Бүгүн, 24-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 11-декабрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бийлик добуштарды бурмалоого даярданып жатканын Бишкек шаарынын Октябрь районундагы фактыларды мисалга келтирүү менен баяндап жатканда залда, алдыңкы катарда олтурган КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “бул саясый шоу” деп сүйлөнүп олтурду.
Ага жооп кылып Бакыт Төрөбаев: “Иса Шейшенкулович, бул шоу эмес, бул фактылар! Ал сиздер кечээ, 23-ноябрда өткөргөн комитеттин төрагаларын шайлоо шоу болуп кетти. Ошону шоу деп айтса болот. Шайлоого камданбай эле олтурган Сайдулла Нышановду “сен талапкердигиңди кой, биз колдойбуз, өтөсүң!” деп алдап шайлоого алып чыктыңыз. Анан колдобой койдуңуз! Мына ушул шоу болот. Ушундан кийин Иса Шейшенкулович, сизге ким ишенет?”, – деди Бакыт Төрөбаев.
https://www.youtube.com/watch?v=B8NO8Bjb3-Q
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видеону Ютубга жүктөгөн Санжар Калматай
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ