Menu

Зулпукаар Сапанов, санжырачы, журналист: “Дүйнө шайтанга сыйынып калды”

Бөлүшүү:

— Зулпукаар аке, кыргыз журтуна калеми курч, абийирине камчы салдырбаган чыгаан журналист катары таанылдыңыз эле, бирок негедир бир жылдан бери көрүнбөй кеттиңиз, кайда жүрдүңүз, эмне менен алек болдуңуз?

— Биринчиден көңүлдү көкөлөткөн сөзүңө рахмат, экинчиден өзүм жөнүндө кыска гана айта турган болсом, касиеттүү ата-бабаларыбыз менен жете-жотолорубуздун кылым карыткан санжыра дүйнөсүнө кирип, Кудайымдын буйругу менен кайыптын катылып жаткан сырдуу ааламына чейин жеттим. Тактай кетсем, илимий чөйрө тыным албастан издеп келген Шамбаланы Памирден таап, жер бетиндеги пендеге табышмак болгон түйүндөрдү жандырып чыктым. Анын бири Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин урпактарынын улуу санжырасы болуп эсептелет, ага чыйыр салып, унутта калган булактын көзүн тазалап, Кудай касиетине жеткен ыйык Атабыз менен асыл Энебиздин уул-кыздарынын санжырасын тиздим. Мындайча айтканда, Адам менен Ободон таратылган ой жорумдун тамырын талкалап, киши баласы Кыдыр менен Умайдан тараганын аныктап бердим. Албетте, анын баарын бул жерде жая салуу мүмкүн эмес, андыктан кызыктын баарын “Кыдыр санжырасынан” окусаңар болот.

— Демек сиз өтө чоң талашка жем таштап, Кыдыр атабыз менен Умай энебизди таап чыгыпсыз, эми Адам ата менен Обо энеден тараган санжыра жалган болуп чыгабы?

— Биз кызыл топурактан жасалган Адам менен анын кабыргасынан жаралган Обого бирикпейбиз, ал санжыранын тизими диний маңкуртчулуктан улам пайда болгон. Ооба, Адам менен Обонун тукумдары бар, алар еврей менен арабдар. Ал эми биздин башкы атабыз Кыдыр – энебиз Умай. Бул эки ыйык заттын турагы Памирдеги Шам-Көл (Шам-Мир), Сар-Көл (Зор-Көл, Виктория, Көй-Кап) болуп эсептелет, так ушул жер киндигинен эл башкарган падышалар династиясы менен Аруу (Арий) тукуму тараган, мунун ондогон тарыхый фактылары аталган эмгекте жазылуу. Асыресе, киши дүйнөсү Адам менен Обого бирикпестиги дүйнөлүк илимде дагы аныкталып, такталган. Сөзүбүз куру болбошу үчүн бир фактыны белгилесек, Э.Шюре: «Течение семитическое и течение арийское – вот два потока, которые принесли нам все наши идеи, все предания и религии, все искусства, науки и философии…”[1] деп жазган. Айтор, санжыранын бүт баардыгы тарыхый жана философиялык фактылар менен бышыкталып, акылдын туу чокусундагы илим алдында тастыкталып берилди.  

— Кудайдын турагы болгон Шамбала Памирде экенин айттыңыз, муну илимий чөйрө Тибеттен издеп келе жатпайбы?

— Факты менен айтсам, дүйнөлүк илимий маалыматта: Шамбала была царством в Средней Азии. Её царь Сучандра побывал в Южной Индии, чтобы приобрести знание. После мусульманского вторжения в Среднюю Азию в IX веке царство Шамбалы сделалось невидимым для человеческих глаз, и только чистые сердцем могут найти к ней дорогу[2] деп белгиленген. Бул кашкайган далилди санскрит жазмасын иликтеген илимпоздорго мен барып жаздырган жокмун. Демек, Шамбала Тибеттин тоосуна гана байланбайт. Кыскасы мунун ар тараптан тастыкталган далили “Кыдыр санжырасы” китебинде жазылган, дүйнөнүн сырдуу түйүнүнө кызыккандар бардык фактыны ошол жерден окуп чыкса болот.

— Сиз китептеги бир гана сырдын чет-бучкагын чыгарып, Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин урпактары тууралуу айттыңыз, аталган эмгекте коомчулукту таң калтыра турган дагы кандай жаңылык бар?

— Албетте, азыр дүйнө жүзү улуттарга, диндерге, мамлекеттерге жиктелип, түрдүү түшүнүктөргө аң-сезимдери катып калды. Ошондой болсо да, Кудайдын кудуретин жеткирүү милдети акылга уюган соң, аны кечиктирбей ачыкка чыгарышым керек. Так белгилесем, дүйнө жүзү азыр Жараткан менен Кудайды унутуп, Ажалдын ээси болгон Шайтанга сыйынып калды. Эгер жер бетиндеги жумуру баштуу пенделер тез арада Кудайдын өзүн таанып, жападан жалгыз Жаратканга тизе бүкпөсө, тагдыры топон суу өңдүү чоң алааматтын бири менен чечилет. Муну жөн жерден жар салып жаткан жокмун, адамзаты менен кишизаты оттон жаралган Шайтанга чөгөлөп, анын аты менен согуш жүргүзүп, кан төгүп жатканын “Кыдыр санжырасында” кашкайган фактылар менен тастыктап, жалпы коомдун алдына чыгардым. Китепти окуган соң иудей, христиан, ислам жана будда диндерине жиктелгендер Кудайга сыйынып жатканын Бириккен улуттар уюмунун алдында далилдеп берсин!

— Мунуңуз абдан чоң сенсация экен, азыр дүйнөдө терроризм күчөп турган кез, сиз өзүңүздүн жана үй-бүлөңүздүн өмүрүнөн корккон жоксузбу?

— Ооба, өзүмдүн жана жакындарымдын өмүрүн дүйнөнүн тынчтыгы үчүн бычактын мизине койдум, коркунуч бар. Бирок, мен террордук жана экстремисттик топтордун намысын тебелегидей кайсы бир диний агымды көккө жеткире көкөлөтүп мактап, экинчисин кемсинтип жаткан жокмун. Бул жерде тынчтык жөнүндө сөз болуп жатат. Кудурети күчтүү Кудайымдын колдоосу аркылуу жалпы дүйнө жалгыз Жаратканга сыйына турган ынтымак тууралуу сөз баштап отурамын. Демек, баарында акылы бар, Шайтанга азгырылбай, терең ойлонот деген ишенимдемин. Экинчиден, менин көзүмдү тазалоо менен эми маселе чечилбейт, анткени, айтыла турган сөздүн баары китепке жазылып, элге тарады. Мындан ары мен болсом дагы, болбосом дагы сөзсүз түрдө жалгыз Жаратканга сыйынуу маселеси чечилет. Себеби, Шамбаладагы Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин касиети ачылып, Шайтандын бети сыйрылып калды. Албетте, аалам түзүлүшү боюнча кимдир бирөө өз чындыгын далилдегиси келсе, Кудайым берген сабырдуулук менен акыл күрөшүн жүргүзүшүн суранам, анткени ата-бабаларыбыз “Кудайды акылың менен тааны” деген улуу сөздү бизге калтырган. Дегеним, акыл иштебей, маңкурт болуп калганда, Жараткандын каары башталат. Так мына ошону мен эскертип, жер бетиндеги пенделер Ажалдын ээсине сыйынып калганын кашкайган далилдер менен ачыкка чыгардым. Кудайга сыйынып жатабыз деп дүйнөнү алдап жаткан динаятчылар эми эл алдында жооп берсин.

— Демек, адамзаты “Алтын доорго” жетип, жалгыз Жаратканга сыйына турган кезге келди деп эсептейсизби?

— “Алтын доорду” бүт баары самап келген, бирок акыл майдаланып кеткендиктен, жер бетиндеги пенделер бир доордон экинчисине өтө алган эмес. Тактап айтканда, азыркы маалдагыдай Жараткан менен Кудайды унутуп, Шайтанга сыйынып калган кезде, бир кишиге айттырган. Анан Шайтандан ажырабай, акылын иштетпей, анын аты менен согушуп, кан төгүүнү токтотпой койгон маалда, Жараткандын жалгыз өзү аргасыз түрдө топон суу окуясын кайталап, маңкурт болгон пенделердин жазасын чегерип келген. Биз так ошол чекте турабыз.

— Чындыгында эле биз азыр еврейди кул кылган затты гана таанып, аны Кудай жана Жараткан катары билип жатабыз. Сиздин айтымыңызга караганда булар ар башка заттар, туурабы?

— Эң туура. Дүйнөдө Жараткан бар, ал – бүткүл ааламдын ээси. Анын жер бетинде эки өкүлү бар. Бирөөсү өмүр берет аны Кудай дейбиз, экинчиси өмүрдү кыят муну Шайтан дейбиз. Бул айтылган сөздөрдүн илимий жана тарыхый фактысы “Кыдыр санжырасы” китебинде тизилүү, анын баарын ошол жерден тактап окугула. Анан мындай кереметти билбеген арабдар менен еврейлер Ажалдын ээсин Кудай тутуп, дүйнөнү диндерге ажыратып, ааламдын жаралыш кереметин жалгыз гана Шайтанга байлап таштады. Жыйынтыгын тарыхтан көрдүк, Ажалдын ээсин “Менин Кудайым” деп талашкан динчилдер “Крестик жүрүш”, “Желмогузга аңчылык”, “Жихат” деген чакырыктар менен миллиондогон бейкүнө өмүрлөрдү кыйса, азыр Ислам мамлекети жана сунит менен шийит деген ажырымдар аркылуу аёсуз түрдө кан төгүп жатат. Мунун түбү жакшылык менен бүтпөйт, ар бир пенде тез арада Кудайдын кудуретин таанып, Жаратканга шүйкүм кылбаса, алдыда чоң алаамат күтүп турат!

— Бул жерде кыргыздын орду кандай болот?

— Дүйнөдөгү эң ыйык эл бул – кыргыз. Ыйыктыгынын негизги белгиси тилде турат, Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин тилин, т.а. Кудайдын тилин сактап калды. Бул тил – Жараткан Теңиримдин жалгыз өзүнөн гана ыроолонгон ыйык тил. Ырас, жер бетиндеги элдердин бары байыркы доордо Кыдыр менен Умай тилинде сүйлөгөн, бирок, тилекке каршы, азыр бардыгы бузулуп, өзөктөн алыстап кетти. Ыйык Атасы менен асыл Энесин унутуп маңкуртташкан пенделер тилди гана эмес, жогоруда так белгилеп бергендей, Кудай менен Жаратканды да биротоло унутуп, Жоломан болуп калды. Ал эми алакандай кыргыз калкы Кудайдын тили менен сүйлөп, Атабыз менен Энебиз калтырган каада-салтты, нарк-насилди, үрп-адатты, кийим-тайымды, оюн-зоокту, айтор бардык баалуулукту сактап кала алды. Биз ушул сапаттар менен дүйнө элдеринен бийикпиз десек жаңылышпайбыз. Албетте, муну өзүбүз кылган жокпуз, Кыдыр атабыздын жардамы менен болду. Манас бабабыздын улуу баяны баштаган сөз бермети менен тизилген акыл мурастарды айттырып, тилибиз менен кошо баалуу кенчти бизге сактап берди. Бул үчүн аты Кудай деген ысымга өзгөрсө да заты так өзүндөй сакталып калган Кыдыр атабызга миң мертебе ырахмат айтып, шүгүр келтиришибиз керек. Кошумчалай кетерим, дүйнөнү сактап калуу үчүн кыргыздар канчалык эрте ойгонуп, Кыдыр атабыз менен Умай энебизди даңазалап, Шайтандын башын шылый чапканга көмөктөшсө, ошончолук соопко да, ырыскыга эгедер болот. Дегеним, мен айтпасам да түшүнүп турасыңар, ар бир кыргыздын башына алтын жаай турган иш башталды. Андыктан, майда-чүйдөнүн баарын жыйыштыра туралы. Себеби, кыргыз үчүн Кыдыр атабыз жат эмес. Кыргыз деген этнонимдин өзү Кырк Кыдыр, Кырк Кызыр, кыскарып Кырккыз, анан Кыргыз болгону санжырада так жана таамай далил менен берилди, анын баарын чакан маекке батыруу кыйын, демек, элибиз кантип куралганын китептен окугула.

— Албетте, алдыда дагы маек курабыз, азыр “Кыдыр санжырасы” китеби кайда сатылып жатканын айта кетсеңиз?

— “Кыдыр санжырасы” китеби “Нуска” китеп дүкөнүндө, Борбордук аянттагы “Ала-Тоо” кинотеатрынын маңдайындагы китеп саткан жерде, Чүй проспектиндеги Борбордук почта түйүнүнүн ичиндеги кыргыз китеп дүкөнүндө жана И.Арабаев атындагы Университеттин библиотекасында сатылып жатат.

— Маегиңизге ырахмат, “Кыдыр санжырасы” Кыргыз элине кут кондурсун!

Маектешкен Калыгул Бейшекеев

[1] Н.Г.Аюпов, Тенгрианство как открытое мировоззрение, Алматы, 2012, стр. 53.

[2] https://ru.wikipedia.org/wiki/Шамбала

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: