Menu

Таласта КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча долбоору кызуу талкууланууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорун калк арасында кеңири түшүндүрүп жана талкуулоо боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүп, бул иштерди талап деңгээлинде алып баруу жагы такай көзөмөлгө алынган. Долбоордун кагаз жүзүндөгү жана электрондук варианттары жер-жерлерде эмгек жамаатарына, жарандык коомдорго тааныштыруу үчүн таркатылып берилген. Натыйжада облустун бардык шаар-райондорунда Конституциянын өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген долбоору эмгек жамаатарына атайын түзүлгөн демилгелүү топтор тарабынан түшүндүрүлүп, эл арасында кызуу талкуулар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Мухамеджан  Суранчиев билдирди.

Алсак, Бакай-Ата районундагы 9 айыл аймактын эмгек жамаатарында талкуулар жүргүзүлүп, ага үч миңден ашык мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер жана жалпы эл  катышышты. Ал эми Кара-Буура районунда Конституциянын долбоорун талкуулоону уюштуруу боюнча 27 жумушчу топ түзүлүп, райондун 29 мекеме-ишканасында талкуулар жүргүзүлсө, Манас районунда эл арасында 14 жыйын өткөрүлүп, Талас районунун бардык эмгек жамаатарында талкуулар боюнча элдик жыйындар байма-бай өтүп келүүдө. Белгилей кетсек, Талас шаардык согуштун жана эмгектин арлагерлер кеңеши жалпы Талас элине Конституцияга өзгөртүүлөр жана толкутоолор киргизилген Баш мыйзамдын долбоорун колдоого чакырган кайрылуусу жарыяланды. Жер-жерлерде болуп жаткан талкуулар облустук телерадиоберүүсү, облустук “Талас Турмушу” гезити аркылуу такай чагылдырылып, облустук телевидениеде атайын “Актуалдуу маек” рубрикасы уюштурулган. Талкуунун жыйынтыктары боюнча КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча долбоору жалпы эл тарабынан жактырылып, колдоого алынууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: