Menu

Орозбек Дүйшеев, эксперт: “Жеңил өнөржай жана тоо кен тармагына мамлекет тарабынан көңүл бурулбай калды”

Бөлүшүү:

–Орозбек Дүйшеевич, сиз көптү көргөн, элге эмгеги сиӊген өндүрүшчү жана такшалган саясатчы катары, учурдагы кыргыз өкмөтүнүн башкаруу структурасын өзгөртүү боюнча жүргүзүп жаткан иш-чараларына оюңуз кандай?

Өкмөттүн бүгүнкү жүргүзүп жаткан иш-чаралары бизге ветерандарга жагат. Сооронбай Жээнбеков өндүрүштө такшалган адам, элдин кызыкчылыгы үчүн аракеттенип жатканы көрүнүп турат. Жакында массалык маалымат каражаттарында 304 номерлүү премьер-министрдин буйругу чыкты. Анда жумушчу топ түзүлүп, ал топко министрликтердеги, административдик ведомстволордо жана башка өкмөткө караштуу мамлекеттик органдардагы штаттык эсептерин, алардын аткарган функцияларын изилдеп, анализдөө маселелери жүктөлгөн. Бул материалдар жалпы эле өкмөттүн аткаруу структурасын жаӊылап түзүүгө багытталганы көрүнүп турат. Мындай чечкиндүү (радикалдык) чечимге баруу бүгүнкү күндүн талабы. Кыргызстан эгемендүү башкарууга өткөндө өнүккөн агрардык-индустриялык өлкө экендигибиз бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон. 15 союздук республикалардын арасында ар бир жанга өндүргөн ички продукция боюнча 4-5-орунда турганбыз, ал эми Орто Азия боюнча биринчи орунда элек. Өлкөбүздө алдыӊкы катардагы тоо-кен тармагы, машина куруу өндүрүшү, жеӊил өнөр жайы, өнүккөн айыл-чарбасы болгон. Өндүрүштө жумушчу күчү жетишпей, чет элдерден келип иштеп турушкан. Бүгүнкү күндө жумушсуздук каптап, жүз миӊдеген алдуу-күчтүү, келечектүү жаштарыбыз чет өлкөлөрдө жумуш издеп, күн көрүүдө.

–Мамлекеттик башкаруу структурасын түзүүдө эмнеге көӊүл бурулушу керек?

Эӊ негизгиси, бул чоӊ иште илимге, дүйнөлүк практикага жана элибиздин менталитетине кайрылышыбыз талапка ылайык болот. Илимде далилденип, аксиома болуп калган: “Коомдун негизин экономика түзөт, байлык өндүрүштө пайда болот. Өндүрүш тынымсыз өсүүдө болуш үчүн кеӊейтилген өндүрүш (расширенное воспроизводство) методун колдонуш керек. Бул метод капиталды концентарциялоо (топтоо), акыл менен кооперациялоо жана адистештирүү (специализация) принциби менен (мыйзам жолу) ишке ашат”. Бул принцип өлкөдөгү саясый системага баш ийбейт, кайсы система бул принципти жакшы колдонсо, ошол өлкөнүн экономикасы тездеп өсөт. Маселен, Кытай Элдик Республикасында – “бир өлкө, эки система” деген ураанын колдонушуп, экономикасы тездеп өсүүдө. Кыргызстан эгемендүү башкарууга өткөндөн баштап, акыл калчап иш кылбай, чет элдик жана жергиликтүү аферисттердин сөзүн угуп, өндүрүштү талап-тоноонун үстүндө болдук. Биринчи 15 жыл ошентип өттү. Андан кийин деле толук түшүнбөстүк өкүм сүрүүдө. Бүгүн бул мамлекеттик башкарууну чечкиндүүлүк менен өзгөртүүгө убакыт жетти.

–Көптөгөн чиновниктер, депутаттар өкмөттүк уюмдардын эсебин кыскартуу керектигин көп айтышат го?

Биздин өлкөдө түшүнүп-түшүнбөй эле сунуштарды айтып, элдин оюн экиге бөлгөн адамдар көбөйдү. Бул маселени туура чечүү да илимге таандык. Эӊ негизги укук менен жоопкерчиликтин балансын жана мүмкүнчүлүктү изилдеп чыгуу шарт. Мен ошондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн өкмөт жумушчу топ түзүп, бүгүнкү күндөгү структураны анализдөөсүн эӊ туура деп эсептеймин. Өкмөттүк уюмдар адистештирилген принципте түзүлүшү тийиш. Кыргызда “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дейт. Өндүрүшкө байланышкан уюмдар, алардын өзгөчөлүгүнө жараша түзүлүшү керек. Алардын жетекчилери ошол тармактын адистери болуп, кызмат убагында ал тармактагы маселелерди туура чечүүгө жардам бериши талапка ылайык. Бүгүнкү өкмөттүн курамында министрликтер, комитеттер, агентстволор, кызматтар жана дагы башка уюмдар болуп 40тан ашат. Өндүрүш боюнча бар болгону 3-4 министрлик, калгандары текшерүүчүлөр, тескөөчү органдары. Ошондуктан, өндүрүштү өстүрбөй күнүгө текшерип, басмырлап иштетпей жатат. Демек, алардын санын кыскартып, сапатын жакшыртууга толук мүмкүнчүлүк бар. Өндүрүшчү уюмдарды жандантып, алардын өзгөчөлүгүнө карап, өкмөттүк уюмдар (министрликтер ж.б.) түзүү менен биз бул өндүрүшчүлөрдүн экономикада ролун (аброюн) өстүрүп, жоопкерчилигин жогорулатуу менен өндүрүштүн өсүшүнө шарт түзөбүз. Кээ бир мамлекеттик башкарууда (саясатта) тайкы түшүнүгү бар адамдар: “Кыргызстан кичинекей өлкө, ошондуктан, министрликтин санын минимумга түшүрүлсүн” дейт. Министрликтин саны өлкөдөгү мамлекетке маанилүү тармактын эсеби менен байланыштуу. Министр деген сөз – “кызмат кылам” деген эле мааниде. Демек, бир тармактын министри ошол тармактын адиси болуу менен эл алдында анын келечегине жооп бере турган адам. Кээ бирөөлөр “министрлик көбөйсө эле чиновниктердин саны өсүп кетет” деген түшүнүктө жүрүшөт. Министрликти түзүүдө анын экономикадагы орду, иштеген адамдардын санын эске алып, башкаруу аппаратын эӊ эле аз курамында түзсө болот. Кээ бир саясаттын дилетанттары министрликти түзүүнү, советтик доорду ордуна келтирүү катары түшүнүшүп, негизсиз ойлорду айткандар да бар. Мындай адамдар саясаттан сабатсыздар десек болот. Көптөгөн турмуш тажрыйбасы көрсөткөндөй, советтик доордо адам баласына пайдалуу көптөгөн иш чаралар аткарылган, анда “ар бир аракет адам баласы үчүн” деген. Эӊ адамкерчиликтүү ураан алдында иш жүргүзүлгөн. Ал ураан көпчүлүк убакта аткарылган. Ошондуктан, дүйнөлүк практикадагы жакшылыктарды, андагы саясый системага карабай кабыл алуу ар бир прогрессивдүү жарандын ыйык милдети болуп саналат.

 –Сиздин оюӊузча кайсы министрликти түзүүнүн кереги бар?

 Менимче, жеӊил өнөржай министрлигин жаӊыча түзүү талапка ылайык. Биз билебиз, советтик доордо жеӊил өнөр жай министрлиги Кыргызстанда өнөржай өндүрүшүнүн көлөмүнүн жарымысынан көбүн ушул министрлик берчи. Кийинки 3-4 жылда бул тармакта көптөгөн иштер жүргүзүлүп, маалымат каражаттарында айтылганына караганда, жүз миӊдеген адамдар эмгектенишүүдө. Буларга мамлекеттен жардам өтө аз көрсөтүлүүдө. Министрлик түзүп, жетекчилигине жакшы адис дайындалса, элибизге көп пайда болоруна шек жок. Экинчи менин сунушум, тоо-кен тармагы боюнча министрлигин түзүү. Биз 15 жылдан бери какшап айтып келебиз. Бул тармак өзгөчө татаалдыгы менен айырмаланат. Бүгүнкү күндөгү акыбалы өтө оор. Ал жөнүндө көп эле айтылып жана жазылып жатат. Бул тармакты башкарууда бирдиктүү мамлекеттик уюм болушу, КР Башмыйзамынын талабын аткарууга багытталат. Кен байлыктар элдин байлыгы жана мамлекеттик менчик. Аны айрыкча коргоо мамлекетке жүктөлгөн. Министрликтин структурасы, анын укуктары жана жоопкерчиликтери боюнча сунуштар бар, ассоциациянын адистери бул маселеде жардам берүүгө даяр. Өлкөнүн өсүшүндө жалпы эле адам баласынын алдыга жылуусунда илимдин ролун айрыкча орду бар. Кейиштүүсү, биздин өлкөдө өткөн 25 жылда илимдин турмуштагы ролу эбегейсиз төмөндөдү. Буга себеп, өлкөбүздө саясат талап-тоноочулукка, өндүрүштү талкалоого багытталгандыгы болду. Илим тармагы формалдык шартта жашоого өттү. Илимдин өлкөбүздүн экономикасынын өстүрүүгө, колдонууга шарт түзүлгөн жок. Мындай оор абалдан мамлекеттик илим органы бүгүнкү күндө деле чыгууга шарт түзүлбөгөндүгү, өлкөбүздүн келечегине ишеничти азайтат. Биздин оюбузча, Улуттук Илимдер Академиясы жогорку бийликтин өлкөнүн өсүшүндөгү негизги эксперттик-консультативдик кеӊешчиси болуусу, бүгүнкү күндүн талабы жана өлкөбүздүн келечеги. Мындай практика Кыргызстанда 50-70 жылдарда болгондугун тарых далилдеп турат. Дүйнөлүк практикада көп фактылар бар.

 –Текшерүүчү органдардын акыбалы жөнүндө да токтоло кетсеӊиз?

 Өлкөбүздө текшерүү органдарынын эбегейсиз көптүгү маалымат каражаттарында, өкмөттүк, мамлекеттик чечимдерде көп эле айтылып келет. Анын себеби, биз жогоруда көрсөткөндөй, өндүрүш менен иштеген өкмөттүк уюмдарга караганда, текшерүүгө багытталган уюмдардын саны 10 эсе көп. Аларда иштеген чиновниктердин саны андан да көптүк кылат. Буюрса өкмөт түзгөн жумушчу топ тактап чыгууда деген ойдобуз. Бүгүнкү күндө текшерүүнүн бир фактысын келтирейин. 2012-2013-жылдары өкмөттүн алдындагы геология жана минерал ресурстар мамагентигинин коомдук кеӊеши бул маселеге кызыгып, өз кеӊешинде караган. Адистер даярдаган справкада 2 жыл, 8 айда (2011-2012-жылдар, 2013-жылдын 8 айында) Агентствого суроо-талап менен 604 кат түшкөн. Анын көпчүлүгү, Кыргызстандын башкы прокуратурасынан, Улуттук коопсуздук комитетинен, каржылык полиция тарабынан жөнөтүлгөн. Бул органдардын чиновниктери учурда өндүрүштө түшүнүгү аз адамдар болгондуктан, көпчүлүк учурда өндүрүшкө эч пайдасыз, тескерисинче, иштерди алдыга жылдырууда тоскоолдук кыла турган жыйынтык чечимдерге шарт түзүшкөн. Ушундай сабатсыз чечимдерден, адилетсиз буйруктар чыгып, кадр тандоо маселесинде башаламандыктар пайда болууда. Текшерүү органдары өндүрүшкө жол тоспой, аларга жардам көрсөтүүсү тийиш. Мындай шартты түзүү үчүн өндүрүштү адистештирилген гана органдар текшерүүсү абзел. Мындай шартты түзүүдө мамлекеттик өндүрүштү топтоштуруп, алардын жетекчиликтери ушул тармакта такшалган адистери, таза иштеген адамдар болушу талапка жооп берет.

Сиздин оюӊуз боюнча бүгүнкү өкмөт радикалдуу өзгөртүүгө багыт алгандай. Буга канча убакыт керек жана канчалык каржылык каражат талап кылынат?

–Кыргыздын жакшы макалы бар: “Көз коркок, кол баатыр” деген. Бул иш-чараны аткаруу үчүн саясый эрк керек. Кыргызстанда такшалган өндүрүштүн уюштуруучулары, саясатта такшалган жетекчилер, илимде эмгеги сиӊген илимпоздор жетиштүү. Мына ушулардан түзүлгөн жумушчу-аткаруучу орган түзүп, алардын иштөөсүнө шарт түзүп берсе, эки-үч айдын ичинде схемалык долбоорун түзүп чыкса болот. Бул проектти жалпы элдик талкууга, эксперттик изилдөөлөргө дагы 2-3 ай керектелет. Жылдын аягында толук дайын болсо, 2017-жылдын I кварталында жаӊыча ишке кирсе болот. Менин оюмча, көп деле каржылык каражат талап кылынбайт. Эл мындай иш-чараны толук колдоп кетерине ишенич бар.

Калыгул Бейшекеев, “Азия ньюс”

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: