Menu

Кийинки хандык такка олтуруучу башкы увазирлер

Бөлүшүү:

 

Өзбек президенти Ислам Каримов бул жарыктык менен коштошкондон кийин өзбектирди ким башкарат деген талкуу күч алды. Коңшуларда дагы бийлик талашкан кландар толтура. Алардын таасирдүүлөрү Ташкент жана Самарканд кландары. Каримовдун тушунда эле бул эки клан күч структураларына таасир этип турушкан. Ташкенттиктер Улуттук коопсуздук кызматын (СНБ) кармаса, Самарканд кланы ИИМде турган. Бирок, СНБ башчысы Рустам Иноятов самарканддыктарга көбүрөөк көңүл бураары айтылып келген. Каримовдун ишенген жакын адамдарынын бири да Рустам Иноятов делип эсептелинет. Самарканд кланынан такка олтурчу негизги фигура 2003-жылдан бери премьер-министр болуп иштеп келе жаткан Шавкат Мерзяев. Анын негизги атаандашы катары ташкенттиктердин кланынан  финансы министри Рустам Азимов эсептелинип жатат. Каримов өзү Самарканд кланынан болгондуктан Шавкат Мерзяевде таасир күч экенин аналитиктер белгилөөдө. Өзбекстанды өз кучагына тартууга аракет жасап жаткан күчтүү державалар да Мерзяевдин тамырын тартканга аракет кылышууда. Мындан сырткары Рустам Иноятовду өзбек бийлигинин “серый кардиналы” деп эсептегендер көп. Президенттик тактыга олтура турган адам Иноятовдун батасын алып, колдоосуна ээ болушу керек. Шавкат Мерзяев менен Рустам Иноятовдун жакын мамилесинен да куда-сөөк жагы да бар деп айтылып калууда. Мерзяевди 2003-жылдан бери башкы увазир кылып алып жүргөн да Иноятов экени акырындык менен ачыкка чыгууда. Ал тургай Каримовдун улуу кызы Гүлнаранын тизгинин тартып, үй камагына олтургузган дал ушул Иноятов.  Мунун баарын эске алганда Өзбекстандын кийинки президенти болууга Мерзяев жакыныраак.

Бизде дагы мураскер ким болот деген суроо талуу бойдон турат. Коңшуларда Самарканд, Ташкент болуп күрөшүп жатса, биз түндүк-түштүк болуп, бул жарайт, бизден болушу керек деген ажырымды токтото элекпиз. Азыркы президент Алмазбек Атамбаев мураскер даярдабайм, эл өзү каалаган адамын шайлап алат деген менен кийинки келечеги үчүн сөзсүз мураскерин калтырып кетери бышык. Президент айланасынан жол улоочусун чыгара алабы? Бул дагы маселе. Атамбаевди Чүйдөн чыккан саясатчы деп эсептелерин эске алганда, ага мураскер тандоодо таасир этчү чүйдүн саясий күчтөрү болушу мүмкүн. Мураскер катары Иса Өмүркулов менен УКМК башчысы Абдил Сегизбаевди көргөндөр бар. Президент бул экөөсүнө бийликти тапшырышы күмөн. Иса Өмүркуловду мураскер катары даярдаган болсо ага кылмыш ишин козгоп, кара көө жапмак эмес. Сегизбаевди ордума калтырып кетем деп орустарга көрсөткөндө, стратегиялык өнөктөштөр жарабайт деп кол шилтегенин саясатчылар айтышкан. Атамбаевдин мураскер катары калтырууга жалгыз талапкер азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков гана калгандай. Ал киши мамлекеттик кызматта иштеген убактан бери артынан жаман сөздөр айтылган эмес. Сооронбай Жээнбековдун эң негизги көзүрү колунун иазалыгы, коррупциялык ишке аралашпаганы. Экинчиден азыр Атамбаев бийликке келгенден бери түштүктө жакшы маанайды жаратуу кыйынга турду. Түштүктөн добуш алуу да оңойго турбайт. Бул жагынан Жээнбеков Атамбаевдин ишин бир кыйла жеңилдетет. Өкмөт башчысы болуп келгенден бери ишти алга жылдыруу үчүн жакшы эле күйпөлөңдөп, маңдай тер төгүп аракет кылып жатат. Каримовдун тажиясына да Сооронбай Жээнбековдун барышы, кийинки президент деп саналып жаткан Мерзяев менен чек ара маселесин талкууга алышы анын кийинки тактыга олтурууга мүмкүнчүлүгү жогору болуп баратканынан кабар берет. Андыктан, эки өлкөдө президенттик тактыга башкы увазирлер олтуруп калышы толук мүмкүн.

Кыялбек Тагаев   

Булак: “Жаңы-Ордо”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: