Menu

Канат Исаев: “Алдын-ала сүйлөшүүлөр болсо керек, ошунун натыйжасында ушундай жыйынтык болду”

Бөлүшүү:

-Канат Кедейканович, Жогорку Кеңештин төрагасынын ордуна болгон шайлоо  коалициялык көпчүлүктүн ынтымагы жок экендигин далилдеп койгон жокпу? Себеби коалициялык көпчүлүк сизди сунуштаган да?

-Туура, “СДПК” менен “Кыргызстан” фракциясы менин талапкерлигимди сунушташкан. Эки  фракциянын саны  56 болуп жатса, 51 добуш алып жатабыз. Башка фракциялар деле добуштарын беришти. Берки талапкер деле көпчүлүк коалициядан чыгып жатпайбы? Бир талапкерди ынтымакта чыгара албаганы чындап эле ынтымак жок экенин көрсөтүп турат. Анын үстүнө эки фракциянын депутаттары дагы толук добуш берген жок. Иш сапарларда болушуп парламенттик жыйынга келбей калышты. Сөзсүз түрдө депутаттардын ички ою фракциянын же партиянын ички оюна дал келбестигин  дагы бир жолу далилдеп койду десем болот.

-Бакыт Эргешович экөөңүздөр коалициялык көпчүлүктөн бир чыгып жаткандан кийин кичүүлүк кылып ал, же улуулук кылып сиз жол бошотуп бирөөңүздөр төрага болсоңуздар болбойт беле?

-Ар кандай сүйлөшүүлөр болуп жатты. Бирок бул партиянын чечими болгондон кийин мен баш тарта албайт болчумун. Жыйынтыгын, сүйлөшө албагандандын арты кандай экендигин көрдүңүздөр.

-Эгер сыр болбосо айтсаңыз кандай сүйлөшүүлөр болуп жатты?

– Андай деле сыр кылып кармай турган сүйлөшүүлөр болгон жок. “Баш тартасыңбы же баш тартпайсыңбы” деген сыяктуу эле сөздөр жүрүп жатты. Эч кандай соодалашуулар да болбоду.

– Шайлоонун жыйынтыгы 51:51 болуп калгандан кийин ар кандай божомолдор жаралууда. Кантип эле 51:51? Бул болушу мүмкүн эмес эле да?

– Болуп калат экен, болду. Кудайым ушундай буйрук кылган экен, 51:51 болуп калды. Муну атайын да жасоо таптакыр мүмкүн эмес. Бүгүн көрдүңүздөр ар бир депутат бирден барып кабинадан жашыруун добуш берип жатышты. Толук кандуу жашыруун добуш уюштурулду десек болот. Ошол себептен саясый оюн болгон жок. Болгону алдын-ала кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болсо керек. Ошол сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ушундай жыйынтык болду. Бирок 51:51 болот деп эч ким күткөн эмес.

-Алдын ала кандай сүйлөшүүлөр болсо керек эле?

-Эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок. Каршы беребиз же макул болобуз деген фракциялардын балким депутаттардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жөнүндө айтып жатам. Адамбыз акылдашабыз, сүйлөшөбүз.

– Эгер бийлик сизди же Бакыт Эргешовичтин төрага болуусун кааласа баары бир  айласын тапмак. Жөн гана сиздерди саясый оюндун  кызыкчылыгы үчүн колдонуп коюшкан жокпу?

-Билбейм анысын. Чынында эле ачык, демократиянын негизинде эле шайлоо болду.  Башка фракциянын өкүлдөрү дагы бурмаланбасын, добуш кагаздарды көрсөтпөсүн, телефон алып кирбесин деген сунуштардын баары эске алынып жашыруун добуш менен шайлоо өттү.

– Саясый оюн эми анык кызый турган болуп калды. Кийинки  Төраганы тандоо туруна “Кыргызстан” фракциясы өзүнүн талапкерин чыгарабы?

-Азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жыйынтыгына жараша аракеттер болот.

-Бакыт Эргешович экөөңүздөр Төрагалыкка талапкерлигиңиздерди койгонго чейин эле мунун саясый оюн экенин, баары бир Чыныбай Акунович Төрага болоорун  айтып жатышкан. Окуя ушул багытта чындыкка ооп бара жаткан жокпу?

-Мындай пикирлерди мен дагы гезиттерден окуп жаттым. Ар бир адамдын ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканын эч ким билбейт эмеспи.

-Кийинки турга “СДПК” баары бир өз талапкерин алып чыга турган болду. Сиздин фракция да өз талапкерин чыгарабы?

-Кийинки турда кайсыл фракция талапкерлигин сунуштаарын азырынча айтыша элек. Эгерде  талапкер сунуштай турган болуп калсак, кимдир бирөөнү сунуштаганга биздин деле толук кандуу укугубуз бар. Мен аны фракция менен кеңешпей туруп чыгарабыз же башкаларды колдойбуз деп айта албайм. Убагы келгенде сөзсүз түрдө бир чечимге келебиз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: