Menu

Аскат Тейит: “Бишкектен “Бакиев канкор” деп эле бакырасыңар…”

Бөлүшүү:

Соңку жылдары Курманбек Бакиев баштаган эски режимдин үй-бүлөлүк кланы козголуп, Кыргызстанга келүү боюнча аракеттерин көрүшүүдө. Эл кандай кабылдайт? Канча кан төгүлдү? Эл кечиреби? Суроолор көп… Биз бу саам Минскидеги экс-президенттин жакын адамын кепке тартып, алардын тымызын аракеттерин билүү максатында маселе козгоп турубуз. Биз “картаны” ачуудабыз. А бийликтин бу жагынан реакциясы байкалбайт. Кызыгы, заман ушунча тез өзгөрүлүп, баары унутта кала береби?..
–Аскат мырза, өзүң жөнүндө окурмандарга тааныштыра кетсең? Азыр эмне менен алектенесиң?
–Учурда көптүн катарында жүрөм, чет өлкөдө эмгек мигранты болуп. Убагында Курманбек Бакиев баштаган Кыргызстан Элдик Кыймылынын активдүү мүчөсү элем, март ыңкылабына өз салымымды кошконмун. Ошол эле учурда “Жаңы Кылым”, “Жаңы Ордо”гезиттерине бир топ макалаларды жазып, элге кабар жеткирип жүргөнбүз. Ал кезде азыркы учурдай интернет колдонуу аз болчу, социалдык түйүндөр дээрлик жокко эсе эле. Өзүм карапайым үй-бүлөнүн баласымын. Кыргыз элине белгилүү Икрамжан Илмияновдун жердеши болом.
–Соңку убактарда Курманбек Бакиевдин жактоочусу катары социалдык түйүндөрдө катуу иштеп атканың байкалат. Экс-президент менен кандайча жакындыгың бар?
–Курманбек Салиевич менен эч кандай туугандык же мени бир кызматка байлаган жакындыгым жок. Мен дагы Апрель окуясына активдүү катышып, генерал Исмаил Исаковду колдоп чыкканмын. Эсиңизде болсо, ошол жылы 20-февралда “Форумда” жыйналыш болуп, Бакиев бийлигине каттуу акаарат айтылган. Бир топ саясатчылар сүйлөшкөн, май-көл, сүт-көл заманды убадалаган. Биз алардын кооз сөздөрүнө ишенгенбиз, көрсө, азыркылар демократиянын чапанын жамынышып, калп айтууну мыкты өздөштүрүшкөн команда турбайбы…
–Минскиге барып келгениңди жазып, Курманбек Бакиевди аябай мактап жүрөсүң. Эмне, кан төгүп кетенин билбейсиңби? Анын жазган китебин интернет түйүндөрүндө пиар кыласың. Деги кандай максатта мындай иштерге баруудасың?
–Ооба, мен ал жакка барып келгенимди ачык айтам. А Бишкекте олтуруп алып, “Бакиев канкор” деп бакыргандар кыйын болсо, Минскиге барбайбы? Же ушул кезге чейин бир тергөөчүсүн бийликтегилер жибердиби? Менин максатым — элибизге Курманбек Салиевичтин ой-пикирин бурмалабай ачык жеткирүү. Ишенсениз, мен элибизге аябай ыраазы болдум, өздөрү келип, алыскы Сахалинге чейин аталган китепти жөнөтүп атты, айрыкча Новосибирсктеги кыргыздар акча топтоп, бир машине жалдап жибериптир Москвага, анан 200дөй китеп алып кетишти. Ар бир окурман жылуу пикирин айтып, Курманбек Салиевичти Кыргызстанда күтөөрүн ачык эле айтып атат. Өзүңүз деле байкаган чыгарсыз, акыркы учурларда азыркы бийликтен элдин көңүлү калып, соцтармактардан: “Татыктуу президент ким?” деген суроого көпчүлүгү Курманбек Салиевичти баса белгилешүүдө…
–Аскат, ошол соцтүйүндөрдө сенин туугандарың, жердештериң болсо керек, контакта болгон досторуңду айтам. Бу жагы регионалдык маанайдагы тар чөйрөнүн колдоосу эмеспи? Ал эми жалпы коомчулук акеңе каршы экенин билбейсиңби? Эми мындай, Курманбек Бакиевдин ою кандай? Бүгүнкү бийликтин башчыларынан өч алуу максаты барбы?
–Мен ал киши менен жолукканда, ушул өңүттөгү суроону бердим. Бирок, өч алуу боюнча эч кандай ою жок экен. Кан төгүүгө каршы. Кыргызстанга элдин каалоосу менен келе турганын жашырган жок. Тымызын түрдө колдоочулар арбып баратат…
–Ушул эски режимдин айынан канча кан төгүлдү? Күнөөлүүлөр качып жүрүшөт. Булар Кудай астында өздөрүн кандай сезишет экен? Мисалы, сен мактап аткан Курманбек Салиевич?
–Биринчиден, мен мактап-жактаган Бакиев Кыргызстан үчүн бир топ пайдалуу иштерди жасады. “Камбар Ата — 2” ГЭСин курду. Ошондой эле сырткы карыздардан Кыргызстанды кутултуп, чет элден кайыр сураган өлкөдөн өнүгүп аткан өлкөгө айландырды. Ал бийлик тушунда сөз менен курсак тойгузган саясатчылар эмес, өлкөнү өнүктүрүүнү көздөгөн бир команда иштеген. Натыйжасын азыркы ички-сырткы карыздар менен салыштырсаныз болот.
–Суроого түз жооп кылсаң жакшы болот эле?..
–Эми башкы сурооңузга келсек, ооба, кан төгүлгөнү факт. “Апрель баатырлары” деген макамды алгандар базарчылардан да көп болуп кетти. Мен Курманбек Салиевичтен сурадым: “Куранды кармап айта аласызбы? Элди атканга буйрук бердиңиз беле?” деп. Ал болсо: “Азыркы саясатчылар динибиздеги ыйык Куранды, эч нерсеге алмашкыс өз балдары менен да карганышып, мандатка жетип атышса, элибиз Куран кармаган саясатчылардан да көңүлү калганы жалганбы? Бийликтегилер күндө “Кудай” деп теледен сүйлөшсө эле бир нерсе өзгөрүп кеттиби? Өлкөдө такыр тескери саясат жүрүп атканычы? Ооба, мен ыйык Куранды кармап, ант берейин, өзүмдү актайын, бирок, ага эл ишенеби? Азыркы бийлик бир тараптуу болбой, мага байланышкан ишти эл аралык комиссия менен же эл аралык сотко берсе, даярмын ошондо соттошконго! Мен эч убакта өз элиме каршы ок чыгарууга буйрук берген эмесмин” деди.
–Курманбек Салиевич биртуугандары, балдары менен бат-баттан көрүшүп турат бекен?
–Мен үйүнө барганда Жаныш Бакиевди гана көрдүм. Балдары жөнүндө сураганым жок. Учурда Курманбек Салиевич жаш жеңебиз менен жашайт экен.
–Бакиевдер сыртынан оор жазалар менен соттолушпадыбы. Бул жагын кандай кабыл алышыптыр?
–Оор жазалар Кыргызстандын соттору тарабынан берилгендиктен, анчейин ага маани бербептир, өздөрүнүн экспертизасы: “СГО, альфанын куралдарынан ок атылган эмес” деп жыйынтык чыгарган соң, калган соттук процесстер жөнүндө күлкү гана келерлик окуя экенин айтты.
–Алар өздөрүн катуу пиар кылганга кызыкдар экен. Жакында Жаныш Бакиев да Адилет Айтикеевге маек бергени маалым болду. Бийлик олку-солку болуп турганда, бир капталдан уруп, кулатуу жагын көздөшкөнү байкалбайбы? Акчалары көп эмеспи?..
–Пиар менен алектенишкен жок. Мен аларга жолукканда айтым: “Үн катпаган бул макулдук менен барабар, элибизге ачык айта турган мезгил келди, болбосо, бул бийлик кар жааса да, жаабаса да күнөөлөй берет” деп. “Бул бийликти эл өзү тандаган, эл өзү гана кетиргенге укуктуу” деген принципте Курманбек Салиевич. Ал эми Айтикеевдин деңгээлин билем, Минскиге барганы боюнча кабарым бар…
–Негизи Минскиге 6 жылдан бери журналисттер, ырчылар, мурдагы чиновниктер каттап эле жүрүшөт экен. Анан өзүң да бакиевдер менен байма-бай аралашуудасың. Финансы жагынан жакшы эле жардам бердиби?
–Каалагандар барса, барып келип аткандыр. Жашырынып баргандарын дагы билем. Бирок, мен барганымды ачык айтам, ооба, учуру менен кабарлашып турам. Сиздердин гезит эркин гезит. Негизи элдин пикирин ачык жазасыздар, ошондой эле мен дагы пикиримди, негизги максатымды эч качан акчага баалабаймын. Бирок, Курманбек Салиевичтин тартуулаган белегин, китебин алдым, аны жашыруунун кажети жок, акчалай эмес баалуу кол саат, ручка алдым. Акчага азгырылган кээ бир жазмакерлерди көрүп жүрөбүз, сайт ачтырып, гезит бастырат да, убактылуу мактайт, анан тыйынын төлөбөй калса, ашмалтайын чыгара жамандашат. Мен андай эмесмин, чындыкты сүйгөн эр жигитмин!
–Курманбек Бакиев 7-апрелди кандай тосот экен?
–Көпчүлүк катары элдин алданган күнү катары тосот. Баса, биринчи жылдары Белоруссияга барганда аябай кыйналып, өз элине таарынып жүрүптүр. Акыркы убакта эл түшүнө баштаганына аябай ыраазы. Кудуңдайт…
Кыскасы, сиздердин гезитиниздерге терең ыраазычылык билдирем. Курманбек Салиевичти бир жактуу эле сындай бербей, анын пикирин дагы укпайсыздарбы? Негизи маектешүүгө дилгир…
–Баса, силер тарапка кыргыйдай тийген Апрель баатыры Мээрбек Мискенбаевди билесиң да. Аны менен диалогго чыгат белең?
–Макул. Чыксын Мискенбаев, мизин майтарып коелу… Баатыр беле? (Күлүп.)
–Аскат, лейлектик болот турбайсыңбы? Ал жакта ичкиликтер эмеспи, Адахан Мадумаровду эл кандай колдойт?
–Мурда Мадумаровду биздин эл абдан колдочу эле, кийин түшүнүштү. Азыр аны ит да шайлабайт. Мадумаровдун оозу, анан тили эле бар. Колунан пок дагы келбейт. Мен ага каршы көз караштамын!
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: