Menu

Ыргалай Бекмуратова, “Мээр жазы” коомдук уюмунун жетекчиси: “Алмаз Шаршенович, сиз тиши түшкөн Ыргалайдан коркпой, “элдин ахыбалы жакшы” деп кабар жеткирип турган жаныңыздагы “жалганчы” душмандарыңыздан коркуңуз”

Бөлүшүү:

“Оппозициянын үн тасмаларында оппозициянын өкүлдөрүнүн баардыгы УКМКга чакырылып тергөөгө алынып жаткандыгын Кыргызстандын калкына КТРК телеканалы улам-улам көрсөтө берип жатка билип калдык окшойт. Ошол оппозициялык сүйлөшүүлөрдүн арасында, мен дагы күбө катары бардым. Тилекке каршы чындыкка дал келбеген, “бийликти күчкө салып, басып алуу планына” шектелген Эрнест Карыбеков жана Дастан Сарыгуловдордун үн тасмасы боюнча мен дагы УКМКга сурак бердим”— деп билдирди бүгүн, 31-мартта Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине жактоочу Ыргалай Бекмуратова.

“Менин таң калганым, “Вести.кж” сайты Ыргалай Бекмуратова Бишкек шаарындагы жаңы конуштарга акча таратып жүрөт” деп туура эмес маалымат таратты. Аталган маалымат сайтты сотко берип жүргөнчө эле, КТРК мен жөнүндө шыбаган көрсөтүүлөрүн көркөмдөтүп берди. Биз жөнүндө кеткен маалыматтар жалган-жалаа. Кыргызстанда чындык деген барбы өзү? Бийликтин оппозицияны текшергенден башка иши калган эмеспи? Оппозиция кыргыз элинин чыккынчы душмандары эмеспиз. Бийлик, оппозициянын сүйлөшүүлөрүн аңдып отурбай, Кыргызстандын чек арасына уруксааты жок кирип келген Өзбекстандын чек арачыларын кайтарсын. Алмаз Шаршенович, сиз тиши түшкөн Ыргалайдан коркпой, жаныңызда күнүгө “элдин ахыбалы жакшы” деп жалган кабарды жеткирип турган жан-жөкөрлөрүңүздөн коркуңуз. Негизги душмандарыңыз сиздин жаныңызда. Эгерде сиз бир жарым жыл тынч өз мөөнөтүңүздү өтүшүм керек десеңиз, сиз мага окшогон чындык деп чыркыраган, эл деп күйгөндөр менен түз жолугуңуз”, – деди Ыргалай Бекмуратова.

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: