Menu

Депутаттардын сынагына сынбайсыңбы? – Экзаменден эки алган Исраилов

Бөлүшүү:

ИИМге жаңыдан министр болуп бекиген Улан Исраиловду тердетип-кургатып эл өкүлдөрү сынактан өткөрүштү. Берилген суроолорго түзүктөп жооп айта албаган министрликке талапкер сөзгө чоркок экенин көрсөттү. Чу дегенде эле Чиркешович суроолорун үстөккө-босток берди.

— Улан Жумабекович, Кыргызстанда административдик ведомство деген түшүнүк бар, бизде канча түрү бар ошонун? — деп сурады.

Улан унчукпады.

Текебаевдин кийинки суроосу:

— Өкмөттүн канча мүчөсү бар?

— Талапкер тараптан үн чыкпады.

— Өкмөттө канча министрлик бар?

— Улан унчукпай кутулайын деди окшойт, ооз ачпады.

Сынак алыш үчүн кийинки өнүгүүчү мугалим Зиядин Жамалдинов:

— Кыргызстанда канча РОВД жана ГОВД бар? — деп сурады.

Улан унчукпайт го деп атты эле, бул суроого жооп узатты. Бишкек шаарында канча РОВД бар экенин билет экен.

— Шаарда 4 РОВД бар деп үн катты.

Экзамен алган мугалим алдында олтурганды бурчка такайт да. Жамалдинов да тим болбостон:

— Кыргызстанда канча РОВД жана ГОВД бар деп сурап жатам? — деп туруп албадыбы.

Мент деген шар жооп бергенден алыс немелер болот да. Жаңы министр да:

— Мен тактап, анан айтайынчы деди.

“Балашка” каймана атка конгон мугалим Жанар да тим олтурбады. Эскилерге эзгилегенден көрө жаңысына жармашып көрөйүн деди окшойт. Ал дагы Улан Исраиловго суроо узатты.

— Сиз кандай кылып реформаны баштайын деп жатасыз? — деди. Реформа деген сөз депутаттардын төл сөзүнө айлангандай эле болду. Баары реформа дегенди айткысы келет.

Кызыл шапкечендер адабий сөздөн көрө өздөрүнө түшүнүктүү болгон жанагы жаргон аралашкан тилде сүйлөшөт эмеспи. Исраилов дагы “Балашканын” суроосуна

— Ой-максат милициянын аброюн көтөрүү, элдин ишенимин жогорулатуу, жанагы айтылган реформаны азыркы күндөгү заманга жараша кылыш керек деп ойлойм да, негизичи – деп жооп бергенге жарады.

Ушундай суроолорду узаткан эл өкүлдөрүнүн деңгээлине түкүргүң келсе, үн катууга жарай албаган министрди көрүп олтуруп “Жыргаган” экенбиз дегенден башка арга жок. Түштүктө “амалды кор кылба” деген жакшы сөз бар. Кор болуп жаткан кайран амал.

Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: