Menu

Унгар-Тоосун коргоо боюнча комитеттин жалпы Кыргыз элине Кайрылуусу

Бөлүшүү:

22-август күнү Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан Унгар-Тоосундагы «Кербен РРС-24» радиорелейлик станциясына Өзбекстанга тиешелүү эки МИ-8 вертолёту биздин жерге бастырып кирип, ал жерди басып алып, ал жерде иштеп жаткан кызматкерлерди барымтага алып,  өз талаптарын койуп, паспорттук көзөмөл орноткон!

Бул нерсе бизде эки жолу кайталанып, элдин сабыры түгөнүп турган мезгилде, 23-август КТРК нын  Ала-Тоо маалымат-аналитикалык программасынан  «2006-жылы 3-октябрда  ошол мезгилдеги президент К. Бакиев Ташкент шаарында  № 20-протокол менен сатып жиберген деген такталбаган маалыматты таркатып, Аксы элин дагы  дүрбөлөӊгө салды.

Ошондой эле, ошол  кездеги мамлекеттик кызматкерлер Мадумаров Адахан Кимсанбаевич жана Бекназаров Азимбек Анаркуловичтер да шерик болгон деп калп таратты!   Бул мам. кызматкерлердин жер сатууга  жана мамлекеттик маанидеги чечимдерди өз алдынча кабыл алууга мүмкүнчүлүктөрү жок эле! Адамды каралаштын, көө сүртүүнүн да чеги болот! Мындай каралоолор биздин жетекчилердин   мамлекетти башкарып, иш жүргүзүү ыкмасы болуп калды! Элди ынтымака чакыруунун ордуна бөлүп жаруу менен алектенип жатасыӊар!

Ал эми 2006-жылдын 3-октябрында Тащкент шаарында кол коюулган  № 20-протоколго токтолсок ал жерде Унгар-Тоо боюнча сөз болгон эмес. Бизде № 20-протокол турат ал жерде «Описание линии государственной границы между пограничными точками №113 и № 114 не проводилось»  деп жазылып турат! Эмнеге элге калп айтып, элди дүрбөтүп  жатасыӊар. Эгерде К.Бакиев Ташкент келишиминде өткөрүп жиберген болсо аны кайсыл чакырылыштагы Жогорку Кеӊеш  РАТИФИКАЦИЯ кылды экен? Бизге жылын, мамлекеттик документтин № көрсөткүлө! Улуу сөздө уят жок деп коёт Кыргызда! Катын ушак таратканды токтоткула!   Бизге элдин тынчтыгы, ынтымагы  керек! Аксы эли толкуса аны токтотуу кыйын аны сиздерда жакшы билесиздер!  Бул маселени дипломатия менен чечүү керек! Биз Өзбек тараптын Унгар-Тоодун артында койуп жаткан  талабын жакшы билебиз! Орто-Токой суу сактагычына толук көзөмөлдү орнотуу болуп жатат!  Бул нерсеге жол бербөө керек!

Жогорудагы терс көрүнүштөрдөн улам биздин талаптар;

  1. Жалпы коомчулука туур эмес маалымат берип, элди дүрбөлөӊгө салгандыгы үчүн КТРК нын генералдык директору Илим Карыпбеков опровержение берип, отставкага кетсин!
  2. Унгар-Тоо жана Орто-Токой суу сактагычы боюнча эки тараптуу макулдашуулар Кыргыз элинин кызыкчылыгына дал келген келишимдер кабыл алынсын!
  3. ММК лар аркылуу Элди дүрбөлөӊгө салган маалыматтарды таркатуу токтотулсун!
  4. 2006-жылы 3-октябрда Ташкент келишиминде Мадумаров Адахан Кимсанбаевич, Бекназаров Азимбек Анаркулович Унгар-Тооду сатып жиберген деп, КТРК  маалымат таркатты. Биз Унгар-Тоосун коргоо комитети Адахан Кимсанбаевич жана  Азимбек Анаркулович  Аксыга келип, так маалымат берүүсүн суранабыз!
  5. Конституциянын атасы болгон Текебаев Өмүрбек Чиркешович дагы Аксы келип, Унгар-Тоосу боюнча Эл алдына келип, мыйзамдуулук боюнча так маалымат берүүсүн суранабыз!
  6. Өзбекстанда барымтада жаткан «Кербен РРС-24» радиорелейлик станциясынын төрт кызматкеринин бир тал чачы төгүлбөстөн кайтарып алуусун Кыргыз бийлигинен талап кылабыз!

Камчыбек уулу Шекербек, Унгар-Тоосун коргоо боюнча комитетинин төрагасы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: