Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: 200дөн ашык дарыкана талапка жооп бербейт

Бөлүшүү:

«Прогрессивдүү өлкөлөрдөспорт менен дени сак жашоо образынын пайдасына дары-дармектерден баш тартып келишет.  Кыргызстанда болсо бул көрүнүшкө эки анжы мамиле түзүлгөн. Балким элдер дене тарбиясы,  спорт менен машыгуучу жайлардын тартыштыгы дагы мунун башкы себеби», – деп белгиледи Бишкек шардык кеңешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан талапкер Нурдин Абдылдаев.

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы медициналык техника жана дары-дармектер менен камсыз кылуу Департаментинин өткөн жумада тараткан маалыматтарына ылайык, 2016-жылдын 9 айынын ичинде эле 22 миңге жакын фармпродукциянын жаңы аталыштарына сертификат берилген. Мунун ичинде 44 аталыш сертификат албай калган. Ал эми 220дан көп фармобъекттер талапка жооп бербейт деп табылган.

 «Бул Кыргызстанда сатылып жаткан дары-дармектер ден соолукка кооптуу дегенди билдирет. Ал эми стандартка, атайын нормаларга жооп бербеген дарыканалар дал ушундай дары-дармектерди сатыкка чыгарышы мүмкүн. Андыктан, биздин партиянын «Натыйжа көрсөтөбүз!»  платформасынынын алкагында дени сак жашоо образын тандап, дары-дармектин ордуна спорт менен машыгууга үндөп келебиз. Дени сак улут – кубаттуу өлкө!», –  деп айтты Н.Абдылдаев.

 Талапкердин айтуусу боюнча, партия заманбап, ыңгайлуу спорт аянтчаларын ар бир калктуу аймактарда ачууну көздөйт. «Мындай аянтчалар заманбап жабдыктар менен камсыздалып, ар бир жашоочу үчүн кадам санап жеткидей аралыкта жайгашышы керек. БШКнин курамында биз ушул концепцияны көтөрүп чыгабыз», – деп ишендирди  Н.Абдылдаев.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: