Menu

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: “Атамбаев менен Текебаевдин экөөнө тең рахмат айтыш керек”

Бөлүшүү:

— Бакыт мырза, КСДПнын коалициядан чыгып кетүүсүн кандай кабыл алдыңыз? Алардын негизги максаты Конституцияга өзгөртүү киргизүү экени анык. Дагы кандай максаттары болушу мүмкүн?

— Муну терең алып карап көрөлү. Биз эгемендүү мамлекетте 25 жылдан бери жашап жатабыз, учурда коомубуз, улутубуз өнүгүп-өсүп жатат. Саясатчы катары айтканда, булардын бөлүнгөндөрү дагы бир демократиянын тепкичин басып өттүк десем болот. Анткени партиялар көп болуп, кимдин кандай программасы, кандай максаты бар экенин эл эмес, биз саясатчылар түшүнүшкө кыйын болуп, таптакыр башаламан болуп калган эле. Эми саясый коом экиге бөлүнөт. Учурда фракциялар экиге бөлүнүп, бирөөлөр Конституцияны өзгөртүп реформа кылабыз деди. Экинчи жагы өзгөртпөйбүз, 2020-жылга чейин жазылган, ошого чейин күтөбүз дейт. Муну эки чоң стратегия катары бөлүп караса болот, консерваторлор жана реформаторлор деп. Мен ушундай кылып бөлүп жатам. Анткени эл дагы, саясий багыт дагы кыйналып турат. Ал эми СДПКнын коалициядан чыгуусунун негизги себеби, Конституцияга өзгөртүү киргизүү болду. Бирок ушул себеп менен биз чоң саясый эки чоң багытты бөлдүк.

— Жаңы түзүлө турган коалицияга кайсы фракциялар кирип, кимдер оппозицияда калышат?

— Мына эми жаңы коалицияга СДПК, «Кыргызстан», «Республика- Ата Журт» кошулат. Булар ачык-айкын Конституцияны реформалайбыз деп жатышат. Ал эми экинчи жагына «Ата-Мекен», «Бир Бол», «Өнүгүү» фракциялары кошулуш керек. Эгерде булар дагы эле кошулбай, ортодо жүрөбүз десе анда биздин саясатыбыз чачыранды боло берет. Менин баамымда азыр Ө. Текебаев, Б. Төрөбаев, А. Сулаймановдор оппозицияга кирип, бирдиктүү иштеп, жаңы түзүлгөн коалициянын ишин элге көрсөтсө, анда булар кийинки президенттик шайлоого өздөрүнүн кандидатын алып келе алышат. Азыр жада калса коом да эки жакка бөлүнүп жатат. Кимиси жеңип чыкса ошого барып кошула калчулар да чыгат. Эки тарап болуп тирешип, бирөө жеңип баратканда аларга жүгүрүп барып «биз силерди колдойбуз» деп барганда алар кошпойт. Силер кайсы жакта жүрдүңөр эле биз күрөшүп жатканда дейт. Мындай илгертен эле кыргыздын көчмөн философиясында болуп келген. Мен ошол ортодо жүргөндөргө кайрылат элем: Силер ортодо турбагыла, эки тараптын бир жагына кошулгула. Айрыкча саясый күчтөр, майда партиялар, жарандык коом да ортодо турбай, эки тараптын бир жагына кошулганда, ошондо биз саясый чоң күчкө ээ болобуз. Мен Жогорку Кеңешти мактап кетет элем. Алардын түзүлгөнүнө бир жыл болду, кандай гана карама-каршы маселелерди карап жатышат. Бирок бир жолу уруш-талаш болгон жок. Биз керек болсо үлгү болуп жатабыз десек болот. Учурда биздин саясый капиталыбыз бийик деңгээлде. Керек болсо Орусиядан да бийик.

— «Ата-Мекенди» алсыратыш үчүн СДПК коалициядан чыгып кетти да. Эми компроматтардын согушу жүрүшү анык. Саясий тиреш мындан да күчөйбү?

— Бул тирешүү бизди Европа мамлекеттериндей өнүгүүгө алып барат. Булар бири-бирин казып баштайт да, баары ачык болот. Муну эл деле түшүнүп калды. Азыр жада калса президенттин деле дачасын көрсөтүп жатпайбы. Мындай кадамдан кийин баары түшүнүш керек дагы, баарын текшерүүгө алыш керек. Тактап айтканда тапкан акча адал болушу зарыл. Эгер андай болбосо биздин мамлекетте кыйын болуп калды. Көрсө президенттин мүлкүн деле чукуп көрсөтсө болот экен. Президент өзү тапшырма берип, башкы прокуратураны текшергиле деп айтып жатат.

— Текебаев бүт мүлкүн элге көрсөтүп жатат. Бул жакшы көрүнүш. Ошол үчүн кийинки шайлоодо президент, депутат, министр болом дегендер ачык-айкын мал мүлкүн элге көрсөтүп, аны маңдай тери менен тапканын далилдесе мыкты болмок да…

— Менин оюмча бүгүнкү күндө жакшы акыбал түзүлдү. Мындан эч коркпой, тескерисинче рахмат айтыш керек. Эгерде булар бир-бирин казбай отурса, эч ким эч нерсе билбей калмак. Мына азыр четинен баары ачыкка чыга баштады. Негизи бул жерде чоң саясий оюн дагы жүрүп жатат. Текебаев атайын коалициядан чыкпай СДПКны чыгып кетүүгө мажбур кылды. Ошентип айла жок СДПК чыгып кетти. Анткени булардын көз караштары бирдей эмес. Себеби бирөө реформатор, бирөө консерватор болчу. Биздин элде мурунтан эле консерваторлорду жаман деп көнүп калганбыз да. Чынында консерваторлор жакшы шарттарды түзүп койду. Булар Япония, Англия, Кытайда да бар. Алар реформаны аз-аздан кылууна каалашат. Чынында кээ бир нерселерге кийлигишпеш керек. Азыркы болуп жаткан компроматтардын согушу бизге даары, айрыкча саясатчыларга. Эч качан элдин акысын жеп, акча жасабаш керек деген сөз. Мына азыр Атамбаев менен Текебаевдин экөөнө тең рахмат айтыш керек. Бири-бирин казып элге баардыгын көрсөтүп коюшту. Булар бири-бирин институт катары казып атышат. Текебаев жеке эле Атамбаевдикин эмес президенттин, фракциялардын лидерлеринин мал-мүлкүн карап жатат. Бул жерде баары системалуу болууда. Болбосо адам катары экөө жакшы эле мамиледе. Айрым учурда биздин оппозициячылар майда нерселерге кирип кетип жатышат, чоң бир көйгөйлүү маселелерди карабай.

Үсөн Абдирашит уулу

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: