Menu

Чынарбек Изабеков, Эркин күрөш боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону: “Спортчунун карьерасын бир секунда чечип коюусу мүмкүн”

Бөлүшүү:

Бул сапардагы маегим абдан кызыктуу жана өзгөчө болду десем жаңылышпайм. Жеке мен үчүн өтө таасир калтырды. Анда эмесе кеп башынан болсун. Ушул айдын ортосунда Кыргызстандын тарыхында каларлык дагы бир маанилүү күн болду. Мамлекетибиздин желеги желбиреп, бүткүл дүйнөгө гимнибиз жаңырып “Кыргыз” деген ат айтылды. Ветерандар арасында эркин күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпиондук титулду жеңип  алган Чынарбек Изабеков мырзанын кубанычында чек жок. Албетте кандай сонун жеңиш. Ушундай жеңиштер үчүн спорт чеберлери көп нерседен баш тартышып, өз жашоосун курмандыкка дагы чалып салышат.  Кээ бирөөндө спорт же үй-бүлө деген тандоо болот. Кээ бир үй-бүлөдө ич ара колдоо көрсөтүлүп эки жакты тең алып кетишет. Мына ушул үй-бүлөлүк гармония деп аталары шексиз. Чынарбек мырза менен Назира айымдын ортосунда жаралган үй-бүлө ушул гармониянын сакталышында турат. Жемиштүү жеңиш менен Кыргызстанга кайтып келген соң Дүйнө чемпиону менен маек курууга ашыктым. Ачык айтсам, катардагы суроо-жооп болгон маек  болот деген ой менен баргам. Ал оюм таш каап кандайдыр бир башка дүйнөгө түшүп калгандай болдум. Чындыгында толук үй-бүлө спорт чеберлерин биринчи  жолуктурдум. Суроолорум абдан көп болду, себеби кызыкканым көп эле. Бул макаланы бир гезит менен чектебейм дедим ичимден. Себеби азыркы күнгө үлгү катары көрсөтүүгө болот.

Кожойке Назира айым өз ишин, үй-бүлөнүн ишин дагы бирдей алып кеткен мыкты айым экен. Чынарбек мырза үй-бүлөнү бекем туткан ошону менен бирге өз ишин дагы алып кеткен мыкты мырза экен. Ал эми  эки уулу эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондору жана кызы Айша көркөм гимнастика боюнча спорт чебери болуп мыкты тарбия алышканы, терең ойлуу, акылдуу болуп жетилип келе жатканы кубантат. Андан кийинки чоңоюп келе жаткан кичинекейлери дагы өз ара бир нерсе менен алектенип жүрүшөт. Ооба, Чынарбек мырза менен Назира айым беш уул, бир кызды тарбиялап келе жатышат. Тарбия, үй-бүлөлүк ынтымак, ортодогу сый-урмат, алдыга умтулуу тууралуу маегим назарыңызда, окурман.

“Жашоомдо болгон нерсенин бардыгына шүгүр деймин”

Спорт менен машыгуу менин тээ бала кезимден бери алектенип келе жаткан кесибим.  Тогуз жашымдан баштап спортко болгон кызыгуум арта баштады. Алгач Таласта райондук, областтык турнирлерге, олимпиадаларга катышып жүрдүм. Кийин бул ишимди дагы өркүндөтүү керек экенин түшүндүм. Ошентип борбор калаага келип болгон күч аракетимди спорттун ушул түрүнө арнай баштадым. Чет өлкөнүн далай мамлекеттерин кыдырып алдыңкы орундарды ээлеп ийгиликтерге жетишип жаттым, бирок ортодо алган травманын айынан жыйырма жылдай тыныгуу болуп калды. Ошентсе дагы спортту таштаган жокмун. Күрөштө албетте ар кандай болот. Ошол нерселерге дагы даяр туруу керек, физикалык дагы, моралдык жактан дагы. Ал ортодо үй-бүлөлүк жеке иштерди жасап, бир нукка коюп алууга жетиштим. Чындыгында адамдын адамдык сапатынын сакталып калышы, бийиктиктерди багынтышы эрктин күчтүүлүгүнөн экенин билдим. Анын сыңары спорт менен машыгып жашоомдун образын түзүп алган соң артка кайтуу жок. Жашоомдо болгон бардык нерсеге шүгүр деймин.

“Жубайыма чексиз ыраазымын!”

Негизи эркектин ийгилигинде өмүрлүк жар негизги ролду ойнойт деп ойлойм. Бул жаатта мен өзүмдүн колуктума чексиз ыраазымын. Ар убакта жанымда. Менин жана өсүп келе жаткан балдарыбыздын жашоосуна катышып, баарыбыздын кем-карчыбызды толуктап, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келет. Жубай тандоодо мен жаңылбаганыма абдан кубанычтамын. Үй-бүлөбүз менен спорт жаатына көп ыктап, жашообуздун кандайдыр бир бөлүгүн арнаганбыз. Бул чоң жетишкендик деп билемин. Белгилүү болгондой, спорт чеберлери ар дайым атайы режим менен жүрүүсү шарт. Бул маселеде жубайым биздин колдоочубуз. Тамак-ашыбыздан баштап кийимибизге чейин көзөмөлдөп турат.  Ушул ыйык адамдын  күн тартиби менен жашайбыз. Балдарыма татыктуу тарбия берип келе жатат, бул жаатта салымы меникинен дагы зор. Мен жубайымсыз жашоо кандай болоор эле эч элестете албасам керек.

Алгачкы жолугушуу…

Алгач көргөндө эле ушул айым менин өмүрлүк жарым болот деп ишенгем. Албетте башында тартынып сезимимди билдире албай кыйналып жүрдүм. Үйдө баатыр, жоодо жок дегендей, ар күнү окуу жайдын эшигинин алдына барып акмалап, айтар сөзүмдү даярдап Назираны күтүп турчумун. Ал көрүнгөндө эле негедир даярдаган сөздөрүм унутулуп эмне дээримди билбей калчумун. Бирок бир күнү чечкиндүү болуп жолугушууга чакырып сезимимди ачык айттым. Азыр бирге түтүн булатып келе жатканыбызга жыйырма үч жылдын жүзү болду. Кудайга шүгүр, жашоонун ысык-суугунда, бар жогунда бирге болдук жана жемиштерибиздин жыйынтыгында дагы биргебиз. Учурда балдарыбыздын ийгиликтерине күбө болуп кубанып жаткан убагыбыз. Албетте жасалчу иштер дагы көп. Жаратканым колдоп, үй-бүлөбүз менен аман бололу деп тилеймин.

“Сынган кабырга…”

Алгачкы дүйнөлүк чемпиондукту ала турган мелдештин ортосунда күрөшүп жатып кабыргамды сындырып алдым. Чындыгын айтсам, көзүмдөн от чачырап кетти, бирок билдирген жокмун. Ушундай оор, кокустук абалдарда күрөштө бир секунд тагдырды чечип коёт. Ошол көз ирмемде чечкиндүү, туура чечим чыгаруу керек. Ошол чечим менен спортчу карьерасын улантышы дагы, ага чекит коюшу дагы мүмкүн. Ошондуктан мен үчүн ошол болгон окуя чоң сабак болду. Негизинде ал күрөштө утуп келе жатканмын, кабыргамдын сынып оорутканына карабай күрөштү уланта бердим. Акырындык менен өзүмдү колго алып күрөштү токтотпостон кандай болсо дагы улантууну чечтим. Кыймылдаган сайын аябай ооруп жатты. Абалымдын өзгөргөнүн мени коштоп келгендер дагы байкашыптыр. Рингдеги каршылашыма билдирбестен күчүмдү топтоп акыркы демим менен аны кулаттым. Жеңиш меники болду. Ошол көз ирмем кандай гана күрөшкө канча жолу чыкпайын ар дайым көз алдымда жана мага кандайдыр бир дем берип турат. Ушундай бир секунддук абал бүткүл жашоомо дагы бир негиз берди, алдыга дагы умтулууга шарт түздү.

Назира Айдарова, Чынарбек Изабековдун жубайы, бизнесвумен: “Мен үчүн үй-бүлөмдүн ийгиликтери баа жеткис”

Биринчиден, спорт чеберинин, Дүйнө жүзүнүн эки жолку чемпионунун , эң негизгиси жакшы адамдын жубайы, тартиптүү, ыймандуу балдардын энеси болуу – мен үчүн чоң бакыт.  Экинчиден, жолдошум экөөбүз кыялыбыздагы үй-бүлө курдук деп айта аламын. Мындай ийгиликтерге жетүүдө эч кандай кыйынчылык болгон жок.  Болгону жолдошум экөөбүз балдарыбызды тарбиялоодо, ошону менен бирге ишибизди алып кетүүдө, ортодо гармонияны сактап калууда бир гана нерсе керек экенин билдик. Бул ич ара түшүнүк, максаттардын бир болушу жана ишеним. Жолдошум спорт чебери болгон соң тартип катуу сакталуусу керек. Убагы менен тамак даярдоо, ал тамактар дагы атайы режим жана диета менен. Бардык беттешүүлөрдө колдоо көрсөтүү, мейли утушта, мейли утулушта.

Ошондой эле балдарыбызды дагы сергек жашоого умтулуусуна тарбиялоо. Негизи эле балдарды тарбиялоодо биз аларды кыйнаган жокпуз. Болгону эрктүү, жашоодо өз максатын тандап, ага жете билгендей кылып тарбияладык. Акырындык менен алар дагы спорт жаатын тандап алышты. Мен үчүн бул чоң сыймык. Балдарыма үлгү боло турган маңдайыбызда атабыз бар. Учурда кызыма көбүрөөк көңүл бөлүп турган убагым. Себеби көркөм гимнастиканын чебери болуу зор эмгекти талап кылат.  Ар бир кыймылдан баштап тамак-ашына, кийимине чейин кылдат мамиле кылуубуз керек. Эл аралык турнирлерге сынактар, чемпионаттар көп болуп жаткандыгына байланыштуу мен аны бардык жакта коштоп жүрөм. Буюрса балдарыбыздын үчөө турмушта өз ордуларын тапты деген терең ишеничтемин. Кийинки үч балабызга дагы татыктуу тарбия берип жатабыз деп ойлойм. Албетте алар азыр дагы кичине. Бирок азыртадан кызыгууларын байкап, ошого жараша шарт түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз.  Жолдошум, балдарым менен сыймыктанам жана өзүм жактан ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жатам.

“Татыктуу адамдын жубайы болуу – менин аялдык жетишкендигим”

Ооба, эң оболу жолдошумдун жетишкендиги менин жетишкендигим жана анын артыкчылыгы менин эмгегим. Кыргызда жакшы кеп бар,  аял жакшы эр жакшы деген. Чындыгында эркекти мыкты кылган аял. Анын сыңары жолдошумду ар тараптан колдоп келем. Ар бир үй-бүлөдө ар кандай кыйынчылыктар болот. Ошонун баарын биргеликте жеңүү керек. Биздин бекем үй-бүлөнүн сыры ушунда деп билем. Качан, кайда барбайлы биз бир командабыз. Ар кандай мелдештерге кетип жатканда албетте абдан кооптоном. Сыналгыдан же болбосо кошо барып мелдештерди көрүү мен үчүн ар дайым сыноо. Чыгып өнөрлөрүн көргөзүп бүткөнчө жашоом токтоп калат. Бирок ишенесизби, ушул көз ирмемдер өзгөчө бир драйв берет. Жолдошумдун, балдарымдын, кызымдын жеңиштерине күбө болуу – чоң бакыт. Жашоодо албетте өйдө-ылдый болот. Ошондуктан өсүп келе жаткан жаңы үй-бүлөлөргө бир гана ынтымак коломтону бекем сактап калат деп айта алам.

Нарбек Изабеков, Эркин күрөш боюнча спорттун чебери: “Мен үчүн атамдан башка үлгү алчу адамым жок”

Мен атам менен абдан сыймыктанам. Ал менин жөлөгүм жана үлгү. Мен атамдан башка өзүмө идеал тутуп, үлгү кыла турган кишим жок. Машыксак чогуу машыгабыз, үйдө дагы биргебиз, сүйлөшө турган сөздөрүбүз дагы төп келишет, ойлорубуз, максатыбыз бир. Мен бардык жактан атамды туурабасам дагы ал жашаган жашоо шартта, ал ойлонгондой, ал тандаган жол менен жүргүм келет. Эгерде мен атам жеткен бийиктиктерге жетсем гана спорт жаатында максатыма жеттим деп айта алам. Мындан бир жыл мурун күрөштөн травма алып операция болгон элем. Учурда эс алуудамын, бирок машыгууну токтоткон жокмун, акырындап өз орду менен машыгып жатам. Буюрса дагы бир аз чыдасам күрөштөргө чыга баштайм деген ишеничтемин. Себеби бир эмес он операция болуп, травма алган дүйнөлүк аренада спорттун мыкты чеберлери бар. Жашоо чектелген жок. Эң негизгиси адамдын өздүк аракетинде.

Айша Изабекова, гимнастика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону, кандидат мастер спорт: “Жашоомдун бир бөлүгүн гимнастика ээлеп алган”

Мен гимнастиканы өз каалоом менен тандап алгам. Ачык айтсам, жашоомдун кандайдыр бир бөлүгүн ээлеп алды. Окууну бүтүп эле таштап салуу планда жок аны ойлой дагы элекмин. Албетте кээде оорчулук болот, бирок ал нерсенин баары көз ирмемчелик. Эл аралык чемпионат, олимпиадаларда кырсыктап травма алган убактарым болот. Бирок ага карабай дагы чыгууга эрким жетет. Окуумду дагы, гимнастиканы дагы бирдей алып кетким келет. Келечегим алдыда, жакшы ой-тилектерим бар. Бардык жактан шарт түзүп берип жаткан, жеңиште дагы, жеңилгенде дагы ар дайым жанымда болуп дем-күч берген ата-энеме ыракматымды айткым келет.

Атай Изабеков, эркин күрөш боюнча спорт чебери: “Атам, агам жана мен”

Спорт – бул мен үчүн биринчи орунда турган жашоо образы. Албетте атам андан кийин агам менен сыймыктанам, алар жеткен ийгиликтерге, жетишкендиктерге жетким келет жана жетем деген ишеничтемин.  Чындыгында агам айткандай атам биз үчүн эң биринчи үлгү. Биз ага карап тарбия алабыз, ага карап ар бир ишке жыйынтык чыгарабыз. Учурда Жогорку окуу жайында окуп, аны менен бирге дагы машыгуумду улантып келем, эч таштабайм, оюмда да жок. Алдыга койгон максаттарга жетип, анан гана жандүйнө тынчыбаса ага чейин талбай эмгек кылуум керек.

Мына ушундай бир команда болгон уникалдуу жана сыймыктуу үй-бүлө менен биргеликте дасторкон алдында кеңири баарлашып кайттым. Чындыгында зор бакыт!

Чынарбек мырза менен Назира айым азыркы күндө спортчуларга ар тараптан колдоо көрсөтүп келишет. Ал үчүн эч нерсеге карабай туруп  машыгууга бардык шарты төп келген спорт комплексин өз каражатынан куруп беришти. Ал жакта Кыргызстандын желегин  далайга жеткирген мыкты спорт чеберлери, жаңыдан бул дүйнөгө аралашып келе жаткан спорт чеберлери машыгып келишет.

Назира Кулболдиева

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: