Ош мамлекеттик юридикалык институтунун жыйындар залында «Жаштар эмне дейт?» аттуу теледебаттын алгачкы тренинги болуп өттү. ОшМЮИнин жаштар комитетинин жана Ош шаардык мэриясынын жаштар комитетинин демилгеси менен уюштурулган теледебатка республикабыздын Түштүк чөлкөмүндөгү жогорку окуу жайлардын студент жаштары катышты. Мында негизинен коомдогу абалга жаштардын көз карашы, ой-пикирлери ортого салынып, кеңири талкууланды.
-Мындай иш-чараны уюштуруунун негизги максаты коомубузду жакшы жагына өзгөртүүгө жаштарды активдүү катышууга багыттоо, – дейт ОшМЮИнин жаштар комитетинин төрагасы Байгазы Мамашов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ