Menu

Сузак районунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын областтык VII спартакиадасы өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-сентябрда Сузак районунун  Ладан-Кара айылында  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын областтык VII спартакиадасы болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлгөн мелдешке областагы 12 район-шаарлардан 150дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар келип катышты. Спартакиаданын жобосуна ылайык спорттун 7 түрү: шахмат, шашки, кол күрөшү, жатып алып штанга көтөрүү, гир көтөрүү жана коляскада аралыкка жарышуу боюнча аялдар жана эркектер арасында кызуу мелдештер өткөрүлдү. Жалпы жонунан 39 медалдын комплектиси боюнча атаандаштык маанайындагы кызыктуу таймаштар өткөрүлдү.

-Сузак районунда 8123 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарыбыз бар. Алардын ичинен 107 адам  майыптар болуп саналат. 2016-жылдын 1-сентябрына карата 41 атуулга майыптык олтургучтуу коляскалар тапшырылды. Сузак райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 87 атуулга ден соолуктарын чыңдоолору үчүн курорттор менен санаторияларга жолдомолор берилди.  Областтык спартакиада бул жалаң гана спорттук мелдеш же күч сынашуу гана эмес, бул биринчи кезекте түшүнүшүүнүн, бири-бирибизди колдоонун жана  баарлашып жакындашуу менен   достошуунун негизи  деп билемин,- деди Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Абдумуктар Маматов.

– Область боюнча калктын аялуу катмарларына кошулган 229273 жаранга мамлекет тарабынан 16 млн. 854 миң сомдук материалдык колдоолор көрсөтүлдү. Мектеп жашындагы балдардын арасынан окууга мүмкүнчүлүгү бар, бирок ден соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелген балдар үчүн мектеп мугалимдери үйлөрүнө барып окутуу иштери жолго коюла баштады. Өкмөттүк эмес уюмдар бул маселеде демилгелүү иштеп жатышкандыктарын баса белгилеп кетмекчибиз.  Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында областтык спартакиаданы өткөрүү демилгеси Кыргызстан боюнча биздин областыбызда гана жыл сайын ийгиликтүү өтүп келе жаткандыгын сыймыктануу менен белгилеп кетким келет,- деди  өкүл Жумагүл Эгембердиева. Өкүл Жумагүл Эгембердиева спартакиаданы өткөрүүгө өздүк фондусунан 30 миң сом бөлүп берди.

-Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар- булар кудай сүйгөн пенделер. Алар касиеттүү күндүн балдары десем аша чаппаймын. Ушул адамдар арасында жыл сайын областтык спартакиада өткөрүүгө жакындан демилге жана колдоо көрсөтүшкөн областтык жана Сузак районунун жетекчилигине терең ыраазычылык билдиремин,- деди Кара-Көл шаарынан келген өкүл Эркинаалы Юсупбаев.

Өкүл Жумагүл Эгембердиева мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы коляска менен жарыш мелдешин Жалал-Абад шаарына кире бериштеги айтылуу аркадан баштап берди. Жалпысынан 600 метрге болгон бул жарышта Сузак районунан келген Жамалдин  Мамаюсупов биринчи орунду, Базар-Коргон районунан келген Эмилбек Масиров экинчи орунду, ал эми Жалал-Абад шаарынын өкүлү Адылбек Шарипов байгелүү үчүнчү орунду колго киргизишти. Спартакиадада жалпысынан 39 комплект медал боюнча кызуу таймаштар өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар менен Дипломдор тапшырылды. Мындан сырткары  спартакиаданын ар бир катышуучусуна дагы акчалай сыйлыктар менен Дипломдор тапшырылды. Мүмкүнчүлүгү чектелган адамдар арасындагы областтык VII спартакиаданы өткөрүүгө Сузак районунун ишкерлери демөөрчүлүк көрсөтүшүп, 192 миң сом каражат сарпталды. Эмки VIII Спартакиада Ала-Бука районунда өткөрүлөт.

 Жолдошбай Осмонов, журналист

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: