Menu

“Мейдан”: Төңкөрүш аракетинен кабардар болгон Эрдоган кимге эмне буйрук берген?

Бөлүшүү:

Түркиянын Аскердик Башкы Штабы, Улуттук чалгындоо кызматы (MİT) 15-июлдагы төӊкөрүш аракети жөнүндө ошол күнү саат 16:00дө кабарлаганын жана Штабда катар-катары менен кризистик башкаруу жыйындары болгонун белгиледи. Мамлекеттин жогорку жетекчилери төңкөрүш жөнүндө түштө эле кабардар болгонуна карабай, аны токтотууга аркет көрбөгөнү белгилүү болду.

15-июль жума күнү болгон окуялар боюнча шектенүү жараткан деталдар белгилүү боло баштады. Аскердик башкы штабдын билдирүүсүнө караганда төңкөрүш болоору саат 16:00дө эле билинген. Улуттук чалгындоо кызматынын жетекчиси, барымтага алынган аскердик штабдын жетекчиси Хулуси Акарга саат 18:00дө кабар беришкен. Коопсуздук кызматтары төӊкөрүш жөнүндө 6 саат мурун кабары болуп туруп, жолтоо болуу үчүн кандай иштерди аткарды?

Төңкөрүш аракети 22:00дө бир канча аскердик топтун Босфор көпүрөсүн жаабусу жана Анкарада F-16 учактарынын жерге жакын (ылдый) учушу менен башталды.

Кыска убакытты Бештепе районундагы президенттин резиденциясына 15 жоокер, Түрк парламенти, “Ататүрк” аэорпорту, Башкы Штаб жана куралдуу күчтөр, Улуттук чалгындоо кызматы, Ички иштер башкармалыктары, ТРТ каналынын имараттары аз сандаган аскерлер тарабынан басып алууга аракет жасалды. Аскердик башкы штабдын командири жана куралдуу күчтөрдүн командирлери барымтага алынды.

ЖООБУ ИЗДЕЛГЕН СУРООЛОР

Улуттук чалгындоо кызматы тарабынан Аскердик башкы штабына саат 16:00дө кабар берилген болсо, президентке жана өкмөт башчысына кабар берилбей калуусу мүмкүнбү?

Башкы командир Эрдоган, төңкөрүшкө жолтоо болуу үчүн кандай буйруктарды берген?

Эрдоган эмне үчүн Мармаристеги мейманканадан коопсуз жерге алып барылбады?

Төңкөрүш алдын ала билинген болсо, эмнеге Башкы штаб жана Куралдуу күчтөрдүн командирлери штабда чукул жыйындар өткөрүшкөнүнө карабай кантип барымтага алынды?

Төңкөрүш жөнүндө алдын ала маалымат алынса, эмне үчүн командирлер тойго катышты?Төңкөрүштү билип туруп жолтоо болбогондор, козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн жарандар үчүн жооп береби?

“Ачуу чындык! Улуттук чалгындоо кызматы (MİT) президентке эч маалымат бербеди” деп маалымат таратып, анан кийин Улуттук чалгындоо кызматы маалымат берген деп кабарлаган медиа эмне максат кылууда?

Өздөрүнө “Журтта тынчтык кеңеши” деп атаган козголоңчулар, бийлик партиясын эмес, парламентти бомбалаганы эмнеси?

Саат 16:00дө эле төңкөрүш аракети тууралуу маалымат алынганына карабай Ички иштер министрлиги төӊкөрүшкө каршы эмнеге саат 22.00дө чара көрө баштады? Андан мурун эле чара көрүлсө алар кайсылар?

17:30да Улуттук чалгындоо кызматынын жетекчисинин орун басары Башкы Штаб жетекчи орун басарына жолугуп, төңкөрүш жөнүндө деталдуу маалымат берген.

18:00дө маалымдаганына канааттанбаган Улуттук чалгындоо кызматынын жетекчиси, Башкы штабдын имаратына барып, Башкы штаб жетекчисине, орун басарына жана Жер күчтөрүнүн командири менен жашыруун жыйын өткөрөт. Жыйында бүт деталдар сүйлөшүлүп, керектүү чаралар талкууланат.

18:30да Аскердик Штабдын жетекчиси Хулуси Акар, бардык аскердик бөлүктөргө буйрук берет. Өлкө боюнча абада эскердик учактардын такыр учпоосуна, аскердик бөлүктөрдүн бардык окууларын токтотуусун, аскерий окуу жайларды контролдоо үчүн жер күчтөрү командирине буйрук берилгенине карабай аскерий F-16 учактары кантип учушту? Козголоӊчу офицерлерге буйрук жетпегенби?

Төңкөрүш аракетинен кабардар болгон Эрдоган кимге эмне буйрук берген?

Бир ууч аскердин аракетине эмне үчүн башка бөлүктөр тарабынан чара көрүлбөдү?

МАМЛЕКЕТТИК АНАДОЛУ КАБАР АГЕНТТИГИНИН КОНТРАСТТАРЫ

Анадолу агенттиги 18-июль күнү абоненттерине 15-июлдагы төңкөрүш аракети боюнча ошол күнкү болгон окуяны саат-сааты менен түшүндүргөн  кабарды берди. Бирок кызыгы, ошол кабар бир канча убакыттан кийин алынып салынды. Эмне үчүн? Ошол кабарда Аскердик башкы штабтан саат 16:00дө төңкөрүш боюнча маалымдалат. Кийин 16.30да дагы жетекчи орун басарлар жолугушуп сүйлөшөт. Ушуга карабай керектүү коопсуздук чаралары эмне үчүн көрүлбөдү? Эгер чаралар көрүлсө алар кайсылар? Анадолу маалымат агенттигинин кабарында төӊкөрүш планы билинип калганы үчүн түнкү саат 03:00дө башталчу аракет 6 саат (21.00гө) мурун баштаганга туура келет.

ПРОКУРОР МААЛЫМАТ БЕРДИБИ?

208 кишинин өлүмүн алдын алса болот беле? 15-июль күнү Прокурордун орун басары Окан Бато тарабынан телефон сүйлөшүүлөрдөн жашыруун тыӊдалып алган маалыматтары менен кайсы мамлекеттик органдарды кабардар кылды? Түрк куралдуу күчтөрү ичиндеги козголоңчу топ, Измир прокурор орун басары Окан Бато тарабынан качантан бери тыңдалып жаткан эле?

ЧАЛГЫНДОО МААЛЫМАТЫ МАНИПУЛЯЦИЯГА УЧУРАДЫБЫ?

Өкмөткө жакын A Haber каналынын “Ачуу бирок чындык:  Улуттук чалгындоо кызматына маалымат бербеди” деген кабарынан кийин, Анадолу маалымат агенттигинин берген кабарында Улуттук чалгындоо кызматынын төӊкөрүш боюнча саат сайын эскерткени белгилүү болду. Чалгындоо кабары эмне үчүн бурмаланып берилди?

Булак: PostMedya

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: