Menu

Феликс Кулов, экс-премьер-министр: “Эми көчөдөгү оппозиция пайда болот”

Бөлүшүү:

–Феликс Шаршенбаевич, Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө байланыштуу көз карашыңызды интернеттен окудум. Сиз принцибинде референдум өткөрүүгө каршы деле эмес экенсиз…

–Мен көпчүлүк коалицияны жетектеп турганда биз өз вариантыбызды сунуштаганбыз. Регламент боюнча аны кабыл алууга жарым жыл керек. Үч окуудан кабыл алынышы керек да, туурабы? Конституциянын 114-беренесинде Башмыйзамдын 3-7-беренелери, башкача айтканда, президентке, парламентке, өкмөткө, сотторго тиешелүү бөлүктөрү “2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөртүлбөйт” деп жазылган. 3-бөлүктө болсо Конституцияны кантип өзгөртүү керектиги көрсөтүлгөн. Ушул так эместиктен улам талаш-тартыш пайда болгон. Ошондуктан, биз 3-бөлүккө негизденип, “референдум өткөзсө болот, бирок, анүчүн белгилүү бир процедуралардан өтүшү керек” деген тыянакка келгенбиз. Бирок, каникул башталып калгандыгына байланыштуу биз ал сунушту киргизгенге үлгүргөн жокпуз. Анан калса, ошол учурда президент бизге кайрылып, “сунушуңарды токтото тургулачы, жаңы парламент карасын” деди. Биз макул болдук. Биз коомдук угуу өткөрүп, Конституциялык кеңешме уюштурулушун, эң башкысы, коомдук талкуудан өткөрүлүшүн сунуш кылганбыз. Эмне үчүн? Себеби, коомдук талкуудан өтсө легитимдүүлүк, ишеним пайда болот. Бирок, жогоруда айтканымдай, биз ал сунушубузду киргизгенге үлгүргөн жокпуз. Парламенттик шайлоо өткөн соң мен өзүбүздүн жазган сунуштарыбызды дагы бир сыйра карап чыгып, өкмөткө жаңы вариантты, толугу менен парламенттик башкаруу формасына өтүүнү сунуштадым. Мен эмнеге негиздендим? Эл арасында “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт, өлкөдө бир кожоюн болушу керек” деген сөз бар. Бирок, Акаев деле, Бакиев деле жалгыз кожоюн болушпады беле? Анда, эмне үчүн алардын бийлиги жаман болуп бүттү? Себеби, алар эч кимге баш ийип, эч кимдин алдында отчет беришкен эмес. Ошондуктан, мен немистердин вариантын алдым. Канцлер Ангела Меркель өлкөдө баардык нерсе үчүн жооп берген киши экенин билебиз. Бирок, ал парламентке отчет берет. Бизде да премьер-министр өлкөдөгү эң башкы адам болсун, бирок, парламентке отчет берсин деп сунуштадым. Президентти болсо парламент менен региондордун өкүлдөрү шайлайт. Ал башкы командачы болбойт, күч түзүмдөрү ага баш ийбейт. Бизде премьер-министр жыл сайын алмашат. Себеби, коалицияны атайын таратып атышты. Бабанов отставкага кеткенден кийин эки жуманын ичинде жаңы премьер-министрди шайлаш керек болду. Шашылыштан улам күтүүсүз жерден Жантөрө Сатыбалдиевдин кандитатурасы пайда болду. Балким, кимдир-бирөө алдын-ала билген чыгаар, бирок, биз кийинки премьер ким болоорун билген жокпуз. Арадан бир аз убакыт өткөн соң “Бабановду эмнеге алып салышты, ошол эле иштеп тура берсе болмок” деген сөздөр айтыла баштады. Сатыбалдиев кетип, ордуна Оторбаев келгенде кайра эле ушул сөздөр кайталанды. Германияда болсо кимдир-бирөөнү иштен ала турган болсо ордуна баланча келет деп алдын-ала айтылат. Ошондо эл алмаштырган туура болобу, болбойбу, алмаштыруунун кереги барбы деп ойлонуп калат. Мен да ушул вариантты сунуштадым.

Экинчиси. Жазында премьер-министр шайланып, күзүндө болсо коалиция тарап кетти дейли. Премьер-министр кийинки жазда отчет бериши керек. Ошондуктан, мен коалиция тараса да өкмөт башчы кийинки отчеттук мезгилге чейин иштешин сунуш кылдым. Ошондо коалиция атайылап тарамак эмес, премьер-министр күчтөнмөк. Азыр эми депутаттар сунуштаган вариант пайда болду. Мен андагы айрым жоболор менен макулмун, бирок, ошол эле учурда анда талаштуу, мен макул боло албаган маселелер да бар. Башмыйзам идеология маселесин да ичине алгандыгына карабастан, жогорку баалуулуктардан мен идеологияны көрө алган жокмун. Юридикалык жактан негиздөө кыйынга турган учурлар аябай көп экен. Мисалы, Мекенге болгон сүйүү маселесин алалы. Сиз өкмөттү мактасаңыз, мен сындашым мүмкүн. Бирок, бул мен өз мекенимди сүйбөйм дегенди билдирбейт да? Пушкиндин “О, глупый русский мой народ” деп айтканы бар. Бирок, бул улуу акын өз элин сүйгөн эмес дегенди билдирбейт да, туурабы? Же жазалоо мөөнөтү жөнүндөгү маселени алалы. Азыркы өзгөртүүлөргө ылайык, жазалоо мөөнөтүн сот гана чечет деп жазылыптыр. Айталы, бир киши мындан 20 жыл мурда телефон уурдады дейли. Анан ал азыр кармалса же өз ыктыяры менен келсе адегенде кылмыш иши козголуп, иликтенип, анан сотко өткөрүлүшү керек. Анан сот гана ишти кыскарта алат. Ушундан улам суроо туулат. Сот жазалоо мөөнөтү өтүп кетиптир деп ишти кыскартсын үчүн ушунча убаракерчиликтин, каражат коротуунун зарылдыгы барбы? Анан калса муну Конституцияга жазуунун деле кажети жок. Кааласаңар кылмыш кодексине жазып алгыла. Андыктан, юрист катары мага мунун баары алгылыксыз. Башмыйзамдын 41-беренесиндеги “биз эл аралык органдардын адам укугу боюнча чечимдерин аткарабыз” деген жерин алып салышыптыр. Мындан бир нерсе өзгөрөбү? Эч нерсе өзгөрбөйт. Себеби, биз эл аралык фактыларга кол койгонбуз. Ага ылайык, адам укугу бузулган болсо, биз аны оңдоого милдеттүүбүз. Анда, эл аралык келишимдердин баарынан чыгалы… Бабанов премьерликтен кеткен соң, көчөдө калды. Аз жерден партиясы да тарап кете жаздады. Мына ушундай болбосун үчүн биз премьер кызматынан кетсе кайрадан депутаттыгын улантуусун сунуштаган болчубуз. Азыркы өзгөртүүдө болсо “вице-премьерлер да мандатын сактап калат” деп жазылыптыр. Вице-премьерлер башка фракциялардын өкүлдөрү. Эгер алар депутат бойдон калышса өкмөт башчынын тилин алышпайт, өздөрүнүн фракцияларын угушат. Премьер буту–колу жок сыяктуу болуп калат. Бир жолу Алмазбек Атамбаев образдуу кылып “президенттике да, премьерликке да жаш, кызуу кандуу эки жигит келип калса, биринин карамагында ИИМ, экинчисинде УКМК, армия, прокуратура бар, анан эмне болоорун элестетсеңер” деп айтты эле. Эмки президенттик шайлоодо жаш, кызуу кандуу жигит гана эмес, башка партиянын өкүлү келип калсачы? Азыр бүт бийлик КСДПда. Жаңы президент буга чыдап тура алабы? Демек, сөзсүз конфликт болот. Ошондуктан, президент эч кандай партияда болбошу керек. Шайлоого чейин да, шайлоодон кийин да… Эл арасында “айрымдар депутаттыкка соттолбош үчүн барышат” деген сөздөр айтылып жүрөт. Аракеттеги Конституция боюнча, эгер депутат кылмыш кылса башкы прокурор сунуш киргизип, парламент кылмыш ишин козгоого макулдук бериши керек. Биз эгер депутат кылмышты мандат алганга чейин жасаган болсо, парламенттин эч кандай макулдугу талап кылынбайт, эгер депутат бир айдын ичинде эч кандай себеби жок үч жолу пленардык кеңешмеге келбей койсо мандатынан ажырайт деп жазган болчубуз. Бирок, жаңы өзгөртүүлөрдө депутаттар өздөрүнүн жоопкерчилиги жөнүндө эч нерсе жазышпаптыр. Бул туура эмес.

–Эмне үчүн?

–Бул өзгөртүүлөрдөн мен эч кандай системалуу мамилени көрбөй турам. Жалгыз 41-берене үчүн, жалгыз Азимжан Аскаров үчүн Конституцияны өзгөрткөн туура эмес. Мага да адам укугу боюнча комитеттин чечими чыккан. Мени Жогорку сот гана эмес, адам укугу боюнча комитет да актаган. Бирок, анын чечими рекомендациялык гана мүнөздө эле. Мен премьер-министр болуп иштеп турганда адвокатым Иванова адам укугу боюнча комитеттин “сизди 5 жыл негизсиз камашкандары үчүн өкмөттөн ири суммадагы акча өндүрүп алсаңыз болот” деген чечимин көтөрүп келди. “Любовь Александровна, бюджет дефицит болуп атса, анан премьер-министр болуп туруп мен кантип, кайсыл бетим менен өз өкмөтүмөн бир нече миллион долларды өндүрүп алам? Бул кагаз тарых бойдон эле калсын” дегем күлүп. Ал эми Азимжан Аскаровго келсек, алар тезинен бошоткула, себеби, тергөө учурунда мыйзам бузууларга жол берилген деп сунуш бере алышат. Мен талашпайм, тергөө учурунда анча-мынча мыйзам бузууларга жол берилген болушу деле мүмкүн. Бирок, бул мыйзам бузуулар кандай мүнөздө? Фальсификациябы же далилдер жетишсизби? Бул мыйзам бузуулар аны бошотууга негиз боло алабы же албайбы? Иликтеп, ушуну эле аныктап коюш керек. Ушул нерсе үчүн Конституцияны өзгөрткөн туура эмес.

–Кандай деп ойлойсуз, бул өзгөртүүлөр турмуштук зарылчылыктан келип чыктыбы же кимдир-бирөөлөр эртеңки күнгө кам көрүп атышабы?

–Менимче, мындай. Алмаз Атамбаев президент болуп да, премьер-министр болуп да калгысы келбейт. Мен муну анык билем. Себеби, өзүмдүн вариантымды сунуштап жатканда мен тамаша иретинде “Алмазбек Шаршенович, биздин вариант боюнча премьер-министр аябай күчтүү болот, сиз али жашсын, эгер саясатта калгыңыз келсе партияңыз аябай күчтүү, шайлоодон утуп, премьер–министр болсоңуз болот” десем, “байке, мен президент да, премьер да болгум келбейт, андан көрөкчө, сиз экөөбүз тоодо эс алганыбыз жакшы эмеспи” деген. Мен ага ишенем. Анда, бул өзгөртүүлөр эмне үчүн жасалып атат?-деген суроо туулат. Менимче, кимдир-бирөөлөр президентти “подставлять” этип атышат го…

–Бир курдай “парламентти таратыш керек” деп да айткан жайыңыз бар. Эмне себептен мындай ойго келдиңиз?

–Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тегерек стол болгондо парламенттин атынан Исхак Масалиев, президенттин аппаратынан бир, Конституциялык палатадан бир өкүл келишти. Экөө долбоорду толугу менен колдошту, парламенттин атынан келген Масалиев болсо “кээ бир жерлерине макул эмесмин, бирок, референдум өткөрүш керек” деди. Мындан кандай тыянак чыгарсак болот? Демек, долбоорду депутаттар даярдаган эмес. Бирок, регламентти бузуп, каникул учурунда референдум өткөрүү боюнча сунуш киргизип отурушат. Мындай нерсе тарыхта болгон эмес. Ошондуктан, мен айттым: “Парламент Конституцияны жазбаса да жазган катары кол коюп, регламентти бузуп жаткан соң Конституцияны ишке киргизүү жөнүндөгү мыйзамга президент, өкмөт калат деп жазып, ал эми парламент боюнча калышына макулсузбу же каршысызбы” деп эки суроо коюп койгула. Ушундай парламент керекпи, керек эмеспи – эл өзү чечсин дедим.

–Эгер маселе ошондойчо коюла турган болсо парламент бул Конституцияны өткөрбөй коет го?

–Албетте. Алар да ойлонушсун да. Бул Конституциянын долбоору чыккандан бери мен бир гана Фарид Ниязовдун негиздемесин окудум. Депутаттардан болсо эч ким үн каткан жок. Жалгыз гана Марат Аманкулов “өзгөртүүлөр керек” деди. Башкача айтканда, ал да колдоп гана үн кошту.

–Балким, эми айтышаар? Сентябрда сессия башталат эмеспи…

–Эчак кол коюп коюшса кантип айтышмак эле? Тагыраагы, кол коюшту деп атышат, бирок, кол койгондордун тизмеси али чыга элек. Белгилүү эле болуп турбайбы, телефон аркылуу гана макулдашышкан. Мындай болбойт да… Бул депутаттарды, элди, Конституцияны сыйлабагандыкка жатат. Мен деле өзгөртүүлөр киргизилишине макулмун, бирок, легитимдүүлүк, ишеним болуш үчүн бардык процедуралардан өтсүн да.

–Конституцияга өзгөртүү киргизилиши күзүндө саясый кырдаалдын курчушуна алып келбейби?

–Менимче, кырдаал курчуйт го. Саясый чөйрөдө мен ким менен гана пикир алышпайын баары “туура, Конституцияда кемчиликтер бар, аны оңдоп-түзөтүү керек. Бирок, баардык процедуралардан өтсүн” дешет. Бир да киши күзүндө референдум өткөрүлүшүн колдогонун уккан жокмун. Азыр бизде оппозиция дээрлик жокко эсе. Оппозиция биринчи болуп Конституцияны өзгөртүүгө кол коюп берди. Азыр элдин, саясый кыймылдардын баары парламентке каршы. Парламент өзүнүн кадыр-баркын кетирип алды. Ушундан улам эми көчөдөгү оппозиция пайда болот. Эң жаман нерсе ушул. Көчөдө мушташкандан көрөкчө парламентте мушташканыбыз жакшы болчу…

Керим МУРАС,

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: