынын берекелүү мол болуусуна үмүт-арзуусун артышкан. Арпа менен буудайдан көжө бышырып, жер-жерлерде сүмөлөк кайнатышып, ар бир үй-бүлө берекелүү түркүн сый тамактарын жасап, дасторконго даамдын жети түрүн коюшуп, айыл эли менен биргеликте даам татышкан. Ноорузда жаңы кийимдер кийилип, жакшы арзуу үмүт-тилектер айтылат. Айлана жаз шаңына бөлөнүп, улуу-кичүүлөр чогулуп, улуттук оюн-зооктордун мелдештери өткөрүлгөн. Эски таарынычтар менен капачылыктар биротоло унутулуп, алдыга жакшы ой-тилектер менен асыл максаттар коюлган.
ЖА Нооруз10
Быйылкы жылды Президентибиз Алмазбек Атамбаев тарабынан «Тарых жана маданият жылы» деп жарыялады. Кудай буйруса бул багытта көп иштерди аткаруу милдеттери алдыбызда турат. Ошондуктан областыбыздын көп улуттуу ынтымактуу калкы мамлекетибиздин бакубат кубаттуу болуусу биримдик менен
достукта экендигин туура түшүнүшөт деп ойлоймун. Ал эми бай жана дөөлөттүү жакшы жакшоо ар бирибиздин аракетибизге жана өзүбүздүн ак маңдай тер агызып эмгектенүүбүзгө байланыштуу экендигин жадыбыздан чыгарбоого тийишпиз. Жараткандын ушул улуу күнү болгон Нооруз майрамында бири-бирибизге күйүмдүү, бири-бирибизге камкор жана тутумдуу бололу. Ыйык Нооруз майрамында бири-бирибизге жакшы каалоо тилектерди айтсак, ал сөзсүз түрдө ишке ашаарын унутпайлы.
ЖА Нооруз5
Жер шары жакшылыктарга бөлөнгөн ушул куттуу Нооруз майрамында мен ар бириңиздерге бекем-ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакты-таалай каалаймын. Кадырман согуш жана эмгек ардагерлерине карылыктын бакубат доорун сүрүүлөрүн чын дилимден тилеп кетемин. Улуу-кичүүлөрдүн баарына быйылкы жылга койгон асыл ой-максаттарынын турмушка ашуусун каалаймын. Кут даарыган Жалал-Абад жергесинде ар дайым тынчтык менен биримдик болуп, ар дайым балдарыбыздын күлкүлөрү жаңырсын. Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун, урматтуу мекендештер жана кадырлуу коноктор!,- деди өкүл Жумагүл Эгембердиева.
Нооруз майрамынын катышуучуларын областтык ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев, Кыргызстан элдеринин Ассемблеясынын Жалал-Абад областындагы өкүлү Бахрам Марасулов да куттуктап кетишти.
ЖА Нооруз4
Нооруз майрамдык салтанаты областтык Барпы театрынын жана Токтосун Тыныбеков атындагы областтык филармониянын артисттеринин кеңири программадагы концерти жана театрлдаштырылган оюн-зооктор менен улантылды. Нооруз майрамы областтын бардык район-шаарларында жана айыл аймактарында элдин активдүү катышуусу менен майрамдалып жатат. «Жаздын бир күнү – жылды багат» дегендей ушул күнү айрым дыйкандар менен фермерлер бул күнү кадимкидей талааларда эмгек күүсү менен алектенип өткөрүшкөндүгүн дагы белгилей кетүү абзел.
ЖА Нооруз6
Нооруз майрамында областтын борборунда жана район-шаарларда спорттун бир катар улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Мындан сырткары жер-жерлерде айыл чарба азык-түлүктөрүн сатуу боюнча жарменкелер уюштурулуп, калкты соода-сатык жана тамак-аш менен тейлөө кызматтары уюштурулду. Коомдук тартипти күчөтүлгөн шартта милиция кызматкерлери камсыздап, кырдаалды тыкыр көзөмөлгө алып турушту.
ЖА Нооруз7
ЖА Нооруз8
ЖА Нооруз9
Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: