Кечээ, 22-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдуразак Боромбаев кримтөбөл Улан Токтосуновду (“Сакал”) 17 жылга эркинен ажыратты.
Кримтөбөл Улан Токтосунов (“Сакал”) кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (“Коля киргиз”) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Дамирбек Сапарбековду атып өлтүрүү фактысы боюнча камакка алынган эле.
Дамирбек Сапарбеков 2015-жылдын 27-апрелинде болжол менен саат түнкү 11.00.дө Бишкек шаарынын “Жал” кичирайонунда атып өлтүрүлгөн.
Улан Токтосунов менен кошо Зырарбек Алиев 18 жылга жана Дастан Таштанбеков 4 жылга эрктеринен ажыратылды.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ