Menu

Баш мыйзамдын айланасындагы базар-вокзал

Бөлүшүү:

 

Ачыгын айтканда чар тарабы төп келишкен мыйзам, болгондо да Баш мыйзам болбойт. Эч качан. Муну  моюнга алуу керек. Бүгүн жашап жаткан  Текебаевдин жана эртең каштарын бойоп топ- модель болом деген Атамбаевдин Баш  мыйзамдарында  деле толгон токой  катачылыктар  бар. Бирок  кептин баары  мыйзамды ким , кандай максатта, кандай жол менен кабыл алышында болуп жатпайбы. Кечээкини  айтпай эле койолу. Бүгүнкү атамбаевдик өзгөртүүлөр каратып  туруп эле бардык процедуралык нормаларды тебелеп-тепсеп, калпты ышкыртып эле бульдозердей түртүп- сүрүп баратканыына улам, жанагы ачык карама-каршылык чыкты сыягы. Мунун  баарын мыйзамдын  чегинде эле жапжакшынакай кылып кабыл  алса болот беле? Болмок. Бирок анда  атамбаевчилердин дилиндеги сыры ачылып,күн батыштан чыгып кетмек, б.а. кыямат кайым болушу мүмкүн эле. Демек, шайтандай шашылып кабыл алдыртып жатканында бир мандем бар. Ошол кооптонуу   бүгүнкү саясий  кризисти  жаратты. Эң кызыгы,демилгечи эл эмей эле  президенттин аппаратынын кызматкери  Исмаилов деген азамат ( тапшырма алган соң жоокердей аткарат да, кызматынан кол жууп калбасы үчүн) Башмыйзамды адатынча орус тилинде ар кайсыл жерден көчүрүптүр.Кыргыз тилин билбесе айласы канча… Андагы каталарды окусаң , биз  эмес тооктор күлүп чалкасынан  жатышат  тоокканаларда.

Кала берсе ушул өзгөртүүлөрдү депутаттардын чийки башына жеткирем деп ааламдын акылын чөнтөгүнө салып алган Исаев дегени күлкү болгонун кайда жашырабыз. Өзү колундагы нерсенин не экенин, аны кантип сугунуш керектигин жакшы билбей, депутат К. Иманалиевдин аскиясынан уят болду. Эми жер катуу турбайбы.

– Конституция кыргызча жазылып, орусча которулбагандыктан да эки ача пикирлер жаралып жаткандай… Каныбек тигиге “ орусчадан кыргызчага минтип которупсуңар, мисалга мен таптакыр түшүнбөдүм, балким сен түшүнгөн чыгарсың?” деп сураса, тиги  дагы “жок” деп атпайбы кашайып. Мындайча айтканда, өзгөртүүлөр орус тилинде кирет экен да, кийин кыргызчага түшүнсөң- түшүнбөсүң эптеп бирдеме кылып жазып салгыла, деген эле сөз бу.

Парламентте уялышты сыягы, атайын бир угууну өткөрүмүш этишти.Аны-муну  чакырышты.Бирок жанагы эч нерсени түшүнүшпөгөн докладчыларга 10, өзгөчө пикирлери барларга 4 мүнөттөн беришип, туруп “мына, баары мыйзамдын чегинде, угуу өттү, эч кандай алымча-кошумча жок, о, кэй!!- деп басып кетишти президентке сүйүнчүлөшүп.

Өзгөчө Өмүркулов, Момбеков, Зулпукаров, Бекешовдор өзгөртүүлөрдү “мыйзамдуу эле мыйзамдуу “ дешип (кудум эле өздөрү жазгандай) Чолпонбайдай көкүрөктөрү менен тосуп жатып калышты. Эми эмгектери бааланып калар. Бирок кийин, баары теңирден тескери кетип, былыктары чыгып калганда кудум ушулардын бети кызарат дейсиңерби? Жок, болгону “бизге айтышты, буйрушту, биз аткардык “,дебесе мага келгиле.

Бир  сөз  менен  коомчулуктун  пикирин  уруп да ойношподу. Айттыкпы, аткарылат сөзсүз, башка жол жок,деп тим эле Кыргызстанды  биротоло прихватташтырып алышкандай шымаланып жулкунган боюнча Ак Үйгө кирип кетишкен бою,  ошо долбоорун ысырыкташып, көз тийбесин дегендей чоочун көздөн алысыраак бир сейфке кулпташып, кароол болуп олтурушат.

Ким билсин, элди укпаса, башкага кулак салбаса…мейли, билгенин кыла берсинчи, кийин көрө жатарбыз деп кайдыгер кыргыз дале жамбаштап жатат.Белчесинен чейин коррупцияга малынып, таптакыр чыга албай калган бийлик көчөдөгү жагдайга көз салуунун ордуна ошол долбоору менен элди алаксытуу үчүн, референдумду 11-декабрде өткөрүп ийиебиз дегенде ак эткенден так этет. Белгилешсин, бирок какаганга муштаган болуп  ошол күнү эл “жок” деп койсо, же таптакыр эле референдумга келбей койсо не болот?Андай вариантты ойлоп да койбойт  бийлик, анткени, колдорунда Кореядан алып келинген аппаратурасы бар… Био-био-сан деген Сарпашы туру шымаланып. Дагы не керек?  Ничего!

Просто  Шер

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: