Menu

Тапанча. Илим Карыпбеков, КТРКнын башкы директору: “Өпкөмдүн үзүлөөрүн, эл алдында жоопко тартылаарымды белгилеп кетишти”

Бөлүшүү:

– Илим  Майрамбекович,  “Таза Кыргызстан”  партиясы менен  болгон ызы- чуу социалдык баракчаларда каттуу чуу болуп жатат. Өз оозуңуздан уксак?

– Ызы-чууну көтөргөн “Таза Кыргызстан” партиясы. Мыйзам боюнча бардык саясый партияларга убакыт бөлүнүп берилди. Алар жеке кайрылуу жана дебаттар. БШК дебаттардын, жеке кайрылуулардын шарттарын жана кезектерин чүчүкулак аркылуу аныктап берди. Дебатка “Таза Кыргызстан” башка эки партия менен чыгышы керек эле. Дебат болоор күнү “Таза Кыргызстан” партиясынын атынан Калдан Эрназарова, Игорь Итибаев, Аркадий Гладилов, Любовь Ардамина (политкеңештин мүчөлөрү, төрага орун басары, катчылыктын жетекчиси) бир топ болуп келишти. Башка топту жетектеп Марат Иманкулов келди. Эки тарап КТРКнын алдында бири-бирин мыйзамсыз деп күнөөлөп, дебатка биздин топ катышуубуз керек деп талашышты. Түз эфир талашка учурап, жаңжал чыгып токтоп калып, башка партиялардын дагы укугу бузулбасы үчүн эки тарапты тең дебатка киргизбөө чечимин кабыл алдым. Бул боюнча биз БШКга маалымдап, башка күнү убакыт берүүгө даяр экендигибизди билдирдик. Эки күндөн кийин А. Гладилов жетектеген бир топ, М. Иманкулов жетектеген топ дагы “Акипресс” агенттигине пресс-конференция беришип, бири-бирин мыйзамсыз деп айыпташты. КТРКдагы дебаттардын акыркы күнү М. Иманкулов Аймактык шайлоо участкасынан “Таза Кыргызстан” партиясы дебатка катышууга укуктуу экендиги жөнүндө кагаз алып келип, А. Гладилов жана башкалардын бардыгы партиядан четтетилгенин билдирди. Биз каршы болгон жокбуз. Кечинде келип катыша бергиле дедик. Кечинде дебатка М. Иманкулов жетектеген топ келди, ошол эле учурда А. Гладилов тарабын жактаган аял киши келди. Кайра жаңжал башталды. М. Иманкулов бул аял киши расмий четтетилгенин билдирип, провокация кылып аткандыгын айтып киргизбөөнү суранды. Аял киши четтетүү мыйзамсыз болгондугун, сотко берерин, КТРКга “Таза Кыргызстандын” атынан ал чыгышы керектигин, М. Иманкуловду катыштырбоо талабын койду. Бул жолу дагы ички маселелерди чечип алып келишин суранып, түз эфирге киргизбөө чечимин кабыл алдым. Себеби түз эфирге чырдашып аткан партиянын мүчөлөрүн киргизип, дебаттарды үзгүлтүккө учуратуу коркунучу ачык эле.

– Ошол ызы-чуунун видеосун карасак  сизди такыр сүйлөтпөй эле кыйкыра беришиптир. Жада калса  сиздин аброюңузга шек келтирген  сөздөрдү да айтышыптыр.  Бирок аягы жок экен. Аягында эмне болдуңуздар?

– Бул видео “Таза Кыргызстан” тараптан тартылган видео. Бул кичинекей эле бөлүгү. Биз өзүбүз дагы тартып алдык. Жарым сааттан ашыгырак ызы-чуу болду. Ошол убакыттын ичинде деле сөз сүйлөтүшкөн жок. Туура айтасыз, Кадыр-баркка шек келтирчү сөздөрдү дагы айтып атышты. Эми муну саясый кырдаалга кабылган партия мүчөлөрүнүн эмоциясы деп кабыл алдым. Көтөрүмдүү болгонго аракет кылалык. Аягында адатка айланып бара жаткандай эле кийин өпкөмдүн үзүлөөрүн, эл алдында жоопко тартылаарымды белгилеп кетишти.

– Илим эфирди өзү билип, оппозицияны киргизбей жатат деп эле арызданып бүтө албай жатышат. Деги оппозицияга эфир берилип атабы?

– Оппозициянын табияты ушундай эмеспи. Аны кабыл алам. Бирок бүгүнкү күндө КТРКдан мен чыга элекмин деп бир дагы оппозиция мүчөсү айта албайт го. Мен аз чыгып атам деши мүмкүн. Эч кимге тоскоолдук, же кара тизме деген түшүнүк КТРКда жок. Муну жооптуу түрдө айталам. Мисалы, ушул эле учурда Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы жана колдогон топтор дебатка түз эфирде өтүп атат. Ал жерде Марат Иманкуловдон оппозициялык тажрыйбасы үч- төрт эсе көп, позициясы таптакыр келишпеген адамдар чыгып, катуу сын пикирлерин эч тоскоолдуксуз эле жарыялап атышат. Кече күнү кечиндеги эфирде айта кетсек Адиль Турдукулов деген жигит КТРКда мен кара тизмедемин деп түз эфирге чыгып айтып жатат. Ушундай нонсенстер бар.  Кара тизмеде болсо бирдеке кылып киргизбей коёт элем го, айласын таап.

– Дебаттарга негизи партиялар кандай талаптар менен киргизилет. Алдын ала эскертүү берип, саатын айтып, телефон чалып турасыздарбы же  программа боюнча эле келип кирип кетишеби?

-Биринчи БШКда партия мүчөлөрүнө маалымат беришет, канчада, каякта эмне болоорун. Андан кийин программага дагы басылып, ЖМКларда таркатылат. Андан тышкары КТРК ар бир партияга кошумча расмий билдирүү жөнөтөт. Билдирүүнүн ичинде эрежелери так жазылат. Кошумча болоор күнү телефон чалып такташат. Унутуп калыш, билбей калыш мүмкүн эмес.

-Кандай гана адам болбосун жоопкерчилик деген мамиле болуш керек. Дебаттарга жоопкерчиликтүү эле мамиле жасап, сылыктыкты, тактыкты колдонуп жатышабы?

-Адамдар ар кандай болот эмеспи. Аттуу-баштуу адамдар келип катышканы менен кээ биринин айткан сөздөрүнө таң калгандан башка айла жок отуруп калабыз. Кээ бири келип кандай жүрүп, кандай сүйлөштүн өрнөгүн көргөзүп кетишет, ага ыраазы болуп калабыз. Эмнеси болсо дагы КТРК баарына чыдайт. Бул биздин эл алдындагы кызматыбыз.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: