Menu

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: “Жеке мамиледе Атамбаев менен эч кандай каршылыгым жок”

Бөлүшүү:

— Равшан Бабырбекович, сиздердин Баш мыйзамды өзгөртүүгө көрсөткөн каршылыгыңыздар бийликке канчалык таасирин тийгизет деп ойлойсуз?

— Ишенимдүү түрдө мындай же тигиндей болот деп айтыш аябагандай кыйын. Бирок мен бүгүнкү күндө бир нерсени сездим. Кыргызга таанымал, баш көтөргөн адамдардын, саясатчылардын, интеллигенциянын, жалпы атуулдардын көпчүлүгү Конституциянын өзгөрүлүшүнө, референдумдун өтүшүнө каршы болууда. Биз 25 жылдык тарыхыбыздын ичинде президенттер эч убакта Конституцияны улуттун кызыкчылыгы үчүн өзгөртпөгөнүн билип калдык. Баардыгы жеке өзүнүн, тар чөйрөсүнүн кызыкчылыгына карата өзгөрткөн. Атамбаев жана тегерегиндегилер референдум өткөрөбүз, Конституцияны өзгөртөбүз дегендин негизги себептеринин бири да ушул болуп эсептелет. Акыркы убактарда Конституциялык реформа бир эле президент Алмазбек Атамбаевдин идеясы эмес экени да байкалууда. Бүгүн Жогорку Кеңеште Исхак Масалиев “кайсы бир мамлекет бизди түртүп, суранып жатса дагы биз Конституциялык реформа жасоого, референдум өткөрүүгө шашпашыбыз керек”деп айтып кетти. Муну менен баш мыйзамды өзгөртүү бир гана президенттин эмес, президенттин артында турган саясый күчтөрдүн жана кайсы бир биздин коңшу мамлекетибиздин идеясы экендигин Исхак Масалиев коомго кыйыр түрдө жеткирип койду.

— Кайсыл гана бийлик болбосун мындай учурда оппозиция менен эсептешпей, үнүн укпайт эмеспи. Референдум өткөрөм деген бийлик кандай гана жол болбосун максатына жетет да. Андан кийин сиздердин кадамыңыздар кандай болот?

— Биз албетте, курал көтөрүп көчөгө чыга албайбыз. Бүгүнкү күндө чынында оппозициялык маанайдагы саясатчылардын абалы бир топ чектелүү. Жалпы эле Кыргызстанда оппозиция кандайдыр бир деңгээлге чейин алсыз, мүмкүнчүлүктөрү чектелип келген. Саясатка 2005–2010-жылдагы активдүү катышкан адамдардын бири катары айта алам. 2005жылы деле 23-мартка чейин оппозициянын колунан эч нерсе келбей тургандыгын баардыгы көрүп турушкан. Оппозиция жөн эле айта берет, кыйкыра берет, булардын айткандарынын күчү деле жок деген коомдо сезим бар болчу. Чынында эле оппозиция ошондой болот. Бизде бийликтин камчысын чапкан мамлекеттик деңгээлдеги ресурс жок. Баардык ресурс, каражат, кадр маселеси, бийлик, сатып алуу, коркутуу, бандиттер баардыгы бийликтин колунда болот. 2010-жылы деле ошондой болгон. Оппозициялык маанайдагы саясатчыларды камаганга чейин барып, Кыргызстанда оппозициянын колунан эмне келет эле деген ой баарында болгон. Бирок кайсы бир мүнөттө элдин аң сезиминде саясатта аябагандай радикалдуу өзгөрүү болот да ошол убакытта бийлик толугу менен өзүнүн күчүн жоготуп коюшу мүмкүн. Бийлик колунан келсе ошого жеткирбегенге аракет кылышы керек. Биз референдум өткөртпөгөнгө, Конституцияга өзгөртүү киргизбегенге колубуздан келишинче аракет кылып жатабыз. Анын маанилүү себептери бар. Конституциянын стабилдүүлүгү бул улуттун стабилдүүлүгү болуп эсептелинет. Анткени 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деп Атамбаев башында турган ошол убактагы бийлик улуттук консенсус жаратышкан. Мына ушул баш мыйзамды баардыгыбыз жоопкерчилик алабыз, өзгөртпөйбүз деп таңуулап, жигиттик, адамдык сөз беришкен. 2020-жылга 4 жыл калганда Алмазбек Атамбаев өзү сунуш кылган улуттук консенсусту кайра бузду. 2016-жылы Атамбаев улуттук консенсусту бузуп, Кыргызстанга кайрадан дестабилдүүлүк жаратты. Мына эми ушул дестабилдүүлүктү жараткандан кийин мунун аягы каякка барат азырынча айтуу абдан кыйын. Бирок дестабилдүүлүктү жараткан адам бүгүн тилекке каршы Кыргызстандын бийлигинин башында турат.

— Азыр карап көрсөк сиз бир топ адамдар менен биригип иш алып барып жатыптырсыз. Алардын баары сиз менен аягына чейин турат деп ишенесизби?

— Жок, саясатта эч качан бири-бирибизге ишенбешибиз керек. Саясатта ар бир саясатчынын өзүнүн кызыкчылыгы болот. Саясатка ар бир адам өзүнүн жеке көз карашы менен келет. Менин да саясатта көз карашым бар. Ошол көз карашымды колумдан келишинче системалуу түрдө коргогонго, айтканга аракет кылып келе жатам. Президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекетти башкара албасын, ал бийликке келгенден бери айтып келе жаткан саясатчылардын бири менмин. Президент мамлекетти трагедияга, туңгуюкка алып келээрин мен 5 жылдан бери айтып келе жатам. Мына абалыбыз мен айткандай эле болуп турат. Эгерде биз акыркы убактагы Эл аралык уюмдардын, өкмөттүн статистикалык көрсөтмөсүн ала турган болсок экономикадагы социалдык турмушубуз, бюджетибиз күндөн күнгө жарга такалып жатат. Ажобуз Кыргызстанды бир гана Борбордук Азиянын ичиндеги мамлекеттердин арасында эмес, дүйнөлүк мамлекеттер арасында изоляцияга алып келди. БУУ бүгүн Кыргызстанды тааныгысы келбейт. Европанын баардык уюмдары Кыргызстанды тааныгысы келбей, элес албай олтурушат. Ошонун далили катарында дүйнөдөгү эң авторитардуу уюм ЕККУ Кыргызстандагы кылмыш иши козголду деген адамга өздөрүнүн эң авторитеттүү трибунасында сүйлөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат. Анткени бүгүнкү күндө ал уюм кыргыз бийлигин, кыргыз сотторун таанып билгиси келбеген уюм болуп эсептелинет. Атамбаевдин 6 жылдык саясатынын айынан социалдык-экономикалык кризиске, тышкы саясаттагы кризиске, жана жалпы саясаттагы кризиске келип такалдык.

— Көз караштары ар кандай адамдар чогулуптур. Эгерде Кудайдан болуп бийликке келип калсаңыздар сиздер да Убактылуу Өкмөттүн каталыктарын кайталап, мен-сен болуп чукушпайсыңарбы?

— Тилекке каршы андай коркунуч баардык авторитардык мамлекеттерде бийлик алмашканда кала берет. Авторитардык мамлекеттерде бийлик алмашканда бир кичинекей топту, экинчи кичинекей топ же болбосо бир адамды экинчи бир адам алмаштырат дагы алар мурдагыдай эле кичинекей косметикалык жасап коюп мамлекеттеги каржы булакты өзүнө бурат да, комфорттук чөйрө түзүп алып уланта берет. Ошондуктан мен, бир топ саясатчылар, Исмаил Исаков, Өмүрбек Абдрахманов, Замира Сыдыкова, Чолпон Жакупова, Рита Карасартовага окшогон саясатчылар Кыргызстанда эки маанилүү реформаны жасашыбыз керек деп жатабыз. Биринчиси, биз президенттик институтту жоёлу. Президенттик бийлик Кыргызстанды кайра-кайра трагедияга алып келе турган бийлик болуп эсептелинет. Эгер биз муну ушул бойдон калтыра турган болсок кийинки келген президент дагы Атамбаевдин жолуна түшүп, кайрадан 5 жылдан кийин авторитардык бийликке айланат дагы кайрадан мамлекетти трагедияга алып келе берет. Ошондуктан биз жакшы мамлекет курабыз десек, биринчи кадам катарында бийликти премьер-министрге өткөрүп беришибиз керек. Бул системалуу өзгөрүү болуп эсептелинет. Эгерде президенттик институтту жоё турган болсок, президенттик бийлик кызыктуу болбой калат дагы Кыргызстанда көп партиялуулук, демократиялык багыттагы ар кандай күчтөр пайда болот дагы алар бири-бири менен атаандашып Кыргызстан өнүгүү багытына түшөт. Мына ушул жолду биздин бир көз караштагы адамдар акыркы убактарда сунуш кылып келе жатабыз. Биз муну ишке ашырганга аракет кылабыз.

— Бир кезде Өмүрбек Текебаев Конституцияны өзгөртөбүз дегенде сиздер абдан каршы чыккансыздар. Эми болсо Текебаев баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыкса, сиздер анын позициясын колдоп жатасыздар. Ошондо сиздер Текебаевге барып кошулдуңуздарбы же ал сиздерге кошулдубу?

— Эгерде саясатта жана мен айтып жаткандай системалуу нерсени кармана турган болсок, Текебаев бизге келип кошулду. Атамбаев мамлекет үчүн 3 оор нерсе жасады. Президент демократиялуу мамлекет курам деп Кыргызстанда бийликти узурпациялаган авторитардык бийликке айлантты. Атамбаев менен системалуу түрдө күрөшүп келе жаткан адамдардын арасына Текебаев дагы кошулду. Экинчиси, президент Кыргызстанды кайрадан системалуу социалдык-экономикалык кризиске алып келип такады. Муну биз беш-алты адам 5 жылдан бери баймабай айтып келе жатабыз. Азыр Текебаев дагы муну толугу менен колдоп, биздин катарыбызга кошулуп жатат десек туура болот. Албетте, Текебаевдин бүгүнкү күндө саясый орду маанилүү. Анткени анын өзүнүн фракциясы бар лидер, Жогорку Кеңештин депутаты. Андыктан алардын үнү кандайдыр бир деңгээлде катуурак чыгышы мүмкүн. Бирок системалуу жактан алып караганда Текебаев бизге келип кошулду.

— Азыр катарыңыздарда ар кандай адамдар бар экен. Муну менен сиздер эптеп эле бийликке жетип алууну көздөп жаткан жоксуздарбы?

— Саясатта эки багыт бар. Биринчиси, бул стратегиялык багыт. Мен стратегиялык багытта Кыргызстанда парламенттик башкарууну колдогон саясатчымын. Жана ошол парламенттик башкарууну Кыргызстанга киргизгенге акыркы 15 жылда мүмкүнчүлүгүмдү жумшап келе жатам. Мындан кийин да жумшай берем. Экинчиси, тактикалык багыт болуп эсептелет. Эгерде биз бүгүн тактикалык багытыбызды карай турган болсок анда чынында эле стратегиялык багытта бир боло албаган саясатчылар кошулду десек болот. Бул кырдаалдык-тактикалык багыт болуп эсептелет. Эгерде биз убактылуу кандайдыр бир маселелерибизди чече турган болсок, азыркы күндө чогуу турган саясатчылар дагы келечекте өзүбүздүн стратегиялык багытыбыз боюнча бөлүшөбүз. Мисалы биздин катарыбызда күчтүү президенттик бийлик болуш керек деген Мадумаров дагы бар. Кыргызстанды курултай гана башкарыш керек деген улутчулдар, мекенчилдер тобу да бар. Мунун баардыгы кырдаалдык-тактикалык биригүү болуп эсептелинет. Ошондуктан биз Конституциялык стабилдүүлүктү коргош үчүн гана бириктик. Бул убактылуу гана биримдик. Максатыбызга жеткенден кийин биз биримдикти токтотобуз дагы ар бирибиз өзүбүздүн мурдагы стратегиялык багытыбыз менен кете беребиз.

— Текебев менен Атамбаев кайра биригип кетип, силерди мыш кылсачы?

— Текебаев менен Атамбаевдин бүгүнкү күндө кайра биригиши абдан оор болот. Саясатта сын айткандар экиге бөлүнөт. Биринчиси идеялык көз караш менен сын айткан адамдар. Мисалы мен жеке мамиледе Атамбаев менен эч кандай каршылыгым жок. Атамбаевди идеологиялык көз караш менен сындап келе жатам. Анткени Атамбаевди Кыргызстанды Орусиянын губерниясына айландырды, авторитаризмди кайра алып келди деп сындап келем. Бүгүнкү күндө Текебаев менен Атамбаев эмне үчүн бириге албайт дегендин бир себеби бар. Булар жеке мамилеге өтүп, бири-бирин жеке көз караш, кызыкчылык менен сындай баштады. Атамбаев Текебаевди мародёрлукка күнөөлөсө, Текебаев Атамбаевди коррупционер катарында сындап башында туруп жатат. Бул деген идеологиялык күрөш эмес, жеке адамдык күрөшкө айланды. Мындан кийин экөө бириге албайт, биригип кетишсе экөө тең саясатта, коомдун алдында кадыр-баркын бир топ түшүрүп алышат.

Маектешкен Баян КУЛОВА    

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: