Menu

Адилет Айтикеев, “Искра плюс” гезитинин башкы редактору: “Өзгөчө азыр “КСДП” фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков абдан кеңсеме көп келчү дейт”

Бөлүшүү:

-Адилет мырза, жакында эле Минск шаарына  Жаныш Бакиевге барып журналист катары маек алып келгениңиз коомчулукту дүрбөлөңгө салды.   Ар кандай сөздөр айтылып келе жатат. Кандайча кантип барып келдиңиз, айтып өтсөңүз?

– Бийликтин адамдары ар кандай сөздөрдү чыгарып жатышат, анын баарын түшүнөм.   Орустардын “адам өзү кандай болсо башкаларды ошондой ойлойт”-деген.  Мурдатан эле  ичимден Жаныш Бакиевден маек  алсам деген ойду ойлоп жүрчүмүн. Себеби  ар бир бийликте өзгөчө сырдуу,  башкача  фигуралар болот эмеспи. Бакиевдин убагындагы өзгөчө фигуралардын бири Жаныш Бакиев болчу. Мага кызык туудурганы бир кезде  укук коргоо органдарда иштегени,  анын аркасы менен  бир топ чуулгандуу маселелерди  ызы-чуулу иштерди ошол кишиге байлап жүрүшпөйбү. Мен маңдай тескей олтуруп, сүйлөшүү ниетим бар болчу. Ортодо  интернетте  башкаларга окшоп канкор деген сыяктуу сөздөрдү көп жазчумун. Бир күнү  байланышка Асылбек Салиев деген Жаныш Бакиевдин  баласы “дайыма атам жөнүндө жаза бересиң,  тажаган жоксуңбу? Андан көрү  жолугуп маек албайсыңбы? Эгерде  ошончолук эле курч,  эркин  чындыкты  жазган журналист болсоң” дейт. “Сөзсүз барам, бирок сылап сыйпаган үстүртөн  маек кылбайм. Курч суроолорду берем, ал киши генерал катары  жооп берсин. Ошондо гана  мен  макулмун” -деп айттым.   Макул болуп  маекти уюштурду. Антип минтип мен каражат таап барганча  15 күн убакыт өтүп  кетти. Бараарымды эч кимге айткан эмесмин. Атайын кызматтар билип  алышыптыр. Бардым, беш саттын тегерегинде ачык  маектешүү болду. Асылбек поездден  тосуп алып, атасынын кеңсесине  маектешүүгө алып барды.

-Биринчи берген сурооңуз эмне болду?

-Ал абал сурашмайдан баштадык. Негизги интервьюнун өзөгүн  албетте чуулгандуу кылмыш иштери, сыртынан соттолуп жаткандыгы боюнча болду. Мисалы 2005-жылы 25-мартта Жалал-Абаддагы облусттук банкында жоголгон 22  миллион сомдун айланасынан баштап, кылмыш иштер, адам өлтүрүүлөр, этеги келип Анапияевдин  өлүмүнө чейин  кеңири маектештик.  Маек абдан кооптуу кырдаалда өттү.  Себебин дагы түшүндүм. Адамга кечке эле жагымсыз суроолорду бере берсең ыңгайсыз абалда калат. “Бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугунда кандай суроолор үйүлүп,  талкууланып жатса баарын алып келдим”-дедим. Унчукпай олтура бергенден көрө ар бир суроого жооп узаткан жакшы.  Мындай маек жасабасам анда обьективдүү журналист боло алмак эмесмин.  Муну албетте  Бакиевчи деп кечээги өзү Бакиевдин колуна  кумган менен суу куюп, бутун жууп жүргөндөр кыйкырып жатышат. Алардыкы эми түшүнүктүү да.  Алардын максаты бирөөнү каралаш керек.

-Жалал-Абаддагы банктын тонолушу боюнча  Жаныш Бакиев эмнелерди айтты?

-Азыр интервьюларды улам редакторлоп карап жатам.  Ал жерде  банктан көп суммадагы  акча табылган экен. “Ошол акчаны бизге алып келди. Мен    Жалал-Абад областынын  ШИИБинин башчысы болчумун.  Биз аны атайын  адамдардын катышуусунда  протокол түзүп, тийешелүү акты түзүп  өткөрүп бергенбиз.  Аны менен кечээ соттун чечими чыкканда гана тааныштым. Таптакыр түшүнүксүз адамдар ортодон чыга калып көрсөтмө берип жатышат”-дейт.

-Өтө чуулгандуу мурдагы администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүн Жаныш Бакиевден көрүп жүрүшөт. Ошону кандай айтты?

 -Аны мен майда чүйдөсүнө чейин айта албайм. Бирок өзүнүн жоопторун берди. Ар бир адамдын өзүнүн чындыгы бар да. Пикирлерин жоопторун айтты.

-Кандайдыр бир деңгээлде күнөөм бар деп айттыбы?

– “Көп иштерди көз жаздымда калтырган иштер болгон, мойнума алам” деди. 7-апрель боюнча  БТРдин айланасындагы адамдарга,  курал көтөрүп келип, ак үйгө атака кылган адамдарга ок атууга буйрук бергем деди.  Максим Бакиев менен мамилеси абдан татаал экен.  Айрым жерлерде Курманбек Бакиевдин өзүнүн баласынын айтканын чыга албай  артыкчылык бергендигин,  акыркы учурларда көөп кеткендигин  бир топ фактылар менен сындады.  Жаныш Бакиевдин көп эле айткандарына ишендим.  Күмөндүү жерлери болду бирок,  көп маселелер боюнча айткандары мени ынандырды.

-Бүгүнкү күндө  ошол мезгилде өлгөн аттуу баштуу депутаттардын, бизнесмендердин   өлүмүнүн баарын  Жаныш Бакиевге төңкөп жатышат. Бул тууралуу дагы суроо берсеңиз керек э?

-Мен баардыгын суроо бердим. Баяман Эркинбаев, Санжар Кадыралиев,  Павлюк, Сыргак Абдылдаевге чейин суроо бердим, ал киши өзүнүн жоопторун берди. Кызыктуу эле маек болду деп эсептейм.

-Алмамбет Анапияевдин өлүмү боюнча эмнелерди айтты?

-Белорусия тараптын  укук коргоо органдарынын даректүү  видеолору фото материалдары чыгып жатпайбы. Ошол фактыларга  таянып ойлорну айтты. Аны кыргыз коомчулугу  деле түшүнүп турат да кандай жасалганын.

-Бизде радио менен телеге ишене берет да.

-Интернеттерге баары чыгып жатат го.

– Анапияевдин өлүмүн Жаныш Бакиев өзүнүн  кылмыш иштерин жабыш үчүн ошол жерге  алып барып өлтүрттү деп жатышат дегеним.

-Ар бир кылмышкер өзүн өзү акташ үчүн  сөзсүз бирөөгө жалаа жабат.  Анын баарын Белорусиянын укук коргоо органдарынын видео фото  материалдары ачыкка чыгып жатпайбы. Анапияев боюнча  көп далилдер ачыкка чыгат.  Ошол эле коштоп келген адамдар, ким коштоп  келген, ким кайсыл жак аркылуу учкан,  кайсыл жерде болгон далилдеп коюшту го.

– Азыркы  генерал Турганбаев жөнүндө да сөздөр болсо керек албетте.

– Эми ИИМ министри  Мелис Турганбаев жөнүндө абдан көп сөз болду. Экөөнүн ортосундагы келишпестик  журналисттер менен саясатчылардын арасында белгилүү.

-Кулак сөөмөй чыры боюнчачы?

-Ал боюнча да өзүнүн жообун берди. Мен аны азыр айтпай турайын.  Бирок Мелис Турганбаев боюнча башкаруу ыкмалары, азыркы учурда жасап жаткан иштери  бир топ пикирлерин билдирди.   Өзүнүн каналдары аркылуу алган маалыматтарды айтты.

-Кандай маалыматтарды?

-Маектин баарысын силерге айтпай эле коёюн. Маек буйруса  “Искра” гезитине толук бойдон 12-апрелде жарыкка чыгат.  Мен баарын  карап текшерип, окуп иштеп жатам. Муну катасы менен чыгарып жиберсем шашып чыгарып жиберсем ушуну да жөндөп жаза албайт деп менин тырмакчанын ичиндеги досторум айтып чыгышат.  Ошондуктан баарын карап анан чыгарайын дедим.

-Сиз “Манас” аба майданга келэээриңиз менен укук коргоо органдары, үч тамганын чекисттери “тосуп” алышкан жокпу?

-Мен Минскке кетип жатканда да, келгенден кийин деле, азыр дагы эч ким суракка алган жок.  Көз караштар менен да ыкма беришпеди. Мурда чек арадан өтүп жатканда келди келди дегенсип көз кысып жатышканын байкаган жокмун. Эч ким телефон да чалган жок.

-Мектешүүдөн кийин Жаныш Бакиевге болгон көз карашыңыз өзгөрдүбү?

-Ооба, бир топ маселелер боюнча өзгөрдү. Маалымат алгандан кийин  байкайсың да. Сырттан ММКлардын жазгандарына, мурдагы бийликтин кошоматчыларынын айткан нерселерине  ишенчүбүз. Балким убакыт дагы көп нерсени өзгөрткөндүр.

-Белорусияга барганда мамлекеттин кожоюну бар экени билиндиби?

-Эртең менен саат тогуз жарымда поездден түштүм.  Шаар биздикиндей  чоң аймакты ээлебейт экен. Чакан, тыкан, таза, коомдук жайлары  да таптаза сонун шаар экен. Эки жакты көп деле караган жокмун. Бирок Жаныш Бакиевдин  жан сакчылары өтө профессионал абдан күчтүү экен.  Алар  жада калса колумдагы сааттан бери чечтирип, диктофондорго чейин жандырып көрүштү.  Фотоапартты текшерди. Атайын чыйылдаган апараттан өткөрүп анан  маек алганга киргизишти.

-СГОнун башчысы  Жаныш Бакиевди көрүп жүргөнсүз да.  Анын азыркы Жаныш Бакиев өзгөрүптүрбү?

-Сүрөттөрдү да бир топко чейин салыштырдым. 2008-2009 жылдары мен теледен көрүп жүргөн  Жаныш Бакиев көздөрү тик караган башкача  адам болчу. Азыр өзгөрүп жумшарып калгандай. Көп нерселерди таразалады болуш керек.

-Биздин бийликке болгон көз карашын айттыбы?

-Көз карашы түшүнүктүү да.  Калп чынды айтып баарын шыбап  жатса жакшы пикир айтмак беле. Атамбаев боюнча дагы абдан каттуу пикирлерин айтты. Атамбаев боюнча  психологиялык оорулуу адам катары сыпаттады. “Алкоголду көп колдонгон адамдар ушундай болуп калат. Анын психологиясын жакшы билем.  Атамбаевден ушул синдромду көп байкайм”-деди Жаныш Бакиев.

-Азыр бийликтин өкүмүн укту. Бирок эртедир кечтир  акталам деген ишеним бар бекен?

-“Кудай буйруса бир кезде  акталам. Ишенем,  калыс сот болот. Адилеттүүлүк орнойт. Анан акталам”-деди.

-Эмне үчүн алты жыл бою унчукпай келип, эми Жаныш Бакиев маек берип жатыптыр?

– Аны да сурадым. “Карасам сыртымдан эле соттун чечимин чыгарып жатат. Этегинде  Ысык-Көлдөгү банктын баарын Максимге же Гуреевичке байлабай мага  байлап, этегине  Анапияевдин өлүмүн  менден көргөндө чыдабай маек берүүнү чечтим”-деди.  Мындан сырткары убагында тоюна барып чапан жаап жүргөндөр боюнча да пикирин билдирди. Өзгөчө азыр  “КСДП”  фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков абдан кеңсеме көп келчү дейт.  Бир кезде көзүнө тике карап  айтам деп айрым фамиляларды атады.

 

Баян Кулова

Булак: “Жаңы Ордо”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: