Бишкек шаарында мыйзамсыз курал алып жүргөн 24-жаштагы Н.М атуу жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери 2-май күнү Иса Ахунбаев жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде “Мерседес-Бенц 320” үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүү учурунда, салондон ИЖ-79-91 газ-трамва тапанчасы табылып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ