Menu

Марат Казакпаев, саясый серепчи: “Текебаев жалгыз калышы мүмкүн”

Бөлүшүү:

Саясый кырдаалга анализ жасап, өз оюн ортого салган саясый серепчи Марат Казакпаев менен коалиция маселесинин алкагында баарлаштык.

– Марат мырза, Бабанов башында коалицияга кирүүгө куштар адамдай таасир калтырып, жыйынтыгында  “Республика-Ата Журт” партиясы коалициянын курамына кирбей турганын жар салды. Бабановдун талаптарын КСДП колдобой койдубу же атайылап саясый оюн уюштуруп жатышабы?

– Коалиция түзүүдөгү КСДПнын аракетинен азырынча  майнап чыкпай жатканы КСДП “Республика-Ата Журттун ” талаптарына  макул болбогону деп билсек болот. Менимче  Бабановго министрлик кызматтардын кереги деле жок. Ага “Республика-Ата Журт” партиясынын  экономикалык программасын ишке ашыруу маанилүү. Сыягы, ошол жагынан КСДП менен келишпестик жаралды окшойт. Бирок, жакшылап баам салган кишиге эки партиянын экономикалык программаларында анчалык деле айырма жок. Башкача айтканда, бири бирине окшош. Аны буга чейин Бабанов өзү да айтып жүргөн. Эмнегедир андай болбой калды.

Бабанов да жалпылап сүйлөп, эмне үчүн коалицияга бириге албаганын ачык айткан жок. Анын себебин ачыкка чыгарбаганынан коомчулукта Бабанов интрига жасап, саясый оюн кылып жатабы деп шектенген ойлор жарала баштады. Балким, коалициянын аркасы менен  пиар болууну көздөп, эл алдында  атайын саясый оюн уюштуруп   жатышкандыр деген божомолдор күч алды. Себеби, коалиция тарайт-тарабайт деп турганда Бабанов жакшы маанайдагы сөздөрдү айтып, коалицияга кирүүгө куштар адамдай таасир калтырган. КСДП Бабановдун ошол мамилесине ишенип алып, коалицияны буза качкан. Маселе чечилерде  Бабановдун аркы жээкке өтө качып, оппозиция болгондон качпайбыз дегени жигитчиликке жатпайт. Башкача айтканда туура эмес кадам болуп калды.

– Балким, Бабанов 28 добушу бар фракция экенине таянып талапты катуу коюп жаткандыр?

– Андай да болушу мүмкүн. Негизи Бабанов жогоруда айткандай бул маселеде келише албадык. Бул жерден  оюбуз ортодон чыккан жок деп ачык айтса болмок. КСДП сүйлөшүү жүргүзгөнү менен  Бабанов башка нерсени көздөп, коалицияга кирүүдөн баш тарткан окшойт. Кыскасы, маселе КСДПда эмес, Бабановдо. Анткени, КСДП алар менен биригип, коалиция түзүүгө макул болгон. Бабанов каршы болуп койду.

– Текебаев “конституцияны өзгөртүүдө Келдибековду кетирген ыкма колдонулуп жатат. Иса Өмүркуловдун президенттин демилгесин колдогондор коалицияга кирет деп ачык айтып жатат” деп  сындап чыкты го?

– Иса Өмүркулов туура эле кылган.  Ал  принципиалдуу маселе көтөргөн. Президент КСДПга коалиция түз деп мандат берди. Идеология жагынан КСДПнын лидери ким колдосо, ошол фракция менен коалиция түзүү аракети башталаарын ачык айтты. Бул жерден саясаты жок карасак, референдум өткөрүү мыйзамын ким колдосо, КСДП ошолор менен коалиция түзүү аракетин баштайт. Башкача айтканда, алар ким каршы, ким макул экенин ушул маселенин алкагында билип алып, мындан аркы кадамды ошого жараша таштайлы деп жатат.

– Коалиция кайсыл партиялардын ортосунда түзүлүшү мүмкүн?

– Менимче “Кыргызстан”, “Бир Бол” партиясынын ортосунда түзүлөт. Бирок, оппозиция коалициядан дагы күчтүү болуп кетет го деген ойдомун.

– Текебаев менен Бабанов оппозицияда калып, бир максатта иш алып барышат деп ойлойсузбу? Булар  бири-бирин кыртышы  сүйбөгөн саясатчылар го?

-Негизи Текебаевге оппозиция болгон кеп деле эмес. Оппозициянын ажарын ачат. Бирок, ал Бабанов менен бирге иш алып барбайт. Экөө тең парламенттеги оппозиция болгону менен өз өзүнчө иш алып барышат. Анткени, булар саясый оппоненттер болгондуктан, кызыкчылыктары башка, конфликттери бар адамдар. Негизи идеология жагынан “Ата Мекен” менен эч ким бирикпейт.  Бирок, бүгүн Текебаевдин да абалы суктанарлык эмес. Анткени,  “Ата Мекендин” курамынан канча жыл мүчө болгон, Текебаевдин ишенимдүү адамына айланган Дүйшөн Чотонов, Шайдулла Нишановдор кетип жатат. Башкача айтканда, президенттин саясатына Текебаев эле каршы чыгып, башка “атамекенчилер” тымызын  колдоп жатышат. Менин прогнозумда Текебаевди “Ата Мекенде” жалгыз калтырат же аны партиясын таштап кетүүгө аргасыз  кылышат. Ошон үчүн анын санаалаштарын башкача айтканда, “атамекенчилерди” акырындык менен тартып алып жатышат.

– Жаңы түзүлөт деген коалиция түзүлүп калса, ал коалициянын өмүрү кыска болуп калышы мүмкүнбү?

– Мүмкүн. Анткени, коалициянын тагдыры анын иштегенине жана саясый кырдаалга байланыштуу болот. Күчтүү партиялардын оппозицияда калганы дагы коалициянын стабилдүү иштешине тоскоолдук жаратат. Эгер “Республика-Ата Журт” партиясы коалицияга киргенде көп добушка ээ болушуп, коалиция стабилдүү болмок. Азыркы коалиция түзүлгөндөн да тарап кетиши бат болот.

– КСДП коалиция курай албай калса, коалиция куроо мандатын президент кимге бериши мүмкүн?

– Менин оюмча, “Кыргызстан” партиясына берет. Бирок, Батырбеков ал ишенимди канчалык деңгээлде аткарат аны убакыт көрсөтөт.

– Канат Исаевдин фракция лидерликтен кеткени коалицияга да терс таасирин тийгизип койбойбу?

– Исаевдин фракция лидерликтен кеткени, конституцияны демилгечи болгондордун бири болсо да, “Конституцияны кантип өзгөртүп жатышкандыгын көрүп, бүгүн колдоодон баш тартам” деген пикирлери коалиция куроого таасирин тийгизе албайт. Негизи лидерлердин пикири тез-тез алмашып турганы туура эмес. Себеби, бүгүн башканы айтып, эртең башканы сүйлөгөнү элдин ага болгон ишенимин жоготот. Кыскасы, Канат Исаевдин Конституцияны өзгөртүүгө каршы болгон пикири ага абийир деле алып келбейт

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: