Menu

Арсланбек Малиев:«Аалам» партиясынын ааламга кетчү бак-дарактары Арсланбаптан алынып келинди”

Бөлүшүү:

Арсланбек Малиев башында турган  “Аалам” саясий  партиясынын  теңтөрагалары  Жылдызкан Жолдошова жана мүчөлөрү тарабынан,  Ата-Бейит мемориалдык комплекске  жакшы тилектер  менен 5 апрель күнү бак-дарактарды олтургузушту. Бул бак-дарактар башка жактан сатылып алынбай,  өзүбүздүн Арсланбап жаңгак токоюнан алынып келинген алма, жаңгак көчөттөрү  Ата бейитте жаткан репрессиянын курмандыгы болушкан улуу инсандардын  жана 7-апрелде каза болгон баатырларыбыздын урматына арналып олтургузулду. Ушундай  акциялар «Аалам» партиясынын  мүчөлөрү тарабынан  мындан ары да жасала берээрине эч ким шектенбейт. Болуп өткөн акция боюнча Жылдызкан Жолдошова  учкай төмөнкүлөрдү айта кетти:  “Аалам” партиясынын мүчөсү Ноокен районунун тургуну  Манас Ахматовдун демилгеси  экенин, о.э.  Манас  200 бак дарактын көчөтүн атайын Жалал-Абад облусунан алдырып келгенин, анын ичинен 150 даанасы  жаңгак, ал эми 50 даанасы алма  көчөт экенин белгиледи.   Бак тигүүнүн негизги максаты Кыргызстанда тынчтык, биримдик, улуттар арасындагы ынтымак,  өнүгүү болсун деген  жакшы ой-тилек менен тигилгенин белгилеп кетти.  Бүгүнкү акцияга  «Аалам» партиясынын өкүлдөрү гана катышпастан, көптөгөн өкмөтт эмес уюмдардын өкүлдөрү да катышышканы  кубандырат.

Ал эми Арсланбек Малиев болсо мындай иштер дагы уланаарын айтып биз менен оюн мындайча бөлүштү. “Бул биринчи жолу эле өтүп жаткан акция эмес. Ишембилик өткөрүп Бишкек калаабызга да дарактарды, гүлдөрдү эктик. Менин  төрөлгөн жеримден,  Арсланбаптан атайын  М. Ахматов жаңгаң көчөттөрүн алып келгени, мени өзгөчө кубантты. Кийинки кадамдарыбыз Тогуз-Торо шаарынын  урматына дагы бак тигебиз деген ойлор бар”- дейт, А.Малиев.

Албетте дарак тигүү адамдын милдети болуп эсептелингендиктен, мындай демилгени баардыгыбыз колдошубуз керек деп ойлойм. Атайын Арсланбаптан алынып келинген бак-дарактар көктөп, партиянын иши да алдыга жыла берсин демекчимин.

Булак: “Жаңы ОРДО”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: