Menu

Жалал-Абадда 2015-2016-жылдары энелер өлүмү катталган жок

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында 2015-2016-жылдары энелер өлүмү  катталган жок.Бул тууралуу областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары Хадича Пратова билдирди.

Анын айтымында, областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун, шаардагы медициналык жамааттын жана шаар бийликтеринен чогуу жасаган аракеттери аркасында энелердин саламаттыгы жагынан кыйла алга жылыштар болуп жатат.

-Өткөн 2015-жылы шаардын калкынын саны 95790 киши болсо,2016-жылдын 9 айында 96725 адамды түздү.Анын ичинен аялдардын саны былтыр 48638 болсо, быйылкы жылдын 9 айында 49592ге жетти. Эң негизгиси, 2015-2016-жылдары бизде энелер өлүмү катталган жок.Бул биздин гана эмес,республиканын сүйүнүчү десем болот, – дейт ал.

Х. Пратова 2016-жылы бир жашка чейинки балдардын өлүмү 7,7 пайызга азайганын да билдирип, энелер жана жаш балдар өлүмүнүн алдын алуу боюнча ар кандай түшүндүрү иштери жүрүп жатканын, ушул жылы 1200 кош бойлуу аялдарга камсыздандыруу күбөлүгү алынып берилгенин, аз кандуулук боюнча 320 аялга рецепт жазылып берилгенин кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: