Menu

Табылды Акеров, саясат таанучу:​​​​​​​ “Юрист депутаттар гана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамын окуп, кол койбой коюшкан. Маселенин баары ушул жерде…”

Бөлүшүү:

Ушул норма өлкөнүн 80% түзгөн мусулмандарга каршы киргизилген. Бул норма мусулмандарды башка динге өтүүсүн бүгүнкүдөн да күчөтөт. Түндүк-түштүк маселесин курчутат. Бул норма боюнча ар кандай шылтоолор менен М.Мырзакматовду, С.Жапаровду, Н.Сулаймановду ж. б. бир топ саясатчыларды издөөгө берип, анан жарандыктан ажыратып койсо болот.

– Конституцияны 3 окууда депутаттар 86 добуш менен кабыл алды. Башта жалпы колдоого ээ болуп жатты эле. Демек, депутаттарда бийликтин басымынан эптеп кутулуу үчүн колдоп берип койду десек болобу? Эмнеге добуштар баштагыдан аз болуп калды?

– Депутат Чолпон Жакупова айтпадыбы, “Конституцияны демилгелеп алдыңар, бирок, аны бир окудуңарбы?”- деп. Азыркы ЖКнын курамынын тажрыйбасы жок, биринчи жолу депутат болуп келгендер көпчүлүктү түзөт. Булардын көбү мыйзам жаза албайт. Бул чакырылыш атайы ушундай негизде чогултулган. Буларды пайдаланып, Конституцияга өзгөртүү киргизүү каралган. Ошого президенттин аппараты буларды чакырып демилгечи болгуң  келсе, кол кой, тарыхта каласың  деп, алдап, коркутуп, баарын кол койдуруп алышкан. Юрист депутаттар гана окуп, кол койбой коюшкан. Кийин юрист депутаттар Конституцияга киргизилген өзгөрүүлөрдүн кемчиликтерин жана аны кабыл алуу мыйзамсыз жүрүп жатканын ачык айтып чыкканда, депутаттар ойлонуп, көпчүлүгү колдоодон баш тарта башташты. Бийлик коркутуп, зомбулукка алып, кайтарып отуруп, 3 окууда эптеп 85 добуш бергизип алды. Ошентип, Жогорку Кеңеш бийликтин кысымына чыдабай, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорун 3 ирет окуудан өткөрүп, президент Атамбаевге кол коюуга жөнөттү. Бирок, талаш уланууда.  Текебаев ЖКнын отурумунда 11 -декабрда референдум өткөрүүнүн өзү антиконституциялык болуп жатат деп билдирди. Себеби, мыйзам боюнча президент референдум жөнүндөгү мыйзамга кол койгондон кийин 1 айдан кийин гана Конституциянын долбоорун талкууга коет. “Президент кечээ эле кол койду, биз болсо, бир ай өтө электе эле 2 окуудан өткөрүп, 3 -окууну карап жатабыз”,- деп, каршылык билдирди. Депутат М.Абдылдаев да Конституцияга өзгөртүүлөр мыйзам бузуу менен өтүп жатканын эскертти. Бул маселеде парламенттин ролу чоң болушу керек экендигин, референдумду өткөрүү маселеси түздөн –түз парламенттин прерогативасы болоорун айтып чыкты. “Буга президенттин эч тиешеси жок”,- деп эскертти генерал депутат. “Өнүгүү” фракциясынын лидери Б.Төрөбаев: “биздин фракция толугу менен конституциялык өзгөрүүлөргө каршы добуш беребиз”- деп билдирди. Депутат А.Салянова “бийлик биринчиден Конституцияга өзгөртүүлөрдү күч менен киргизип жатат, экинчиден, Конституция насыя алган жарандар жөнүндө киргизип жаткан нормалар элдин кызыкчылыгында эмес, тескерисинче банкирлердин кызыкчылыгында болуп жактанын” белгиледи. “Эгерде бул норма кирип калса, анда банктан жарандар насыя алып, аны төлөй албай калса, камалышат, тамдарынан жана башка мүлктөрүнөн айрылышат. “Кумтөр” боюнча кирген нормада да негизги күнөөлүү деп табылган 10 адам жазага тартылбай калат экен. Ошол 10 адам баарына күнөлүү да. Бул туура эмес, Конституция элдин кызыкчылыгына тескери өзгөртүлүп жатат”- деди ал. Бирок, Конституциянын долбоорунда жарандарды жарандыктан ажыратуу нормасы да киргизилген. Бул норма боюнча жарандыктан ажыраган адам көпчүлүк укуктан айрылат. Кыргызстанда жашоого, шайлоо жана шайлануу укугунан айрылат. Ал жада калса өз укугун коргой албайт. Андай адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү 1933-1937- жылдардагы “эл душманы” статусуна теңелип калат. Мектепте окуй албайт, басмырланат ж. б. у. с. Бул норма өлкөнун 80 пайызын түзгөн мусулмандарга каршы киргизилип жатат. Бул норма мусулмандарды башка динге өтүүсүн бүгүнкүдөн да күчөтөт. Бирок, дүйнө жүзү эл аралык терроризм менен күрөшүп жатат. Деги эле бир да өлкө өз Конституцияларына мусулмандардын укугун тебелеген конституциялык нормаларды киргизген жок. Ал эми Кыргызстанда бул норма саясий атаандаштарды жок кылуу үчүн да колдонулушу мүмкүн. Мисалы, Түндүк –Түштүк проблемасына байланыштуу Бакиевдин учурунда бир топ саясатчылар өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бийлик мындай абалда аларды да өлкөгө кайра киргис кылып жарандыктан ажыратып коюшу мүмкүн. Сунушталган Конституция бул нормасы боюнча ар кандай шылтоолор менен М.Мырзакматовду, С.Жапаровду, Н.Сулаймановду ж. б. бир топ саясатчыларды издөөгө берип, анан жарандыктан ажыратып койсо болот. Мына ушуларды эске алганда сунушталып жаткан Конституция чындап эле бийликтеги бир ууч адамдардын, бийликтин, олигарх жана банкирлердин кызыкчылыгын коргогон негизги документ экенин түшүнүүгө болот.

– Жаңы коалицияны эмнеге 3 эле фракциянын негизинде түзүлүп калды, бул да көпкө жашабайт деген пикирлер айтылууда?

– Бул жумада жаңы коалиция куралды. Ага КСДП, “Кыргызстан”, “Бир Бол” фракциялары кирди. Бирок, коалиция түзүлөөрү менен аны туруктуу деп айтуу кыйын деген баа берилди. Себеби, булар баары биригип парламентте 68 добушка ээ. Ошол эле учурда, айрым депутаттар коалицияга кирбейбиз деп ачык билдиришип коюшту. Мисалы, бирболчу М.Абдылдаев, Ч.Жакуповалар. “Кыргызстанда” да К.Исаев өзүнүн эркин позициясы менен белгилүү болуп калды. Мына ошондуктан, айрымдар эмитеден эле коалиция туруктуу эмес, көпкө жашабайт дешсе, айрымдар жакында парламенттин өзү да тарайт деп жар сала башташты. Бирок, КСДПда башка тандоо жок эле. Себеби, мурдагы коалицияны алар «Ата Мекен», “Өнүгүүгө” таарынычтарын билдирип таратышкан. Ал эми, “Республика-Ата Журт”  бул жолу КСДП түзүп жаткан коалицияга кирбейбиз деп ачык билдирип коюшту. Ошого айла жок, коалиция 68 добуш менен 3 фракциянын негизинде түзүлүп калды. Демек, эгер эми коалиция ыдыраса, анда бийлик партиясы б. а. КСДП үчүн жаңы коалиция түзүү мындан бир топ кыйынга тураары анык. Түзүлгөн абал, референдумдан кийин парламент тарайт деген пикирдин жайылышына себепчи болуп жатат десек туура болчудай.

Булак: “Майдан” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: