Menu

Канышай Мамыркулова, журналист: “Алмазбек Шаршенович, жоопкерчилик менен милдетти сезбеген, тултуйган бетти көтөрүп, акча төлөп, жамаачы тарыхын жаздырган Сиздикиндей бийлик зарылбы?

Бөлүшүү:

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, албетте, Ата катары Сиз дагы болуп өткөн окуяларга жүрөгүңүз ооруп турганын жакшы билем. Анткени көчөт кыздардын кичүүсү Сиздин жана менин кызым менен жашташ айжаркын кыздар экен. Бирок, алардын жашоосун, ал жакка кантип барып калганын, кырсык баскан басмаканага кантип иштеп калганын түшүнө албасаныз керек. Биздин көпчүлүк мигранттар жергиликтүү калктын жек көрүүгө толгон көз карашын көтөрүп, иштеп жүргөнүн сезип-туюу сизге түшүнүксүз. Анткени, Сиз Антон менен Акматты бир катарга тизген Союздун учурунда окугансыз, түкүргөндөн чочулаган замандын короо шыпыргычы болуп иштегенсиз. Ошол себептен Сиз чыгарган ырлардын клиби өткөн күндөрүңүздү чагылдырып тургандай. Ошол себептен “Алеша” деген кошумча атыңыз сизге жылуу маанайда угулат чыгаар…

Ал эми биздин мигранттардын абалы таптакыр башка. Мен да мигрант болгом. Ошондон бери “Кыргыз бийлиги мигранттардын абалын жакшыртуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө” деген жүрөктү айланткан маалыматты окуган сайын кыжаалат болом. Анткени, Сиз Россия Федерациясынын федералдык миграциялык мыйзамдары Орто Азия элдерине бирдей колдонула тургандыгын эң мыкты билесиз. Алар үчүн Орто Азиядан баргандардын арасында өзгөчө улут жок. Алар үчүн баардыгы “мигранттар”.  Россиянын телеканалына маек берген аял сыяктуу акмактары мигранттарды “гастарбайтер”, “тупой” дешет. Биздин өз эне тилинен башка кошумча тил билген кыргыздар өз эне тилинен башканы билбегендердин алдында ушинтип басынууда.
Сиздин ырларыңыздын клиптеринде жылуу элестелип калган өлкөдө биздин жарандарга абдан кыйын болууда. Алардын ар биринин окуясын жазууга мүмкүн эмес. Ар бир кыргыздын үй-бүлөсүндө мигрант бар. Улуттук банк баш болуп, Өкмөт башчы төш болуп, мигранттардын акчасын санап коюп отурушат. Мигранттар эле десек, өлкөнүн ичинде кыйын болууда. Сиздин мунун баарын билбей калышыңыз мүмкүн эмес.
Бир кезде Өзүңүз өйдө-төмөн баскан көчөлөрдөн жарым эле саат ары-бери басып элдин маанайын көрүңүзчү. Ошондо кайырчыга толгон, жону жоор жолдордон кортеж менен өткөндөн уялып каласыз. Балким, мен жаңылышып жаткандырмын. Кесиптешим кечээ айткандай бийликте болбогондон кийин билгенимди “балп” эткен чыгаармын. Бирок, жоопкерчилик менен милдетти сезбеген Сиздикиндей бийлик зарылбы? Бирөөнүн, кайгысын, жакыр жашоосун сезе албаган, тултуйган бетти көтөрүп, өзүн саясатчы, чиновник сезип, кап курсакты сүйрөп жер үстүнөн басып жүрүш зарылбы? Ар кимди күчтөп, акча төлөп, жамаачы тарыхын жаздырып, өзүн “патриот” сезген зарылбы? Бүтүндөй өлкөнүн ырысын тебелеген кап курсак чиновниктердин, анча-мынча тантык депутаттардын санын чектөөнү ойлонуп көрбөйсүзбү? Карапайым калк деле аз өмүрдө Силердей болбосо дагы адамча жашап көрсүн…

Канышай Мамыркулова, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: