Menu

Бактыбек Кудайбергенов, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү: “Полковник Канат Жумагазиев облустук милициянын ишин алдыга тарта алат”

Бөлүшүү:

Дубандардагы облус башчыларына арнаган бурчубузду бул сапар Чүй облусунун башчысына карай бурдук. Каарманыбыздын Сары-Өзөн Чүйдү башкарып жатканына толук бир жыл толду. Орус мүнөз облус тургундары менен аны жакындан билгендер губернатордун тартип менен тазалыкты биринчи орунга коюп, күчтүү менеджерлик сапатынын аркасында ишти ырааттуу түрдө алып баратканын жашырышпады. А биз мындай сапаттарга ээ инсанга карата кеп кезегин сунуп турган кербезибиз…

– Бактыбек мырза, өлкөбүздүн дээрлик басымдуу бөлүгүн азык-түлүк, жашылча-жемиш, мөмө-чөмө менен камсыз кылчу Чүй облусунда ооруп-жыйноо өнөктүгү кандай ыргакта жүргүзүлүүдө?

– Негизи Чүй облусу Кыргызстандын кылкандуу дан эгиндеринин 40 пайыздан ашыгын берет. Сары-Өзөндө кандай түшүмдүүлүк болсо, өлкөбүздүн аймагында нандын баасы да ошого жараша болот. Быйыл жаз мезгилинде жаан-чачын көп болгонуна байланыштуу облустун аймагында жалпы 300 гектарга жакын айдоо аянттарын суу каптап, тилекке каршы дыйкандарыбыз түшүм ала-албай калышты. Ушул күндөрү жалпы облустун аймагында буудайдын ар бир гектарынан дыйкандарыбыз 26-27 центнерден түшүм алып жатышса, ал эми арпадан ар гектарына түшүмдүүлүк 24-25 центнерден айланууда. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Кээ бир дыйканчылыкты жакшы колго алышкан аймактарыбызда жердин сырын терең билген, жерди иштетүүнүн миң түрлүү сырларын өздөштүргөн дыйкандарыбыз гектарынан 35-40 центнерге чейин алышууда. Ток этери, облустун аймагында ушул күндөргө карата кылкандуу дан эгиндерин жыйноо 80 пайызга жакын аткарылды. Калган ооруп-жыюу өнөктүктөрү белгиленген убакта өз учурунда жыйынтыкталат. Биздин дыйкандар буюрса буга толугу менен даяр. Өткөн жылы Чүй облусу боюнча 5 миң гектарга кант кызылчасы эгилсе, быйылкы жылы бул көрсөткүч 11 миң гектарга чейин кеңейди. Эмдиги жылы кызылча Кудай буюрса мындан да көп аянтка айдалат. Өндүрүлгөн кант кызылчасынын түшүмүнүн 1 килограммын былтыр Кайыңды кант заводу 3 сом, 40 тыйындан сатып алып турса, быйыл 3 сом, 50 тыйындан алышууда. Кудай буюрса, быйыл кызылчанын түшүмдүүлүгү да абдан жакшы болууда. Ал эми бизде жыл сайын буудай аянттарынын саны кыскарууда. Анткени, ЕАЭБдин курамына киргенден кийин буудай, ун казак ашыналардан бизге көп келип, арзан болгонуна байланыштуу буудайды эккендердин саны кадимкидей азайды. Чүйдүн күн батыш тарабындагы Жайыл, Панфилов, Сокулук, Москва райондорубуз Кара-Балтадагы “Айлана” деген помидор иштетүүчү заводко (томат чыгарган) жазында эккен түшүмдөрүн өткөзүшүп, көптөгөн дыйкандарыбыз помидор өстүрүүнү да жакшы жолго коюп алышты. Мындан тышкары бул завод дыйкандардан 600 гектар жерди ижарага алып, тамчылатып сугаруу менен алектенишип, көпчүлүккө үлгү болушууда. Кыскасы, биздин Чүй облусунда дыйканчылык үчүн бир гана аба-ырайын “заказ” кыла албайт экенбиз. Калганына жакшылап даярданып, жогорку деңгээлде түшүмдүүлүк алса болоорлугун дыйкандарыбыз быйылкы жылы өзгөчө далилдешти десек болот. Кыскасы, быйылкы жыл абдан жакшы болду.

– Сары-Өзөн Чүй инвестициялык климатка ээ аймак катары белгилүү да. Облуска ири инвесторлорду, туристтерди тартуу өнөктүгү быйылкы жылы кандай деңгээлде аткарылды?

– Инвесторлор менен туристтердин айырмасы эки башка деңизчи. Чүй облусу баардык жагынан башка облустарга салыштырмалуу артыкчылыгы бар. Эң оболу, биздин облус өлкөбүздүн борборунда турат. Чүйдүн ортосунда географиялык жактан абдан ыңгайлуу, миллиондон ашык калкы бар, чоң базарга ээ борбор калаа Бишкек турат. Темир жол, аэропорт, Казакстан менен 5 жерден чектешкен ж.б. инфраструктурасы жагынан да абдан бай. Биз ар жылы облустун социалдык, экономикалык өсүшүн камсыздаш үчүн атайын план кабыл алабыз. Өткөн жылы өкмөт тарабынан “ар бир район 10дон кем эмес кичи өнөр-жай ишканасын ачасыңар” деген тапшырма койбоду беле? Бул талап бүгүнкү күнгө канчалык деңгээлде керек экени суроо боюнча тура турсун. Бирок, өкмөт тарабынан коюлган андай талапты биздин облустагы 8 район, 1 шаар 90 чакан ишкана ачышыбыз керек болсо, биз бул көрсөткүчтү 124гө жеткиздик. 34 көрсөткүч пландан ашыгы менен аткардык. Сүйүнүчтүү жагдай, мындай ишканалардын баардыгын өзүбүздүн ички инвесторлор, тагыраагы, кыргыз жарандары салып жаткандыгы кубандырат. Былтыр баш-аягы 124 чакан ишкана курсак, быйыл бул көрсөткүчтү 240га чейин жеткирип, 2 эсеге чейин көбөйтүп курууну көксөп турабыз.

– Негизи өлкөбүздүн башка дубандарына салыштырмалуу Чүй облусунда кылмыш-кырсык окуялары көп катталгандыгы менен белгилүү эмеспи. Жакында Чүй ОИИББ башына жердешчиликтин желаргысы менен келген жаш полковник Канат Жумагазиевди чакырып алып, мындан аркы иш-планыңарды тактап алдыңарбы? Дегеле бул жигит түйшүгү түмөн облустук милициянын ишин тарта алчудан бекен?

– Башта айткандай Бишкек шаарында миллиондон ашык жашоочу болсо, биздин Чүй облусунун аймагында соңку эл каттоонун жыйынтыгында 900 миңден ашык тургун жашаары маалым болгон. Бирок, ички миграциянын айынан биздин Чүйгө агылып келген, каттоодо турбаган бейрасмий жашоочуларды эсепке алганда бүгүнкү күндө облусубузда миллиондон ашык тургун жашайт. Чүй облусундагы кырсыктардын көп болуп жаткандыгы да дал ушул ички миграциянын айынан. Бүгүнкү күндө көп улуттуу Сары-Өзөн жергебиз кимдерди, каяктан гана агып келип жаткандарды койнуна батырган жок?! Муну ачык эле айтып койсок жарашат. Эми келе беришсин, жашоого ыңгайлуу болгон облусубузда жашай беришсин, ага эч кандай тоскоолдук жок. Бирок, кылмыштуулукка да көбүн эсе ушу сырттан келгендер кириптер болуп жатышпайбы? Анткени, туруктуу катталган жери жок, айрымдарынын жашаганга да жайы жок, маселен, жайында палаткада пияз же капуста, кызылча өстүргөндөр ичишип же жергиликтүү тургундар менен уруша кетишкендигинин акыры “Чүйдө кырсык катталды” менен жыйынтыкталып жатпайбы? Көпчүлүк болгон соң, эми түрлүү адамдар болот экен да. Ал эми ОИИББ башына жаңыдан келген жаш жигит Канат Жумагазиев кызматка келээр алдында министр менен сүйлөшүп чыккан соң мага келген. Мен Канат Жумагазиев менен сүйлөшкөн соң анын Чүй облустук милициянын башына келишине биз макулдугубузду бергенбиз. Канат жаштыгына карабай бийик тажрыйба күткөн, буга чейин Биринчи Май РИИБ башчысы, ИИМдеги 10-бөлүмдү жетектеген, кызматтык тепкичтердин баардыгын этап-этабы менен басып келе жаткан идиректүү, өсчү, энергияга бай жигиттерден экен. Мен ойлойм, алыска чуркачу түрү бар Канаттай азамат инибиз облустагы кылмыштуулук менен күрөшүүдө ишти жөнгө салып, камчы салдырбай алып кетет деп ишенем. Эл ага ишенип турат.

Калыгул Бейшекеев, “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: