Menu

Артур Медетбеков, генерал: “Кыргызстанда бийлик абдан чоң кризиске учурап жатат”

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө  биздин  Кыргызстанда  бийлик абдан чоң кризиске учурап жатат.  Ошонун негизинде премьер министр, спикер алмашууда. Тилекке каршы ошол кризистин таасири эле абдан каттуу таасирин тийгизүүдө. Турмуш тиричилиги, социалдык  маселелери оорлоп бара жатат.  Ошону эстеп баардык кризистерди терең изилдеп,  чыгарып  ошонун негизинде  өкмөттү  тизгиндеп текшерип, жакшы багыттарды күткөн эл дагы деле абдан чоң бүдөмүк ойдо.  Парламентте  жалгыз эле “Республика-Ата-Журт” фракциясы оппозиция болуп калгандыктан  бүгүнкү күндө спикерликке татыктуу  жөндөмдүү болуш үчүн күчтүү саясатчы болуу абзел.  Негизинен  спикердин милдетин татыктуу алып бара турган киши болуусу зарыл. Ага авторитеттүү, депутаттар менен сүйлөшө билип, мыйзамдарды алдыга чыгаруу үчүн  атайын элге  керектүү мыйзамдарды  чыгарыш үчүн саясый эрки, чечкиндүү, Кыргызстандын патриот адамы  келсе жылыш болот деген ойдомун. Бүгүнкү күндө парламенттеги депутаттардын  жардамы менен туура ишеним көрсөтүп, туура багытта  спикерге баш ийип, баш аламандыктан алыс болуп, мушташпай талашпай, бирок өз пикирлерин элдин кызыкчылыгы үчүн жумшап, саясый партиянын же лидердин кызыкчылыгы үчүн  иштеп азыркы талапкерлиги каралып жаткан  Бакыт Төрөбаевге депутаттар жардам беришсе анда бизде күчтүү парламент болот.  Бул жигиттин мүмкүнчүлүктөрү көбөйөт деген ойдомун.

Баяна Кулова

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: